ЖАМК жетекчисинин орун басары алмашты
Мырзабек Адылбеков Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 26-майда билдирди. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.