Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 27.08.2018

Рим папасы бачабаздык үчүн кечирим сурады

Azattyk.org 

Рим папасы Ирландияга болгон сапарында чиркөөдө жыныстык запкы көргөндөрдөн кечирим сурады. Эки жума мурун АКШнын Пенсильвания штатындагы католик динаятчыларынын жоруктарын изилдеп, ачыкка чыгарган Чоң жюринин баяндамасынан бери бул тема - расмий Ватикандын номур биринчи маселеси.

Мэрия: аялдамаларда мыйзамсыз илинген жарнамалар тазаланат

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев шаардагы аялдамаларда, бак-дарактарда, ар кандай түркүктөрдө мыйзамсыз чапталган көрнөктөр менен жарнамалар тазаланып, мындан кийин аны илгендерге чара көрүлөрүн “Азаттыкка” маалымдады:  - Жарнама илүүнүн мыйзамдуу жолу бар. Бирок мыйзамсыз салбыраган жарнамаларды тазалайбыз. Мындан кийин аларды жарнамага берген байланыш телефондору аркылуу таап, чара көрөбүз.   Ошондой эле мэрия шаардыктарды аялдамаларга жана башка коомдук жайларга жарнама кагаздарын чаптабастан... Читать дальше...

Тажикстан: туристтер курман болгон жерде эстелик орнотулат

Azattyk.org 

Тажикстандын Дангара районундагы туристтерге кол салуу болгон Себистон айлында эстелик-велосипед орнотулат. Эстеликти "Рахш Такси" компаниясы жасатууда. Дангара-Дүйшөмбү жолунда каза болгон туристтердин элесине арналган “Тажикстандыктар сиздер менен!” аттуу веломарафон да өтөт. - Эстеликти ачуу менен биз Дангарадагы кол салуунун курмандыктарына урмат көрсөтөбүз. Тажиктер меймандос калк болгонун жана боло берерин, Тажикстан туристтер жана саякатчылар үчүн коопсуз өлкө бойдон каларын айткыбыз келет... Читать дальше...



Намыстуу найзакер, багынбаган башкарма

Azattyk.org 

Моту Жоомарт уулу эки ирет Сибирге сүргүнгө айдалган. Ээрчишип келген эки азаптан аман калып, жашы өйдөлөгөндө үй-жай күтүп, тиричилик кечирген. Кырчын курагында баатыр катары таанылып, Совет бийлигинин убагында алгачкы колхоз уюштуруп, биринчи башкарма болгон. Сталиндик репрессияга бир айылдан 12 адам туш келип, андан жалгыз өзү аман кайткан. Моту Жоомарт уулунун башынан кечирген окуялар кызыктуу, татаал, кайгылуу, оор.

Таласта жол кырсыгынан өспүрүм каза болду

Azattyk.org 

Жекшембиде Таластын Өтмөк ашуусунда жол кырсыгы болуп, андан болжолу 7-8 жаштардагы өспүрүм кыз каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаарындагы облустук оорукананын өкүлдөрү билдиришти. Алардан алынган маалыматка ылайык, авариядан жалпысынан төрт киши жабыр тарткан. Анын бирөөнө амбулаториялык жардам көрсөтүлгөн. Калгандарынын ден соолугу канааттандырарлык болгондуктан, ошол эле күнү ооруканадан чыгарылган. Жол кырсыгы 26-август күнү эртең менеки саат 8-8:30дар чамасында катталган. Кырсыкка... Читать дальше...

Жээнбеков: Алтай цивилизациясы эл аралык достук көпүрөсү боло алат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан эл аралык алтаистика конференциясында сөз сүйлөп, иш-чарага катышып жаткан бардык окумуштууларга ыраазычылык билдирди. - Жылына өтүүчү эл аралык конференция окумуштуулар үчүн Алтай цивилизациясынын маданияттын, тилин, акыркы изилдөөлөрдү талкуулап, пикир алмашууга шарт түзөт. Кыргыздар үчүн Алтай темасынын символикалык мааниси бар. Биздин улуу Манастын Алтайда төрөлгөнү ар бир кыргыздын жүрөгүндө жылуу сезимди чакырат,  – деди президент Жээнбеков. Читать дальше...

УКМК кара байрак тагып алган автоунааларды аныктады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлиги менен кошо ыкчам издөө иштерин өткөрүп, кара желек илип алган үч автоунааны кармаганын кабарлады.   Маалыматка ылайык, автоунаанын кожоюндары “CERBER AVTO CLUB” деп аталган авто борборунун мүчөлөрү болушкан. Алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштери боюнча баратышкан. УКМКнын кызматкерлери аталган айдоочуларга тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдар ассоциация болуучу атрибутикаларды колдонууга жол берилбеши керек экенин түшүндүрүшкөн. Читать дальше...

Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 27-августта баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев маалымдады. Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Аны Жогорку сот күчүндө калтырган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат. Читать дальше...



Баткенде дыйкандын эмгеги "күйүп" жатат

Azattyk.org 

Аймакта айыл чарбасынан өндүрүлгөн азыктардын дээрлик 90 пайызы кайра иштетилбей, чийки бойдон сатылганынан улам кирешеси арбыбай жатат дешет адистер.

Кумтөрдүн келишим шартын кароо кечеңдеди

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароонун мөөнөтүн эки айга, тагыраагы 2-ноябрга чейин узартты.

Темир жолдогу жемкорлукту айтып чыккан кызматкер кысымга кабылганын айтып чыкты

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып жатканы тууралуу видео кайрылуу таратты. - Мамлекеттик органдар эч кандай реакция кылган жок. Тескерисинче, ишкана жана мамлекеттик органдар тарабынан мага эбегейсиз басым болуп жатат. Мен жалгыз бой энемин. Мен коррупция фактысын айтып чыккандан коркон жокмун, - деди Асанбаева.  Буга чейин бир нече поезд коштоочулар мекеменин жетекчилери каттамдарга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышкан. Читать дальше...

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча кайра тендер жарыяланды

Azattyk.org 

Онлайн-аукцион үзгүлтүккө учурагандан кийин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер бешинчи жолу жарыяланды. Бул тууралуу 27-августта “Азаттык” радиосуна Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди. - Болуп өткөн сынакты тендердик комиссия жараксыз деп тапты. Ошол эле комиссиянын курамын бекитип, биз сынакты кайра жарыяладык. Техникалык тапшырмалар, критерий жана башка сынактын документтери ошол эле боюнча калды. Сынак өзү 4-сентябрь күнү өтөт... Читать дальше...

Ооганстанда "Ислам мамлекети" тобунун лидери атылды

Azattyk.org 

Ооган жана чет элдик коалициянын аскерлеринин биргеликте жасалган атайын операциясында “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы лидери Абу Саад Эрхаби атылды. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматтарына таянуу менен “Рейтер” агенттиги жазды. Нангархар провинциясындагы жекшемби күнкү операция учурунда Эрхабиден сырткары “Ислам мамлекетинин” 10 чакты жоочусу дагы өлтүрүлдү. Жоочулардын эки лагери жана бир нече оор куралдары жок кылынды. Жергиликтүү жихадисттик радикалдуу “Амак” (Amaq) маалымат агенттиги бул тууралуу кабар тараткан жок. Читать дальше...

Үч кыргызстандык Оштон Ташкентке чейин чуркоо акциясын баштады

Azattyk.org 

27-августта эртең менен кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди. Катышуучулардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан. Алар бул жолу Ош – Ташкент... Читать дальше...

Үч кыргызстандык Оштон Ташкентке чейин чуркоо акциясын башташты

Azattyk.org 

27-августта эртең менен кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков Ош – Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди. Катышуучулардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан. Алар бул жолу Ош ... Читать дальше...

Өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси болуп экс-депутат шайланды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы алмашты. Жаңы жетекчи болуп экс-депутат Бахтияр Кадыров шайланганын аталган борбордон кабарлашты. Анын орун басары болуп Ош шаардык өзбек маданий борборунун жетекчиси Рашитхан Ходжаев бекитилди. Ходжаев мурдагы кызматын да сактап калды. Жаңы жетекчилик 25-август күнү өзбек улуттук-маданий борборунун республикалык кезектеги курултайында шайланды. Жыйынга уюмдун аймактардагы 200гө чукул мүчөлөрү катышты. Курултайда ошондой эле мурдагы жетекчи Бахтияр Фаттахов отчет берди. Читать дальше...

Ток урган жоокердин экинчи колуна операция кылуу маселеси бүгүн чечилет

Azattyk.org 

27-августта Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, кезмет учурунда токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин сол колун ампутация кылуу маселесин чечишет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бейтапкананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин билдирди. Плаксин жоокердин колунун күйүп калган бөлүгүндөгү жара (гангрена) өйдө жылып баратканын белгиледи. Ал бул жөнүндө жоокердин өзүнө, анын жакындарына да маалымат берилгенин кошумчалады. Читать дальше...

Сот Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 27-августта борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Сергей Слесарев билдирди. Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Аны Жогорку Сот күчүндө калтырган. Бул ирет дал ушул чечимди узартуу маселеси каралат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат. Читать дальше...

Бир аптага жабылган кыргыз-кытай чек арасы ачылды

Azattyk.org 

Дээрлик бир аптадан бери жабык турган кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары 27-августтан тарта кайрадан кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Чек ара Кыргызстандагы Курман айт майрамына байланыштуу Кытай тараптын өтүнүчү менен 22-августтан 26-августка чейин убактылуу жабылган. Курман айт майрамы быйыл Кыргызстанда 21-августта белгиленди. (ErN)



Москва

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Собянин: в Москве стартовали испытания первого в РФ беспилотного трамвая



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Виктор Тепляков

Комиссионный осмотр прошёл в школе №20 им. Гапанца Ивана Владимировича




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!


Людмила Самсонова

Самсонова с «баранкой» разгромила Хаддад-Майю и вышла в полуфинал турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Юлиана Княжевская: на юго-востоке столицы построят дом по реновации



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России