Валентина Шевченко UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде ордун сактап калды
Рейтинг 31-декабрга караган түнү Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 219 турнири жыйынтыкталгандан кийин жарыяланган.
Рейтинг 31-декабрга караган түнү Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 219 турнири жыйынтыкталгандан кийин жарыяланган.
Ислам Каримовдун маалында генералдык наам алып, ички иштер министри болуп турган Адхам Ахмедбаев учурда Өзбекстанда чыккынчылык боюнча айыпталып, үй камагында. Ага Шавкат Мирзиёевдин жана анын жакындарын аңдып, телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшаган деген кине коюлган.
Ислам Каримовдун маалында генералдык наам алып, ички иштер министри болуп турган Адхам Ахмедбаев учурда Өзбекстанда чыккынчылыкка айыпталып, үй камагында. Ал Шавкат Мирзиёевдин жана анын жакындарын аңдып, телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшаган деп айыпталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук милициясы Кажы-Сай шаарчасында жайгашкан Сыйынуу үйүндө чыккан өрттүн себебин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 3-январда түнкү саат 1ге жакын баптисттик багытты карманган жарандардын Сыйынуу үйүндө белгисиз себептерден улам өрт чыкканы тууралуу кабар келип түшкөн. Кырсыктын себеби экспертизанын жыйынтыгы чыкканда белгилүү болот. Каза болгондор жана өрттөн жабыркагандар жок. Читать дальше...
Ал эми адам укуктары боюнча комитеттин жогорку комиссары Зейд ал-Хуссейн Иран бийлигин митингчилердин укугун сактоого үндөдү. Акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы массалык нааразылыктар уланды. Социалдык тармактарда нааразылыктардын улам жаңы тасма-сүрөттөрү пайда болууда. Бийлик болсо митингдер басаңдап баратканын белгилөөдө. Айрым шаарларда ислам ыңкылабынын коргоочу корпусунун күчтөрү жайгаштырылды. Кээ бир аймактарда кагылыштар уланып жатат. Расмий маалыматтар боюнча... Читать дальше...
Эки өлкө ортосунда эл аралык автоунаа каттамын жүргүзүү боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишими 30-декабрдан тарта күчүнө киргенин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги эскертти. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча, бул протоколго 2017-жылдын 6-октябрында Ташкен шаарында кол коюлган. Документ боюнча, тараптар бири-бирине өз аймагы аркылуу автоунаалардын транзит тартибинде эркин жүрүүсүнө кепилдик берет жана Ташкен – Анжиян – Ош – Эркечтам – Кашкар багыты боюнча унаалардын жүрүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Читать дальше...
Биринчи май райондук сотунда жоопкер тараптын жарыш сөзү уланып, айыпталуучуларга акыркы сөз берилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Канатбек Исаевдин жубайы Жамила Исаева "Азаттыкка" билдирди. 25-декабрдагы сот жараянында прокуратура өкүлдөрү жарыш сөз сүйлөп, Канатбек Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну соттон суранышкан. Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевге 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда жемкорлукка аралашкан деген айып менен кылмыш... Читать дальше...
Чемпионат 4-январдан 12-январга чейин эл аралык "Ала-Тоо" университетинде болот. Иш-чараны Кыргызстандагы шахмат федерациясы FOFINGO спорт медиакомпаниясы менен чогуу уюштурууда. Шахмат боюнча балдар чемпионатында 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар күч сынашат. Ошондой эле оюнга мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар катышууга укуктуу. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, бул оюнда эксперттер, кесипкөй жана башка бардык шахмат сүйүүчүлөр өздөрүнүн дараметин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Оюндун аягында жеңүүчүлөр аныкталып... Читать дальше...
Дональд Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган Пол Манафорт прокуратура тарабынан өзүнө тагылып жаткан айыптар АКШ президентин шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнө тиешеси жоктугун белгилеп, шаршембиде атайын прокурор Роберт Мюллерди жана Юстиция министрлигин сотко берди. Атайын прокурор Роберт Мюллер жана ФБРдин тергөө тобу президенттикке талапкер Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын орусиялык өкүлдөрү менен байланышын иликтеп, башкы прокурордун орун басарынан Кремлдин АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнө... Читать дальше...
22-декабрда президент Шавкат Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда өлкө облустарынын ортосунда Жол кайгуул кызматынын бекеттери бар экенин сынга алган. Мамлекет башчы алар жол жүрүү эркиндигин чектеп, соода-экономикалык мамилелерге, ички жана тышкы туризмге терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген. Кийинчерээк өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бабажанов облустардын ортосунда 113 бекет бар экенин билдирген. Президенттин сынынан кийин ИИМде облустар арасында бекеттердин болушунун максаттуулугун иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Читать дальше...
Өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон токтомго ылайык, кенже класстардын окуучулары үчүн ысык тамак берүү жана нан-токоч бышырууну уюштуруу милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Документ боюнча, 1-январдан тарта аталган министрлик Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү мектептерде иштеген ашпозчуларга квалификациялык талаптарды иштеп чыгууга тийиш. Ага ылайык, башталгыч класстардын 100гө чейинки окуучусу бар мектептерде ашпозчу жарым ставка, 50гө чейин окуучу үчүн ... Читать дальше...
Ислам Каримовдун маалында генералдык наам алып, ИИМ министри болуп турган Адхам Ахмедбаев учурда Өзбекстанда чыккынчылыкка айыпталып, үй камагында. Ал Шавкат Мирзиёевдин жана анын жакындарын аңдып, телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшаган деп айыпталган.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости