2026-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Алардын биргелешкен өтүнүчү Москвада уюштурулган FIFA конгрессинде колдоо тапты. Ири футбол таймашы мурда бир эле учурда үч өлкөдө өткөн эмес. АКШ менен Мексика буга чейин футбол боюнча дүйнө чемпионатын өз-өзүнчө кабыл алган. FIFA 2026-жылкы чемпионатты 23 шаарда өткөрүүнү пландоодо. Мексикада Мехико, Гвадалахара жана Монтеррейде, Канадада Эдмонтон, Торонто жана Монреалда болот. Калган оюндар америкалык стадиондордо өтөт. Читать дальше...