Макмастер: Ак үй Кремлдин шайлоого кийлигишкенинен шек санабайт
Ак үй Кошмо Штаттардагы президенттик шайлого кийлигишүү аракетинин артында Кремл турганынан күмөн санабайт. Бул тууралуу "Америка добушу" радиосу менен болгон маегинде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер билдирди. Макмастер башка да көп өлкөлөрдүн шайлоосуна кийлигишүү үчүн Орусия колдонушу мүмкүн болгон "абдан өнүккөн жаңы стратегияга" каршы туруу зарыл экенин айтты. Кеңешчи Интернет түйүндөрүндө маалыматты бурмалоонын жана үгүттүн эсебинен өркүндөткөн ал система... Читать дальше...