Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 16.02.2018

Жээнбеков мектептеги трагедияга байланыштуу Трампка көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Флориданын Парклэнд шаарындагы мектептеги ок атуудан адамдар көп адамдар курман болгонуна байланыштуу АКШнын президенти Доналд Трампка көңүл айтты. “Кыргызстандын элинин атынан жана өз атымдан трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез сакайып кетишин каалай турганын билдирип коюуну өтүндү. Читать дальше...

Ала-Арчада аскадан кулаган альпинист изделип жатат

Azattyk.org 

Чүй облусунда жайгашкан Ала-Арча аймагындагы аскадан кулап кеткен альпинист изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 15-февралда болгон. Альпинист чуңкурга түшүп кеткен. Издөө иштери 16-февралда түштө башталды. Кырсыкка кабылган альпинист кайсы мамлекеттин жараны экени тууралуу маалымат жок. (SE)

Маңзатка каршы күрөшкөндөр маңзат менен кармалды

Azattyk.org 

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын Нарын жана Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Ж. жана аталган кызматта мурда иштеп кеткен, милициянын отставкадагы полковниги Т.К. маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарында өткөн операция учурунда 48 жаштагы Т.К. аттуу ардагерге таандык “Лексус” автоунаасынан кара куурай жыттанган кап табылган. Андан алынган сегиз брикет гашиш экени аныкталган. Читать дальше...



Пакистан Сауд Арабияга аскер жөнөтө турган болду

Azattyk.org 

Армиянын жарыясына караганда, Пакистан Сауд Арабияга “аскерлер контингентин” жөнөтүүдө. Пакистан аскерлери бул өлкөгө эки тараптуу коопсуздук кызматташтыктын алкагында “машыгуу жана кеңеш берүү” миссиясы менен жиберилет. Армия билдирүүсүндө белгиленгендей, пакистандык аскерлер Сауд Арабиядан тыш аймакта жайгаштырылбайт. Мындай жарыя Пакистандын армия башчысы Камар Баджва Сауд Арабиянын Исламабаддагы элчиси менен жолуккан соң жарыяланды. Эр - Рияддан Исламабад 2015-жылы Йеменде жаңжал башталгандан... Читать дальше...

«Единая Россия» КСДП менен кызматташарын маалымдады

Azattyk.org 

Орусиянын "Единая Россия" партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) менен кызматташууга кол коюлганын маалымдады. 15-февралда "Единая Россиянын" расмий сайтына чыккан кабарга ылайык, документке партиянын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак жана КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов кол койгон.  Жолугушуу качан, каерде болгону айтылган эмес. Маалыматта Фарид Ниязов КСДП "Единая Россия" менен бүт багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин, "Единая Россия" президенттин тиреги экенин айтканы жазылган. Читать дальше...

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиев Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анын ишендиришинче Жогорку Кеңештин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүү керек” деп шаштырган. Шадиев уурдалган акча үчүн кол койгонуна өкүнөрүн, УКМК суракка чакырса барарын билдирди.

Маданият министрлиги калпакты импорттоого тыюу салууну сунуштады

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанга ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушун көтөрдү. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук угууга чыгарылды.  Министрликтин башкы адиси Атыркүл Сейизованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, бул демилге улуттук каада-салттарды колдоо, улуттук маданиятты көтөрүү жана баалуулуктарды кеңири жайылтуу максатын көздөйт.  Кыргызстанда сатылып жаткан калпактардын айрымдары Кытайда даярдалганы айтылып келет.  Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик... Читать дальше...



Шадиев: Парламентте 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ал Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси болуп турган учурда жоголгон 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген маегинде айтты: - Арсен Закиров Жогорку Кеңеште буга чейин эле иштеп жүргөндүктөн мен ага ишенгем. “Акча буга чейин эле берилип жүргөн, кийин бюджетте акча калбай калат, ошону үчүн эртерээк бөлүп коелу” деп келгенинен акчаны берүү боюнча документке кол коюп бергем. Бул былтыр август айында болгон. Читать дальше...

Саясий туткундарды коргоо комитети президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Саясий туткундарды коргоо комитети абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылды.  16-февралда жарыяланган кайрылууда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүү өтүнүчү келтирилген.  Аталган кайрылууда дээрлик үч жумадан бери абакта ачкачылык кармап отурган Бектур Асанов... Читать дальше...

Аба ырайы: туман каптап, кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңуп, калың кар жаайт. Кар көчкү коркунучу бар. Мындай аба ырайы 18-февралга чейин созулат. 17-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаап, туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

"Манас" аэропортуна учактар коно баштады

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантып, учактарды учуруп жана кондура баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн эртең менен туманга байланыштуу Дубайдан жана Стамбулдан учуп келген учактар Алматы шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгон. Ал эми Москва-Бишкек каттамындагы учак Ош аэропортуна конгон. Оштон Бишкекке келген учак артка кайткан. Буга чейин аба ырайына байланыштуу каттамдар жылдырылганы үчүн Жалал-Абад аэропортунда нааразылык чыккан. 26-январдан Бишкекке учмак болгон рейс... Читать дальше...

"Манас" аэропорту учактарды кабыл ала баштады

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантып, учактарды учуруп жана кабыл ала баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн эртең менен туманга байланыштуу Дубайдан жана Стамбулдан учуп келген учактар Алматы шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгон. Ал эми Москва-Бишкек каттамындагы учак Ош аэропортуна конгон. Оштон Бишкекке келген учак артка кайткан. Буга чейин аба ырайына байланыштуу каттамдар жылдырылганы үчүн Жалал-Абад аэропортунда нааразылык чыккан. 26-январдан Бишкекке учмак болгон рейс... Читать дальше...

Оппозицияга үмүт берген демилге

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жумада чогулган Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. “Азаттыктын” бул жолку “Арай көз чарай” берүүсүндө Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык боло турган сот реформасы, ага байланышкан коррупциялык көйгөйлөрдү чечүү, укуктук база түзүү, сот адилеттигин орнотуу маселелеринин тегерегинде кенен кеп болду.

Экономика министрлиги Новиковго кыргыз тилин окутуудан баш тартты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Экономика министрлиги өз кызматкерлерине жана министр Артем Новиковго кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендерден баш тартты. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды. Министрлик бул кадамын коомчулукта түрдүү реакция жаралганы менен түшүндүрдү. Экономика министрлиги 13-февралда кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендер жарыялаган. Ага ылайык, үч ай ичинде 36 кызматкерге кыргыз тилин үйрөтүүгө 288 миң сом, министр Артем Новиковдун жеке өзүнө сабак берген мугалимге 36 миң сом төлөнөрү жазылган. Читать дальше...

ЖЭБ: депутаттык комиссиянын жыйынынан журналисттерди чыгарып салышты

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссия аталган мекемедеги көчмө жыйынынан иш-чарага барган журналисттерди чыгарып салды. Бул тууралуу ЖЭБге барган "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев билдирди. Анын айтымында, депутаттар журналисттерге жыйын жабык эшик артында өтөрүн айтышкан.  Эл өкүлдөрү жылуулук борборун бүгүн эртең менен текшере баштаган. Депутат Улан Примов баштаган комиссия түштөн кийин Жогорку Кеңеште да жыйын өткөрүп, бул маселени кененирээк талкууламакчы болгон. Читать дальше...

Чек арадагы соода жайлары сүрдүрүлөт

Azattyk.org 

Талас облусундагы Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкен Чоң-Капка чек ара өткөрмө бекетинде соода-сатык жүргүзүлчү 30га жакын жай сүрдүрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын облустагы башкармалыгы билдирип, соода жайлары мыйзамсыз орнотулгандыгы негиз болгондугун кабарлады. Ал эми чек арага чектеш жерде оокат кылгандар мындай чечимге каршы.

Бишкекте кичиавтобус кабылган жол кырсыгынан бир адам жабыркады

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын “Көк-Жар” кичирайонунда жүргүнчү ташыган кичиавтобус жол кырсыгына кабылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Белгилүү болгондой, кырсык Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерге айдоочу тайгак жолдон рулду башкара албай калып, жол четиндеги арыкка оодарылып кеткенин айтып берген. Маршруттук транспорттун эшиги ачылбай калып, жүргүнчүлөр айдоочу тараптагы эшиктен чыгышкан. Окуя боюнча жеринде иликтөө иштери уланууда. Читать дальше...

Бишкекте кайыр сураган келин кыз төрөдү

Azattyk.org 

Бишкектеги жер астындагы өтмөктө кайыр сурап отурган Акмарал аттуу келин 16-февралга караган түнү көз жарды. БУУнун өнүгүү программасында гендердик маселелер боюнча координатор Үмүтай Давлетованын билдиришинче, ымыркайдын салмагы 3,5 килограмм. Эне-бала Чүй облустук төрөт үйүндө.


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Все же ДиКаприо? Тина Синатра не позволила Кевину Спейси сыграть ее отца в кино





Rss.plus
Спартак

Матч "Саратова" со "Спартаком" перенесли из-за шторма




Депутат Мособлдумы Черемисов посетил премию «Меркурон»

Врачи предупредили о распространении «плотоядной болезни». Насколько она опасна

Масштабное спортивное шествие прошло на выставке «Россия» на ВДНХ

На МКАД в Москве загорелся автомобиль




Караколдо бизнес-форум өтүп жатат

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун администрациялык борборунда "Каракол бизнеске жана жашоого ыңгайлуу" аттуу экинчи бизнес-форуму өтүп жатат. Бул жыйында бизнести алып кетүү, өркүндөтүү жолдору талкууланууда.   Мында өлкөнүн ар тарабынан келген ишкердикте мыкты ийгилик жарата алгандар спикерлик кылып, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форумга өлкөнүн бардык аймагынан 300 жакын жеке ишкерлер келген. Жыйынды "Каракол дестинация коомдук бирикмеси" уюштурду. Бул форум биринчи ирет өткөн жылы уюштурулган. Анда бир гана... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек президенттери чек аранын калган бөлүгүн тактоону талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аралардын калган бөлүгүн делимитациялоону тездетүүнү жана анын зарылчылыгын талкуулады. Бул тууралуу эки мамлекет башчы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүдө кеп кылышты. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, алар чек ара маселелери... Читать дальше...

Рахмон өз сыйлыгын негиздеди

Azattyk.org 

Тажик президенти Эмомали Рахмон өзүнүн ысымы менен аталган жаңы мамлекеттик сыйлыкты негиздеди. Бул сыйлык өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө салым кошкондорго да берилет.

Депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБин текшерип жатат

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссия аталган мекемени кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу депутаттар менен кошо жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев билдирди. Депутат Улан Примов баштаган 12 эл өкүлү учурда ЖЭБдин химиялык блогун, андагы жабдуулардын жагдайын көрүп, өткөн айда болгон өндүрүштүк кырсыкка себеп болгон нерселер боюнча маалымат алышууда. Алар түштөн кийин Жогорку Кеңеште да жыйын өткөрүп, бул маселени кененирээк талкуулашары кабарланды. Читать дальше...



Москва

ПРОЕКТ ТРАМВАЙНОЙ ЛИНИИ «СЛАВЯНКА» ПРЕДСТАВЛЕН НА КОНКУРСЕ «ПРОСТРАНСТВО БУДУЩЕГО» НА ВДНХ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о масштабных планах благоустройства на юго-востоке Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

Певица Алена Апина пришла на съемки сериала про группу "Комбинация"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Матч "Саратова" со "Спартаком" перенесли из-за шторма

Блогер Тарасов не смог выехать с тротуара и рассердился на водителя автобуса

"Спартак" и "Оренбург" сыграли вничью в заключительном матче РПЛ


Ролан Гаррос

Стали известны соперницы россиянок в первом круге Открытого чемпионата Франции



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Врачи предупредили о распространении «плотоядной болезни». Насколько она опасна



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России