"Согушту айыптоо үчүн келдик". Бишкектеги орус шайлоочуларынын акциясы
Орусия президентин шайлоонун алкагында "Путинге каршы чак түш" акциясы Бишкекте да өттү. Орус оппозициясы Путиндин саясатына каршы тарапкерлерин добушканаларга чак түштө, саат 12ге келүүгө чакырышкан.