Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 11.06.2018

Аламүдүн районуна Алтынбек Намазалиев аким болду

Azattyk.org 

Чүйдөгү Аламүдүн районунун акими болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады. Ал буга чейин районду башкарып келген Касымбек Чодуровдун ордун ээледи. 47 жаштагы Намазалиев буга чейин прокуратура тармагында иштеген. Ал Башкы прокуратурада өтө олуттуу иштер боюнча тергөөчү, Жайыл районунун прокурору болуп эмгектенген. (BkA)

Грузия: өкмөткө каршы митинг уюштургандар кармалды

Azattyk.org 

Грузияда өкмөткө каршы митинг кайра жанданып, "өлтүрбө" деген чакырык күчөп баратат. Полиция митингди уюштургандардын бири Звиад Куправаны, катышуучулардан дагы үчөөнү "бейбаштык кылды" деп кармап кетти. Тбилисиде эки окуучунун өлүмү менен бүткөн мушташ боюнча 31-майда сот чечими чыккан. Бирок алардын бирин ким өлтүргөнү белгисиз бойдон калган. Буга күйгөн баланын атасы митинг уюштуруп, аны миңдеген адамдар дароо колдоду. Нааразылар өкмөт башчы жолуккандан кийин ага 10-июнга чейин тиешелүү адамдарды жазалап... Читать дальше...

Ооганстанда талибдердин колунан 20дан ашуун киши мерт болду

Azattyk.org 

11-июнда эртең менен Кундуз провинциясында “Талибандын” жоочулары көзөмөл бекетине кол салганда ооган коопсуздук күчтөрүнүн 15 кызматкери каза тапты. Бул тууралуу провинциянын жетекчилиги маалымдады.  Жергиликтүү кеңештин мүчөсү Аминулла Аяддин аскерлер ооз ачууга отурган маалда чабуул коюлганын билдирди. Анда 10 жоокер жана беш полиция кызматкери өлтүрүлгөн. Ал ортодо Нангархар провинциясынын борборунда да дүйшөмбүнүн таңында кол салуу болуп, жабыр тарткандар канча экени айтыла элек. Чабуул... Читать дальше...



ИИМ: Бурулайдын өлүмүнө шектүү ооруканадан чыга элек

Azattyk.org 

Ала качууга туш болуп, кийин Жайыл райондук милициясынын имаратында өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев ооруканадан чыга элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда ал жаткан палата кайтарууга алынган. Алган жаратына байланыштуу дарыланып чыгары менен камакка алынат. Буга чейин сот аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган. 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай... Читать дальше...

Талмадан азап чеккен Айперинин кубанычы

Azattyk.org 

15 жаштагы Айпери тубаса майып. Талма оорусунан жабыркаган кыздын акыл-эси өспөй калган. Кыргызстанда Айпериге окшогон 71 миңден ашуун акыл оорулуу адам каттоодо турат. Аларды баккан үй- бүлөлөрдүн көбүнүн жашоо-шарты начар. Айрыкча психикалык жактан майып баласын баккан ата-энелердин бирөө сөзсүз иштебейт. Мындай ата-энелерге жана бейтаптарга жардам иретинде 2007-жылдан бери "Менталдык көйгөйү бар жарандарга социалдык жардам" долбоору иштеп, психикалык жактан оорулуу адам жашаган үйдүн шарттарын жакшыртуу ишке ашууда. Читать дальше...

Түштүк кореялык көз догдурлар кыргызстандыктарга акысыз операция жасашты

Azattyk.org 

4-6-июнь күндөрү Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө Түштүк Кореянын "Vision Care" кайрымдуулук фонду жакыр топторго багытталган акция өткөрдү.  Өлкөнүн ар тарабынан келген 529 бейтап акысыз текшерилип, 61 оорулууга көздүн катарактасын алуу боюнча операция жасалды. 100 оорулуунун көзүнө көз айнек тандалды. Операциялардын ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. (BCh)



Испанияда басктар эгемендик үчүн добуш берүү укугун талап кылышты

Azattyk.org 

Жекшембиде Испаниянын курамындагы Басктар өлкөсүнүн миңдеген тургуну өзгөчө акция өткөрүштү. Кол кармашкан кишилердин 202 чакырымга жеткен чынжыры пайда болду. Алар Испаниядан бөлүнүш үчүн референдум өткөрүүгө укук берүү талабы менен чыгышкан. "Биз демократияны, саясий, жарандык жана негизги укуктарыбызды коргош үчүн чыктык" - деди уюштуруучулардын бири. Басктар өлкөсү - Испаниянын түндүгүндөгү автономия. Өз алдынча маданияты, тили бар. Жергиликтүүлөрдүн көбү эгемендик алууну колдобойт. Бирок басктыктар... Читать дальше...

Экс-мэр Кулматовдун адвокаты шаардык сотко даттанды

Azattyk.org 

Коррупцияга шектүү катары июндун аягына чейин камакка алынган Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча баш калаанын сотуна арыз жазылды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, Кулматовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими туура эмес болгон. Ошондуктан шаардык сотко экс-мэрди үй камагына чыгаруу өтүнүчү жиберилди. Арыз ушул аптанын ичинде каралышы күтүлүүдө. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин... Читать дальше...

Деңизде калган мигранттар кайда барары белгисиз

Azattyk.org 

Италиянын жакында эле кызматка дайындалган ички иштер министри Маттео Сальвини Жер ортолук деңизиндеги 600дөн ашуун мигрантты салган кемени Мальта кабыл албаса, ал орто жолдо калган качкындар үчүн өз өлкөсүндөгү бардык портторду жабарын эскертти. Жер ортолук деңизиндеги куткаруучулар тобу "Aquarius" кемеси деңизде калган 629 мигрантты өз бортуна салганын 9-июнда билдирген. Ашынган оңчулдардан турган «Лига» кыймылынын лидери, министр Сальвини жогорудагы билдирүүнү Италиянын транспорт министри Данило Тонинелли менен бирге жасады. Читать дальше...

Абактагылардын төртөө ачкачылыкты токтотту

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлагандай, №27 абакта ачкачылык кармап отургандардын төртөө тамак жей баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди. - Ачкачылык кармагандар деле биз берген тамактан баш тартканы менен өздөрү ооз бекитип, ооз ачып, эки маал тамак ичип эле жатышат. Абалы жакшы эле. 8-июнда Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялаган. ЖАМКтын кабарына ылайык, алар шартты жакшыртууну талап кылышкан. Читать дальше...

Текебаевдин арызын Башкы прокуратура карап жатат

Azattyk.org 

Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдай катары көрсөтүлгөн учурларды карап жатат. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайкүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ишти прокуратуранын атайын башкармалыгынын тергөөчүсү Алишер Рустамбаев карап жатат. Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо боюнча тапшырма берилгенин жана мыйзамдын негизинде караларын билдирген эле. Читать дальше...

Каржылык мыйзам бузуу боюнча Транспорт министрлиги алдыда

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде отчет берип жаткан Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, министрликтин 2016-жылдагы бюджети текшерилгенде 257 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Бул жалпы каржылык мыйзам бузуунун 20 пайызын түзөт.  Эсеп палатасынын буга чейин билдиргени боюнча каржылык мыйзам бузуунун басымдуу бөлүгү жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашыра көрсөтүү менен байланыштуу. Транспорт жана жолдор министрлиги бул дооматтарды четке кагып, соттошорун эскерткен болчу.

Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

Azattyk.org 

“Кыргыз темир жолу” мекемеси кабарлагандай, Боом капчыгайында 11-июндан 15-июнга чейин атайылап таш кулатылат. Түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 15:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат. Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Ал эми Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. (КЕ)

АКШ менен Түндүк Кореянын саммитине даярдык аяктоодо

Azattyk.org 

АКШ менен Түндүк Кореянын делегациялары 11-июнда Сингапурда өтчү президент Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан саммитке даярдыкты аягына чыгарыш үчүн жолугушат.   Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Кошмо Штаттардын Филиппиндеги элчиси Пхеньяндын делегациясы менен сүйлөшкөн топту жетектээрин билдирди. Трамп менен Ким Сингапурга 10-июнга келишкен. Америкалык жана түндүк кореялык лидерлердин биринчи жолугушуусу шейшембиде Сентоза аралында өтөт.   Эки лидер Пхеньяндын... Читать дальше...

Жапаров: Кытай грантын туура колдонолу

Azattyk.org 

Кыргызстан-Кытай мамилеси, кол коюлган келишимдер жана берилген жардамды натыйжалуу пайдалануу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Марипов: 2016-жылы 300дөн ашык айыл өкмөтү текшерилди

Azattyk.org 

2016-жылы 300дөн ашуун айыл өкмөтү текшерилди. Анда 80 млн. сомдук финансылык тартип бузуу аныкталганын бүгүн Эсеп палатасынын иши жөнүндө Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине отчет берип жатып анын жетекчиси Улукбек Марипов билдирди. Маалыматка караганда, 30дан ашык кылмыш иши козголду. Депутат Сайдулла Нышанов текшерүү, кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин, андай болсо кийин айыл өкмөттө эч ким иштебей каларын билдирди. Эл өкүлү алардын сабатын, сапатын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүүнү сунуш кылды. Читать дальше...

Абдыгулов: “Росинбанкта” мыйзам бузуу буга чейин аныкталган

Azattyk.org 

Улуттук банк “Росинбанктагы” мыйзам бузуу фактыларын 2014-2015-жылдары аныктаган. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында “Росинбанктагы” мыйзам бузууга байланыштуу 6 миллион сом айыппул салынып, жетекчиликти иштен четтетүү талабы коюлган. Абдыгулов бул талаптар аткарылганын кошумчалады. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) “Росинбанкта” мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу боюнча кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт «Битва Клавиров: Бах vs Моцарт»





Rss.plus
Театр

Театр имени Бестужева с размахом отметит свой юбилей




Крупный образовательный комплекс построят на юге Москвы

Дагестан будет привлекать инвестиции с учетом опыта Московской области

«М-Конструктор» на отраслевом событии №1 в России

Психолог Игонина посоветовала отпраздновать последний звонок в семейном кругу




Жалал-Абаддын мэрлигине Мураталы Тагаев шайланды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды. Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында жергиликтүү депутаттар ушундай чечим кабыл алышты. Добуш берүүдө жыйынга катышкан 30 депутаттын 18и Тагаевге, ал эми 11 депутат “Ата Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн Шайырбек Ташиевге добуш берген. Бир депутат “баарына каршы” добуш берген. 40 жаштагы Мураталы Тагаев буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келген. Анын атаандашы Шайырбек Ташиев да шаардык кеңеште депутат. Ал “Ата... Читать дальше...

Молдовановкадагы абакта ачкачылык кармоо улантылууда

Azattyk.org 

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда кармалгандар ачкачылык кармоону улантышууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда 56 соттолуучу тамактан баш тартып жатат. Алардын арасында оозун төөнөп алгандар да бар. Өткөн аптадан бери ачкачылык кармагандар абактын ичинде тамак жасоого, чөнтөк телефон колдонууга уруксат берүүнү талап кылышууда. ЖАМК мындай талаптар соттолуучуларды кармоо талабына туура келбей турганын билдирген.  9-июнда Акыйкатчы... Читать дальше...

ШКУнун саммити экономикага басым жасады

Azattyk.org 

Кытайдын Циндао шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинде декларация менен кошо биргелешкен 20дай документке кол коюлду. Жыйында коопсуздук маселеси менен катар мүчө өлкөлөрдүн экономикасын илгерилетүү маселесине басым жасалды.

Улуттук банктын резервинде 6,9 тонна алтын бар

Azattyk.org 

Улуттук банктын алтын-валюта резервинде 6,9 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алтын резервине Кыргызстандан өндүрүлгөн алтын сатып алынат. Абдыгулов 2015-жылы төрт тоннадан ашык алтын болсо, акыркы эки жылда резервдеги алтындын көлөмү көбөйгөнүн маалымдады. Ошондой эле Абдыгулов банк былтыр каржылык интервенциялардын эсебинен 2 миллиард сом киреше тапканын кошумчалады. Читать дальше...

Финпол 53 миллион сомдук салык жашырган компанияны аныктады

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги компаниялардын бири салык жашырып жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу аталган кызмат кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кызмат салык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында, «А.К.» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун 53 миллион сомдон ашык салыкты жашырып жүргөнү аныкталган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн четтөө» беренеси боюнча иш козголду. Читать дальше...

Кылмыштардын бирдиктүү реестри иштей баштайт

Azattyk.org 

Кылмыштардын бирдиктүү реестри быйыл жылдын этегине чейин ишке кирет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестри жана электрондук китепти иштеп чыгуу боюнча өкмөттө жыйын өтүп, атайын жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул иштерди Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Натыйжада быйылкы жылдын 1-октябрына чейин кылмыштарды каттоого алган электрондук китепти, ал эми 20-декабрга чейин бирдиктүү реестрди ишке киргизүү тапшырмасы берилди. Буга... Читать дальше...



Москва

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Apple Music составил рейтинг 100 лучших музыкальных альбомов всех времён — в топ-10 попали Кендрик Ламар, Nirvana и Майкл Джексон




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!

Эксперт оценила развитие района Филевский парк


WTA

Хромачёва и Сизикова пробились в финал турнира WTA в Рабате в парном разряде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России