Тажикстандын оппозициялык “Группа 24” уюмунун лидери Сухроб Зафардын дайынсыз жоголгону кабарланды. Активисттер Түркияда жашаган Сухроб Зафарга карата коркутуулар болгонун, эки күндөн бери аны менен байланыш үзүлгөнүн кабарлашы. Бул акыркы бир айда Түркияда "Группа 24" мүчөсү жоголгон экинчи окуя.
12-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Алайку өрөөнү - облус борборунан обочолонгон, шарты катаал, жолу татаал аймак. 20 миңдей киши жашаган өрөөн Кытай менен чектешип, деңиз деңгээлинен 2300 бийик турат. “Данисте” бул жолу тоолуктардын турмушун көрсөтөт.
Министрлер кабинетинин токтому менен 2024-жылдын башынан облустук гезиттерди бюджеттен каржылоо токтотулуп, жеке чарбалык эсепке өттү. Каржылык жагдайдан улам үч басылма жабылды.
Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу Саадат Даминова Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форуму, миграция маселелери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости