6-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Кыргызстанда 5-марттан тарта жарык маал-маалы менен өчүрүлө баштады. Энергетика министрлиги мындай чара Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу көрүлүп жатканын билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту жокко чыгарды. Атазов бул тууралуу комментарий бере элек. "Супершейшембиде" АКШда Жо Байден менен Дональд Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди.
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу кандай? Өлкөнүн өз элине жетерлик тамак-аш запасы канча? Өкмөт базардагы бааны канчалык көзөмөлдөп, жөнгө салып жатат? Социалдык жактан аярлуу катмарды тамак-аш менен камсыздоо жагы кандай чечилет? "Азаттыктын" студиясында: Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эксперти Уланбек Жапаров.
Апта башында Москва шаарынын Солнцево районундагы курулуштардын биринде ондогон борбор азиялык мигранттар катышкан калайман мушташ чыкты.
Charge fast каржылык компаниясына алданганын айткан ондогон жарандар укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болду.
Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген делген эки адамга өкүм чыгарды.
Кыргызстанда карапайым элдин турмушун жеңилдетип, тазалык ишканасын түзүп, үйүн бала бакчага берип, фитнес борбор ачып, бала бакча курдуруп, жол салдырган айымдар бар. "Азаттык" атайын Ошко сапар тартып, жигердүү айымдардын жетишкендерин тартып келди.
Быйыл эки айда төрт эне төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Расмий маалыматтарга таянсак, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости