Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 23.01.2018

Текебаевди абактан убактылуу алып чыгуу пландалды

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун Бишкектеги ооруканалардын бирине алып чыгып текшеришет. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мындай чара мекеменин иш планына киргизилди. Сабатарованын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша Текебаевди дарылоо кайсы жакта: абактын ичиндеги же кадимки ооруканада жүргүзүлүшү керектиги тууралуу маселе чечилет: - Жакынкы күндөрү кардиолог менен эндокринолог келип текшерип кетишти. Читать дальше...

Собчак президенттикке талапкер болууга жетиштүү кол чогултту

Azattyk.org 

Орусиялык журналист жана теле алып баруучу Ксения Собчак президенттикке талапкер катары катталууга жетиштүү 100 миң адамдын колун чогултту. Бул тууралуу анын штабы маалымдады. Кол топтоо мындан ары да уланаарын штабдын өкүлү Тимур Валеев билдирди. Анын айтымында, дагы 20-30 миң адамдын колу керек. Анткени чогулган колдордун аныктыгын Борбордук шайлоо комиссиясы текшергенде айрымдары жараксыз болуп калышы мүмкүн.  Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген. Аналитиктердин айтымында, анда... Читать дальше...

Давосто Дүйнөлүк экономикалык форум башталды

Azattyk.org 

Швейцариянын Давос курортунда 23-январда Дүйнөлүк экономикалык форум башталды. Уюштуруучулардын айтымында, төрт күндүк жыйын маалында күн сайын 100дөй жолугушуу жана талкуу өткөрүлөт. 48-ирет өтүп жаткан быйылкы салттуу форум “Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү” деген ураан менен өтүүдө.  Ага 60тан ашык мамлекет башчы келген, арасында АКШнын президенти Доналд Трамп да бар. Жыйынга ошондой эле жүздөгөн алдынкы компаниянын жетекчилери, илим адамдары, жарандык коом өкүлдөрү, эксперттер, дүйнө экономикасын башкарган элита катышат. Читать дальше...



Окуучу кызды жаакка чапкан мугалимдин окуясы териштирилүүдө

Azattyk.org 

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы окуучуга кол көтөргөн мугалим тууралуу видеонун чоо-жайын териштирип жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна башкармалыктын өкүлдөрү кабарлашты. Окуя качан жана кайсы жерде болгону белгисиз.  Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе боюнча шаардык башкармалыкка кайрылуу керек экенин билдирди. Бүгүн Интернеттеги социалдык түйүндөрдө чөнтөк телефонго тартылган кыскача видео тарады. Анда арткы партада отурган окуучу кыз мугалим менен айтышып жатканын... Читать дальше...

№1 тергөө абагын көчүрүүгө каражат табылбай жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги №1 тергөө абагын башка жакка которуу маселеси каражаттын жоктугунан улам чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында маалымат берип жатып Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалай Жапаров билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Бишкектин башкы планына ылайык тергөө абагы жайгашкан тилке аркылуу автожол өтүшү керек экенин, бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу аны башка жакка көчүрүү долбоору ишке ашпай жатканын айтты. Читать дальше...

Өспүрүмдөргө экстремизмдин кесепети тууралуу маалымат берилди

Azattyk.org 

Бишкекте өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө арналган акция өттү. Улуттук филармониянын чоң залында өткөн иш-чараны Ички иштер жана Билим берүү министрликтери чогуу уюштурду. Балдарга лекциялар окулуп, театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановдун билдиргенине караганда, былтыр баш калаада үйүнөн качып кеткендердин саны январь айында 9 өспүрүм болсо, быйыл жыл башынан бери 20га жетти. Читать дальше...

Бурятияда мектепке кол салууга шектүү окуучу камалды

Azattyk.org 

Орусиянын Бурятия Республикасынын баш калаасы Улан-Удэ шаардык соту калаадагы №5 мектепке каршы чабуул боюнча шек саналып жаткан тогузунчу класстын окуучусун камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал 19-мартка чейин тергөө абагында болот. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттигине соттун басма сөз катчысы Александра Поплавская билдирди.  Өспүрүм "эки же андан көп адамдын өмүрүнө кал салууга аракет кылган" деп шек саналууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.  19-январда балта жана күйүүчү май куюлган шише көтөргөн окуучу мектепке кирип барып... Читать дальше...



Лондондо миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

Azattyk.org 

23-январга караган түнү Британиянын баш калаасы Лондондун борборундагы көчөлөрдүн биринде чыккан газдан улам ал жактагы мейманканадан жана түнкү клубдан 1450дөй киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.  Атайын кызматтар саат түнкү экилер чамасында газдын Крейвен Стрит (Craven Street) көчөсүндө, жер алдынан чыгып жатканын аныкташкан.  Лондондун Өрт өчүрүү кызматы кабарлагандай, окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү автоунаа жана жыйырмадай куткаруучу барды. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок. Калаанын... Читать дальше...

Пенс Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди "катастрофа" деп атады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс 22-январда Израил парламентине кайрылуусунда Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимге түзөтүү киргизилбесе, Вашингтон андан чыгууга даяр экенин ишарат кылды. Ушул эле күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Тегеранга каршы санкцияларды күчөтүү маселесин европалык өнөктөштөрү талкуулаганын жана айрым жетишкендиктер бар экенин айтты. Ушул айдын башында АКШнын президенти Доналд Трамп европалык өнөктөштөрү жана Конгресс... Читать дальше...

Британияда Литвиненконун өлүмүнө айыпталгандардын активдери камакка алынды

Azattyk.org 

Британиянын бийлиги Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, Лондондо киши колдуу болгон Александр Литвиненконун өлүмүнө байланыштуу айыпталган эки орусиялыктын активдерин камакка алды. Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтундун активдерин камакка алуу тууралуу буйрук 22-январда чыкты. 21-январда жасаган билдирүүсүндө, Литвиненконун өлүмүнүн себептерин иликтеген комиссиянын башында турган судья Робер Оуэн кылмышка Луговой жана Ковтун барган деген ишеничте экенин айтты. Оэундин айтымында... Читать дальше...

Нарын: карышкыр келтирген зыян 10 млн сомго жетти

Azattyk.org 

Нарын облусунда малга тиш салган карышкыр алып келген зыян 10 млн сомго жетти. Мамлекет ар бир атылган жырткычтын башына алты миң сомдон сыйлык уюштурган. Бирок аңчылар бул каражат оңой менен колго тийбей тургандыгын, убарасы көптүгүнөн эмгектери акталбай жатканын айтышууда.

ӨКМ: Аптанын соңунда суук түшүп, түнкүсүн -30га жетет

Azattyk.org 

Аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, суук түшөт. Синоптиктер бүгүн тараткан маалыматка караганда, 26-январда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15°, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук болот. Читать дальше...

2017-жылы БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн 50дөй өкүлү өлтүрүлгөн

Azattyk.org 

2017-жылы Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн кеминде 56 өкүлү өлтүрүлгөн. Бул 1994-жылдан берки эң чоң көрсөткүч. 22-январда Улуттар Уюму жарыялаган баяндамага ылайык, 2013-жылдан бери 15 бейпилдик орнотуучу миссиясына кирген 135 аскер, полициячы жана уюмдун кызматкери өлтүрүлгөн.  Курмандыктардын көбү Малиде, Түштүк Суданда жана Борбордук Африка республикасында катталган. Баяндамда Улуттар Уюмунун туусу коргонууда эч кандай жардам бербей калганы белгиленген. Курмандыктардын көбөйүшүнөн... Читать дальше...

Баланы кымбат мектепке окутуу майнапсыз

Azattyk.org 

Өткөндө жумушта кесиптештер менен сүйлөшүп отуруп, “баланы кымбат, жеке менчик мектепке акча төлөп окутуу майнапсыз” деп айтсам, баары жабалактап “туура эмес айтып атасың” деп сөзгө ала башташты.

Былтыр Бишкекте үч миңдей бак-дарак кыйылды

Azattyk.org 

Былтыр Бишкек шаарында 3000ге жакын түп бак кыйылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Зеленстрой” ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева билдирди. Анын айтымында, азыр Бишкекте 23 000 түп бак-дарак бар. - Буга чейин жылына 1000ге жетпеген бак кыйылып, ордуна жаңылары отургузулчу. Былтыр 2900 бак кыйылды. Мэрия берген план боюнча былтыр 10 000 көчөт отургузулду. Адистердин айтымында, отургузулган көчөттүн баары эле тамыр жайып кетпейт. Жолдошева белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык... Читать дальше...

"Баткендин күрүчү кыргыз бренди менен сатылса"

Azattyk.org 

Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагында күрүчтүн беш түрү өстүрүлөт. Жергиликтүү эл алган түшүмүн кошуна өлкөлөргө сатуудан башка аргасы жок. Мындан улам айтылуу актурпак күрүчү башка өлкөнүн бренди менен чет жакка экспорттолот. Жергиликтүү деңгээлде күрүчтү кайра иштетүүгө аракет болгон менен натыйжасы көрүнбөйт.

Бразилияда сары безгектен улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатында сары безгектин жайылуусунан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Декабрдан бери 15 киши бул оорудан каза болду. Алардын көбү штаттын баш калаасы Белу Оризонтинин тургундары. Дартка каршы жапырт эмдөө түштүк штаттарда башталды. Рио, Сан-Паулу сыяктуу чоң шаарларда вакцина жетишсиз болууда. Коңшу Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте да миңдеген адамдар Бразилиядагы көчө карнавалына катышууну көздөп, эмдөөдөн өтө албай кезек күтүп жатканын Би-Би-Си маалымдады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Брановицкий

Создание сайта. Создание сайта с нуля. Создание веб сайта.





Rss.plus
Svetlana L

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве




В Москве проходит реконструкция около 100 поликлиник

Диверсантов, планировавших теракт, начали судить в Чите

На Павелецком вокзале Москвы теперь будут пребывать мощи святителя Митрофана Воронежского

Полиция пришла в здание в центре Москвы, где находится офис журнала "Компания"




Төрага Жумабеков: Парламентти таркатууга негиз жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты. Бүгүн журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам боюнча депутаттар өздөрү гана чече аларын белгиледи. Ошол эле учурда спикер жаңы парламентке азыркыдан да мыкты... Читать дальше...

Талас: Депутат Аблабековго карата сот өкүмү күчүндө калтырылды

Azattyk.org 

Талас облустук соту шаардык кеңештин депутаты Памир Аблабековго карата шаар соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна облсоттун басма сөз катчысы Назгүл Кулушева билдирди. Талас шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Памир Аблабековго шаардык сот Кылмыш кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча козголгон иштин негизинде 25 миң сом айыппул салган. Буга макул болбогон депутат адегенде облустук сотко апелляциялык арыз берип, бирок аны кайра кайтарып алган. Читать дальше...

Былтыр үч аял ичкиликтин айынан буулукма болуп каза тапты

Azattyk.org 

Кыргызстанда былтыр үч аял ичкиликтин айынан буулукма (орусчасы “белая горячка”) болуп каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Республикалык наркология борборунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Чынара Кожомуратова билдирди. Анын айтымында, жыл сайын аракечтикке кабылган кыз-келиндердин саны көбөйүүдө. Маселен, 2016-жылы наркологдун каттоосунда турган аялдардын саны 3700 болсо 2017-жылы 3800гө жетти. Республикалык наркология борборунда аялдар үчүн 20дан ашуун орун бөлүнгөн. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар дээрлик бош болбойт. Читать дальше...

Дүйнөдө байлар байып, кедейлер кедерине кетти

Azattyk.org 

Дүйнөдө 2017-жылы жаралган байлыктын ар 5 долларынын 4ү жалпы калктын бир гана пайызын түзгөн "чириген" байлардын капчыгын толтурду. Дүйнө калкынын жарымынан көбү былтыр куржалак калды. "Oxfam" уюму мындай бүтүмүн Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады.

Жээнбеков: Кыргыз-орус фонду насыяны плансыз жана системасыз берүүдө

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекттик жеңилдетилген насыялар аймактарга туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деп сынга алды. Ал Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок берилип жатканына токтолду: - Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, Кепилдик фонду, РСК банк муну эске алышы зарыл, - деди президент. Жээнбеков аталган каржы уюмдарына... Читать дальше...



Москва

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: в чем отличие химических фильтров от физических


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В московской мэрии не планируют запрещать самокатам ездить по тротуарам



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

«Просто не афиширую»: куда пропала Волочкова с театральной сцены




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве

Чья компания сильнее всех?


Людмила Самсонова

Самсонова победила Фернандес и вышла в третий круг турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Список гаджетов на продажу



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России