Шаардык кеңеш "апрелчилер" үчүн мораторийди бузду
Бишкек шаардык кеңеши Шабдан Баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөртүү тууралуу сунушту колдоп, баш калаадагы көчө аттарын алмаштырууга тыюу салган мораторийди өзгөрттү.
Бишкек шаардык кеңеши Шабдан Баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөртүү тууралуу сунушту колдоп, баш калаадагы көчө аттарын алмаштырууга тыюу салган мораторийди өзгөрттү.
Убагында өзгөчө стили, үнү менен жамы журтка атагы чыккан ырчы, обончу Каныкей эмне үчүн көптөн бери сахнага чыкпай калганы, коомдогу кайсыл көрүнүштөн коркорун жана жаңы чыгармасы тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Каныбек Осмоналиев студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирди бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов: - Буга чейин Кыргыз-Орус (Славян) университетинин Медициналык факультетине 27 студентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда негизги айыпталуучу Каныбек Осмоналиев болчу. Бүгүнкү күндө ошол 27 студенттен жалпысынан 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен аныкталды. Тергөө аягына чыгып, андан ары... Читать дальше...
Мелдеште өлкө аймагынан чогулган балдар сегиз, кыздар алты салмак категориясы боюнча күч сынашат
Бүгүнтөн тарта Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады. Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрөт. Бейшембиде Ташкенттен чыгып, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды "Өзбек темир жолу" ишканасы жүргүзөт. Билеттин баасы Бишкектен Ташкентке чейин плацкарттык вагон үчүн 2500 сом, купе вагон үчүн 3378 сом жана люкс вагон үчүн 6432 сом турат. 2016-жылы жай мезгилинде... Читать дальше...
Бүгүн Бишкек шаардык соту мамлекеттик жөлөк пулга байланыштуу жарандык активист жана адвокат Нурбек Токтакуновдун арызын карайт. Активист мыйзам кабыл алып, кайра анын аткарылышын үч айга жылдыруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштоо менен элдин укугу жана мыйзам бузулуп жатканын айтып өкмөттү сотко берген. - Бизде Конституцияда жазылган, бөтөнчө элге тиешелүү чечимди эл менен талкуулаш керек. Бийлик талкуулабайт, эл да ошону талап кылбайт. Окуя бүткөндөн кийин гана көчөгө чыгып, кыйкырып баштайт. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 21-мартта УКМКга сурак берип чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Экс-депутат жана мурдагы министр өзүн камап коюшу ыктымал экенин да жазган. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген мурдагы депутат мындай божомолунун себебин айткан жок. Ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып бергенин белгиледи. Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев үч жыл мурда жабылган өзүнө каршы кылмыш иши кайра ачылганын "Азаттыкка" билдирген. Читать дальше...
Укук коргоо органдары жана маданият мекемелери тарабынан “Музейлер жана Музей фонду жөнүндө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик талкуу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Программа боюнча парламенттик талкуу 27-мартта Жогорку Кеӊештин жыйындар залында өтөт. Ага 140тай тиешелүү мекеме өкүлдөрү катышат. Кыргызстан 2006-жылы Мурастарды коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Ага ылайык... Читать дальше...
Укук коргоо органдары жана маданият мекемелери тарабынан “Музейлер жана Музей фонду жөнүндө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик угуу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Программа боюнча парламенттик угуу 27-мартта Жогорку Кеӊештин жыйындар залында өтөт. Ага 140тай тиешелүү мекеме өкүлдөрү катышат. Кыргызстан 2006-жылы мурастарды коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Ага ылайык... Читать дальше...
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге айыбы угузулду. Тергөөчүлөр экс-президент 2007-жылдагы өзүнүн шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылаган жана Ливиядан жашыруун акча алып турган деп эсептешет. Саркози 21-мартта кармалып, камакка алынып, кайра бошотулган. Француз медиасынын кабарларына караганда, мурдагы президентти антикоррупциялык полициянын офицерлери суракка алып жатат. "Саркози Муаммар Каддафиден шайлоо өнөктүгү үчүн акча алган" деген маалыматтар француз медиасында адегенде... Читать дальше...
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путинди Германиянын нацист лидери менен салыштырды. Ал Путин футбол чемпионатын Адольф Гитлер 1936-жылы Олимпиада оюндарын өлкө имиджин бекемдөө үчүн колдонгондой колдонуп жатат деп эсептейт. Британиянын башкы дипломаты бул тууралуу парламент жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Анда Орусияда өтчү мелдештерге Британиянын катышуусу талкууланган. Жонсон "Путин эл аралык өнөктөштөрдүн пикирлери менен эсептешпей жатат" деп билдирди. Читать дальше...
Кыргызстан менен Мьянманын 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарындагы беттеши бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө, Түштүк Кореянын убакыты боюнча саат 15:00дө башталат. Федерациянын расмий сайтында Түштүк Кореядагы кыргызстандык мекендештерди оюнду көрүүгө чакырган билдирүү жазылып, билеттер бекер берилери маалымдалды. Беттешке 23 футболчудан турган Кыргызстандын командасы машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүшкөн. Читать дальше...
Бишкек шаарына борбордук системадан жылуулук берүү бүгүн, 22-мартта токтотулат. Буга байланыштуу буйрукка калаа башчысы Албек Ибраимов өткөн аптада кол койгон. Эреже боюнча жылуулук беш сутка бою катары менен тыштагы абанын температурасы +8 градустан жогору болуп турса токтойт. Бишкекте ЖЭБ турак үйлөр менен мекемелерге былтыр 17-октябрда жылуулук бере баштаган. Бишкек шаарында жыл ичинде кеминде 150 күн жылуулук берилет. (КЕ)
Бүгүн Бишкектеги «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өзү баскан роботтордун жарышы өтөт. Уюштуруучулардын белгилешинче, иш-чара жаштарды технология жаатындагы долбоорлор жана техника менен достоштуруу максатын көздөйт. Буга чейин студенттер дөңгөлөктүү роботтор менен сынакка катышып келген. Аталган окуу жайда АКШдагы Сан-Диего университетинен келген профессор Курт Шургерстин Робототехника сабагын жогорку деңгээлде даярдашып демонстрациялап жатышат. Буга чейин студенттер айдоочусуз машиналарды... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости