Камактагы Кулматовдун адвокаты Жогорку Сотко арызданды
Коррупцияга шектелип УКМКнын Тергөө абагында камакка алынган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду камакка алуу чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко арыз жолдонду. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин Кулматовду тергөө бүткөнчө камакка алуу чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган эле. Мындай чечимге макул болбогон экс-мэрдин адвокаттары шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот да адвокаттын арызын канааттандырган эмес. Читать дальше...