"Инисин куткарам деп чөгүп кетти". Көлмөдөгү кырсык, өспүрүмдөрдүн бөөдө өлүмү
Ишембиде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушуна жакын жердеги көлмөгө эки бала чөгүп, каза тапты. Жергиликтүү тургундар алар бир туугандар экенин, инисин куткарам деп артынан эжеси дагы түшүп кеткенин айтып беришти. Бул конушта январда беш жаштагы бала көлмө суусуна чөгүп кеткен эле.