Жалал-Абаддагы жатак мектеп жардамга муктаж
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак мектеби жаңы имаратка муктаж. Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир кылым мурда салынган окуу жайдын имаратын кооптуу абалда деп корутунду чыгарган. Ушул тапта ал жерде 36 бала жашап, билим алууда.