Өзбекстан беш жылда төрт ГЭСти ишке бергиси келет
Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтүнүн гидроэнергетикалык тармакты 2024-жылга чейин өнүктүрүү концепциясында айтылат. Маалыматка караганда, Өзбекстан алдыдагы беш жылда жалпы кубаттуулугу 30 МВт келген төрт ГЭСтин курулушун аяктоону көздөөдө. Мындан сырткары республикада 16 жаңы кичи ГЭС пайда болуп, учурда иштеп жаткан 21 станция модернизацияланышы керек.
Бул долбоорлордун баарын ишке ашырууга Өзбекстанга 2,6 миллиард доллар керек болот, анын 600 миллион долларын Ташкент насыя алат.
Жаңы ГЭСтердин баары ишке берилип, эскилери оңдолгондо Өзбекстан жылына 2,8 миллиард кВт/саат электр энергиясын көп ала баштайт.
Муну менен “Узбекгидроэнергонун” курамындагы станциялардын саны 57ге, алар өндүрө турган электр энергиясынын жалпы көлөмү 9,3 миллиард кВт/саатка жетет. (UE)