Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 09.01.2018

Ошто тапанча менен карактоо боюнча шектүүлөр сутка өтпөй кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында дүкөндүн ээсин тапанча менен коркутуп, акчасын жана буюмдарын тоноп кеткен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, окуя 9-январга караган түнү саат 00:30дар чамасында Ош шаарынын Абсамат Масалиев проспектисинде болгон. Медициналык беткап кийген эки жаран “Мир-Замир” азык-түлүк дүкөнүнө кирип, сатуучу аялга тапанча такап, коркутушкан. Экинчиси бычак кармап кирген. Алар дүкөндөн ошол күнкү соодадан түшкөн 6000... Читать дальше...

Томскиде миграция борборуна узун кезек жыйылып, полиция элди кууп таратты

Azattyk.org 

Орусиянын Томск шаарында ОМОН жана улуттук гвардия миграция борборунун жанында кезекте турган адамдарды кууп таркатты. Күбөлөр полиция электрошокер колдонгонун айтып беришти. Орусияда убактылуу жашоого уруксат алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар үч күн мурун эле кезекке тура башташкан. Активисттер 800 кишинин тизмесин түзүп, адамдар күнүгө келип катталып турушкан. Бирок бүгүн миграция борборунун жанына эки миңге чукул киши келген. Адамдын көптүгүнөн тыгылыш пайда болгон. Натыйжада борборго тартип коргоочулар жөнөтүлгөн. Читать дальше...

Пакистанда "Талибанга" жакын диниятчы күрөөгө бошотулду

Azattyk.org 

Пакистан соту талиптерге жакын саналган диниятчы Суфи Мухаммадды күрөөгө бошотту. Пешавар шаарынын жогорку сотунда Мухаммад саламаттыгы күн сайын начарлап жатканын айтып, аны коё берүүнү суранган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Жашы 90го келип калган диниятчы тыюу салынган "Техрик Нифаз-и Шарият" деген топтун лидери, анын кайын атасы болсо Пакистандагы талиптерди жетектейт. 2009-жылдан бери катуу кайтарылган түрмөдө кармалып келген Мухаммад адам өлтүрүү, чыккынчылык жана терроризм үчүн соттолууда. Читать дальше...



Түндүк Корея Пхёнчхандагы Олимпиадага делегациясын жиберет

Azattyk.org 

Түндүк Корея Пхёнчхандагы кышкы Олимпиадага спортчуларын, колдоо тобун жана жогорку аткаминерлердин делегациясын жөнөтөт. Бул тууралуу эки Кореянын чек арасында бүгүн башталган сүйлөшүүдөн кийин белгилүү болду. Пхеньян менен Сеулдун өкүлдөрү эки жылдан бери биринчи жолу бетме-бет жолугушуу өткөрүштү. Буга чейин Түндүк Корея оюндарга көркөм муз тебүү боюнча спортчуларын жөнөтөөрү айтылган. Түштүк Кореянын өкүлү Сеул "эки өлкөнүн делегациялары ачылыш аземинде чогуу өтсүн" деп сунуш кылганын маалымдады. Читать дальше...

АКШ: Орусиянын шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген прокурор Трамп менен маектешет

Azattyk.org 

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер 2016-жылкы президенттик шайлоодо Орусия менен Трамптын штабы ортосундагы ыктымал байланышты изилдеген иштин алкагында президенттен интервью алууну көздөгөнүн Ак үйгө билдирди. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары маселе менен жакындан тааныш адамдарга шилтеме кылып жазышты. Алар кабарлашкандай, Мюллердин тергөө тобу Трамптын адвокаттарына президент менен маектешүү болоорун эскертти. Бирок так күн белгилене элек.  Ак үйдүн өкүлдөрү Мюллердин иликтөөсү соңку этабына жакындады дешет. Читать дальше...

АКШ: шайлоону иликтеген прокурор Трамп менен маектешет

Azattyk.org 

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер 2016-жылкы президенттик шайлоодо Орусия менен Трамптын штабы ортосундагы ыктымал байланышты изилдеген иштин алкагында президенттен интервью алууну көздөгөнүн Ак үйгө билдирди. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары маселе менен жакындан тааныш адамдарга шилтеме кылып жазышты. Алар кабарлашкандай, Мюллердин тергөө тобу Трамптын адвокаттарына президент менен маектешүү болоорун эскертти. Бирок так күн белгилене элек.  Ак үйдүн өкүлдөрү Мюллердин иликтөөсү соңку этабына жакындады дешет. Читать дальше...

Депутаттар өлкө башчыларын калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүү жагы да каралган. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болот. Демилгечилер мыйзамдын максаты кыргыздын улуттук баш кийимин кастарлоо экенин айтып жатышат. Читать дальше...



Сирия анын аймагына Израил ракета атканын билдирди

Azattyk.org 

Сирия армиясынын өкүлү билдиргенине караганда, Израил бүгүн эртең менен Сириянын аймагына учактар менен жердеги ракеталардан сокку урду. Дамасктын маалыматы боюнча, Израилдин учактары Ливандын аба мейкиндигинен Ал-Кутаифа районуна ракета учурган, сириялык аскерлер учактардын бирин атып түшүрдү. "Андан кийин Израил оккупацияланган Голан дөңсөөсүнөн жердеги ракеталардан аткылаган, бирок Сириянын коргоо күчтөрү аларды да атууга үлгүрдү", - деп билдиришти Сирия армиясынын өкүлдөрү. Израилдин куралдуу... Читать дальше...

Ташов: мага дары берип уктатышкан

Azattyk.org 

Интернетте "ичимдик ичип, кабинетинде уктап жатканы" тасмага тартылган Ноокат райондук статистикалык каттоо кызматынын башчысы Расулбек Ташов окуя боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, тасма президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары тарабынан каралоо максатында тартылган. - Мен ал күнү шире ичкем. Ширеге каршылаштарым димидрол кошуп коюшуптур. Бул тасма мени каралоо максатында тартылган. Мен эч кандай ичимдик ичпейм. Жанымдагы милиция кызматкери эмес, карапайым эле адам болчу, - деди Ташов. Читать дальше...

Кадыралиевдин соту 15-январга жылды

Azattyk.org 

Каракчылык боюнча шек саналган Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин соттук иши 15-январга жылды. Буга мамлекеттик айыптоочулардын иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду. Бул тууралуу Кадыралиевден жабыркагандардын адвокаты Азисбек Турдалиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Жогорку сот Кадыралиевдин адвокатынын көзөмөл арызын карамак. - Иш бүгүн Жогорку сотто каралмак. Прокурорлор "иш менен таанышабыз" деп убакыт сурашты. Эмне алар өздөрү козгогон ишти өздөрү билбейби? Читать дальше...

Оштун мэри эттин баасын аныкташ үчүн уй сатып алып, союп көрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мэриянын бөлүм башчылары катышкан жыйында мэр Айтмамат Кадырбаев шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатып, туруктуу баа коюуга тапшырма берди. - Учурда 1 кг уй эти дүң баада 290 сом, чекене баада 330 сомдон сатылып жатат. Бул өтө кымбат. Бул боюнча шаардыктардан көп арыз түшүп жатат. Ошондуктан бир жума ичинде тийиштүү кызматтар эттин баасын эсептеп, туруктуу баа койгула, - деди жыйында Кадырбаев.  Мэр ошондой эле эттин чыныгы баасын аныкташ... Читать дальше...

Парламент комитети Муканбетовдун талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин колдоду. Аны комитетке биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырды. Муканбетов ушул тапта Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектейт. Ал Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө. Эгер парламент Муканбетовдун талапкерлигин жактырса... Читать дальше...

Кыргызстанга алтын куймаларын алып келе жаткан өзбекстандыктар кармалды

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстанга алты алтын куймасын мыйзамсыз алып келе жаткан Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Чек ара кызматына шилтеме берүү менен Өзбекстандын "Vesti.uz" сайты жазып чыкты. Маалыматта аларды өзбек чек арачылары колго түшүргөнү айтылат.  Кармалгандар Өзбекстандын Фергана районунун тургундары Акбаржон Тураев жана Нодиржон Каримовдор экени кабарланды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш милицияга өткөрүлүп берилген. Алтын куймаларынын... Читать дальше...

Депутат Аида Салянова жүрөгү ооруп ооруканага жатты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Салянова жүрөк кемтиги оорусуна байланыштуу Чүй облустук бейтапканасында дарыланат. Бүгүн, 9-январда Салянованын соттук ишин кароо Бишкек шаардык сотунда уланмак. Адвокаттар соттолуучунун саламаттыгына байланыштуу отурумду жылдырууну өтүндү. Бирок судья Ирина Воронцова Салянованын оорусунан күмөн санап, аны түштөн... Читать дальше...

Москвада 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

Azattyk.org 

Москвада кырсыктын кесепетинен эки буту жана жамбашы сынып, ооруканада жаткан кыздан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кабар алып, ага жардам көрсөтүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу элчиликтин өкүлдөрү кабарлашты. Жаркынай Юсупова 1-январь күнү Москва шаарында өзү жашаган үйдөгү терезенин пардасын оңдоп жатып, 5-кабаттан кулап кеткен. Ал ооруканага жаткырылып, операция жасалган. Юсупова жаткан О.М. Филатов атындагы шаардык клиникалык оорукананын дарыгери А.Попов жабырлануучунун абалы өтө оор экенин... Читать дальше...

Назарбаевден кечирим сураган аткаминерлер

Azattyk.org 

Коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо боюнча соттолуп жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев президент Нурсултан Назарбаевден жана элден кечирим сурады. Мурда Казакстанда сотто айыпталган аткаминерлер "элбашыдан" кечирим сурап, эркиндикке чыккан учурлар болгон.

Чукул билдирүү: 11-12-январда ызгаар болот

Azattyk.org 

11-12-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында маал-маалы менен кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 11-12-январда электр зымдарына жана бак-дарактарга суу кар жабышат. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Ошол күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 17-22 метрге чейин жетет. Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -12, Ош, Жалал-Абад, Баткенде -8, Нарында -23 жана бийик тоолуу аймактарда -32 градуска чейин суук болот. Читать дальше...


Музыкальные новости
Кажетта Ахметжанова

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой





Rss.plus
Россия

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России




Надругавшегося над двумя детьми педофила задержали в Москве

"Ъ": следователи СКР предстанут в суде за рекордные взятки

Сожительница замглавы МО Иванова переоформила машины на других владельцев

Юный картингист представит Приамурье на Первенствах Москвы и России




Иран демонстрациялар үчүн АКШ, Израиль жана Сауд Арабияны күнөөлөдү

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф өлкөдөгү демонстрациялар тыштан колдоого алынып жатат деп билдирди. Зариф 8-январдагы маалымат жыйында демонстрациялар АКШ, Израиль, Сауд Арабиянын чалгындоо кызматтары тарабынан уюштурулду деген оюн айтты. Ошондой эле  "бул аракеттердин аркасы жаман болот" деп эскертти. Кошмо Штаттар Ирандын мындай кинесин четке какты. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда агенттиктин элдик толкундоолорго тиешеси жок деп жарыялаган.... Читать дальше...

Иран демонстрациялар үчүн АКШны, Израилди жана Сауд Арабиясын күнөөлөдү

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "өлкөдөгү демонстрациялар тыштан колдоого алынып жатат" деп билдирди. Зариф 8-январдагы маалымат жыйынында "демонстрацияларды АКШнын, Израилдин, Сауд Арабиясынын чалгындоо кызматтары уюштурду" деген оюн айтты. Ал ошондой эле  "бул аракеттердин аркасы жаман болот" деп эскертти. Кошмо Штаттар Ирандын мындай кинесин четке какты. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда "агенттиктин элдик толкундоолорго тиешеси жок" деп жарыялаган. Читать дальше...

Газ менен жүрүүчү автобустар жайдан тартып алып келинет

Azattyk.org 

Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустар жылдын экинчи жарымында алып келинет. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы автобустарды сатып алуу менен абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максат кылынууда. Автобустарды алуу тууралуу меморандумга декабрда орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” , “Эксар” ишканалары, Бишкек мэриясы жана Социалдык фонддун өкүлдөрү кол койгон. Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия "Газпромбанктан" 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 миллиард сом насыя алат. Читать дальше...

Талас: милиция жетекчилери алдамчылыкка айыпталууда

Azattyk.org 

Талас облустук милиция башкармалыгынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу адамдары Кылмыш кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү өзүнө чегерип алуу жана жок кылуу), 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 221 (коммерциялык жана бащка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу), 350 (мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, баракчаларды, документтерди жасоо, даярдоо жана колдонуу) беренелери менен айыпталып жатышат. Читать дальше...

Талас: милиция жетекчилери алдамчылык боюнча айыпталууда

Azattyk.org 

Талас облустук милиция башкармалыгынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу адамдары Кылмыш кодексинин 171 ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана жок кылуу"), 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы"), 350 ("Мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, баракчаларды, документтерди мыйзамсыз жасоо, даярдоо жана колдонуу") беренелери менен айыпталып жатышат. Читать дальше...



Москва

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: в чем отличие химических фильтров от физических


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин анонсировал самый продолжительный городской фестиваль в мире



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт волынщиков в музее П.И. Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

В Нижнем Тагиле прошел десятый благотворительный забег ЕВРАЗа и городской спортивный праздник «Дай пять!»

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве


ATP

Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России