Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 10.12.2018

Ирак ИМ тобун жеңгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат

Azattyk.org 

Ирак өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун жеңилгенинин бир жылдыгын белгилеп жатат.  Өлкөнүн премьер-министри Адел Абдел Махди 10-декабрдагы телекайрылуусунда Ирак бир жыл мурда "Ислам мамлекети" тобун өз аймагынан сүрүп чыгаруу менен "терроризмдин желдеттерине каршы эң чоң жеңишке" жеткенин айтты.  Ал ошондой эле өлкөдө коррупциянын тамырын кыркууга, жер которууга аргасыз болгон жүз миңдеген адамдардын өз үйлөрүнө кайтып барышына көмөк көрсөтүүгө убада берди.  10-декабрь Иракта расмий майрам катары белгиленет. Читать дальше...

Өзбекстанда 20 миңден ашуун киши "кара тизмеден" чыгарылды

Azattyk.org 

Өзбекстанда "диний-экстремисттик уюмдарга катышы бар" деп шек саналган 20 миңден ашуун киши "кара тизмеден" чыгарылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 8-декабрда Ташкенттеги өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынганынын 26 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.  Ал жаңылыштык менен диний-экстремисттик уюмдардын таасирине кабылып, кийин бул аракети үчүн өкүнгөн кишилердин кайрылуусун кароо боюнча республикалык комиссия түзүлгөнүн айтты.  Мирзиёев быйыл 19-сентябрда “Катачылык менен экстремисттик... Читать дальше...



Айыптоочу Бөдөшевди өмүр бою кесүүнү суранды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук иште жарыш сөз болду. Жараянда прокурор айыпкер Марс Бөдөшевге 23 жыл, анын досу Акмат Сейитовго жети жыл сурап, айыпталуучулардын кунөөсү далилденгенин белгиледи. Жабырлануучу тарап Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты. Ал эми айыпталуучулардын жактоочусу далилдерди жетишсиз деп эсептеп, Бөдөшев жана Сейтовго коюлган кинелер боюнча актоону суранды.

Табып Зайналиевге кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Эч кандай медициналык уруксат кагаздары жок болсо да бейтаптарды дарылаган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады.  Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо... Читать дальше...

Армения: Пашиняндын альянсы добуштардын 70,4% алды

Azattyk.org 

Арменияда жекшемби күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун акыркы расмий жыйынтыктарына ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы добуштардын 70,4 пайызын алды.  "Кубаттуу, кубаттуу, кубаттуу эл! Баарыңарды жакшы көрөм, силер менен сыймыктанам, бардыгыңарга таазим кылам. Күчтүү болобуз!", - деп жазды Пашинян жыйынтыктар белгилүү болгондон кийин "Фейсбуктагы" барагына.  Андан мурда Пашинян шайлоочулар парламенттеги "революциялык көпчүлүк" үчүн добуш бергенин айткан. Читать дальше...

ӨКМ кызматкерлери 11 айда 150 адамды куткарды

Azattyk.org 

2018-жылдын 11 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү ар кандай кырсыктардан 150 адамды куткарган. Анын ичинен жол кырсыгынан - 40 адам, экстремалдык абалда –36 адам, көлмөлөрдөн - 11 адам жана өрттөн 63 адамдын өмүрү сакталып, 51 адам жабыркаган. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, андан тышкары куткаруучулар 928 адамга жардам көрсөтүшкөн. Анын ичинен 234 адамга дарыгерге чейинки жардам берип, күтүүсүз жагдайга туш болгон 223 адамга көмөк көрсөтүп, 471 адамдын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен. Читать дальше...



УКМК казакстандык активисттин үй-бүлөсү боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бозгундагы казакстандык активист Жандос Алимкуловдун үй-бүлөсүнүн “Манас” аэропортунан кармалышына байланыштуу түшүндүрмө берди. Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча 6-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматы “Манас” эл аралык аэропортунан “Бишкек-Москва” авиакаттамы аркылуу уча турган Казакстандын жараны Динара Байтасова менен анын жашы жете элек эки кызын кармаган. Ага Байтасованын паспортунда Кыргызстанга кирүүгө уруксат берген белгинин (дата штамп) жоктугу себеп болгон. Читать дальше...

Франциянын президенти элге кайрылат

Azattyk.org 

Француз өкмөтүнө каршы ири жүрүштөрдөн кийин президент Эммануэл Макрон 10-декабрда элге кайрылганы турат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де Елисей сарайынан кайрылуу жасай тургандыгын президенттик администрация кабарлады.  Бул Макрондун өлкөдөгү башаламандык менен коштолуп жаткан ири демонстрациялар боюнча эл алдындагы алгачкы билдирүүсү болот. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Бенжамен Гриво президент Макрон "француздардын жүрөгүнө жолду таба алаарына ишенип турганын" айтты. Бирок ал "сары... Читать дальше...

Европа соту: Британия Брекситти токтотуп коё алат

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин башкы соту "Британия уюмдун башка 27 мүчөсүнүн уруксаты жок эле Брекситтен баш тартса болот" деген тыянакка келди. Люксембургдагы Европа соту бул чечимин 10-декабрда жарыялады. Ага ылайык, расмий Лондон уюмдан чыккысы келбесе, Евробиримдиктин башка мүчөлөрүнүн уруксаты талап кылынбайт. Ал үчүн Британиянын уюмдагы мүчөлүгү боюнча кайсы бир эрежелерди өзгөртүүнүн да зарылчылыгы жок.  Буга чейин ар кыл партияга мүчө болгон британ саясатчыларынын тобу Улуу Британия Брексит жараянын... Читать дальше...

Зилалиевдин байлыгы тууралуу маалымат берилди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин камалышы боюнча түшүндүрмө берди. Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес. 9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10 беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголгон. Читать дальше...

Саудия Түркиянын талабын четке какты

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы расмий Анкаранын журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүүгө тиешеси бар саудиялык жарандарды Түркияга өткөрүп берүү тууралуу талабын четке какты.  Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр 9-декабрда Перс булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин Эр-Рияддагы саммитинде журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, өз өлкөсү Түркиянын талабын аткарбай турганын айтты.  "Биз өз жарандарыбызды экстрадиция кылбайбыз", - деди ал-Жубейр.  Буга чейин түрк президенти... Читать дальше...

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисин чакыртты

Azattyk.org 

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бээжиндеги элчисин чакыртып, ага "Хуавей" компаниясынын финансылык директору Мэн Ванчжоунун Канадада кармалышы боюнча нааразылыгын билдирди. "Xinhua" мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ли Юйчэн 9-декабрда Американын элчиси Терри Бранстед менен жолугушууда Мэн Ванчжоунун кармалышын негизсиз деп мүнөздөп, АКШдан аны кармоо тууралуу ордерди жокко чыгарууну талап кылды.  Андан мурда Кытайдын бийлиги Канаданын Бээжиндеги элчисин да чакыртып... Читать дальше...

Каракол базарындагы өрттүн чыгымы 2 миллион сомду түздү

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарындагы өрттүн материалдык чыгымы 2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаардык башкармалыгы билдирди. Күйүп кеткен беш соода күркөсү төрт кишиге таандык болгон. Анын жалпы аянты 48 чарчы метрди түзөт. Өрткө күркөлөрдүн биринде иштеп жаткан ширеткич себеп болгон.  Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында 7-декабрь күнү кечинде өрт чыккан. Анда сатыкка чыкчу кийим-кечектер болгон. Аталган базар быйыл күзүндө да өрттөнүп, бир нече контейнер күйүп кеткен. Читать дальше...


Музыкальные новости
Элджей

Члены «Русской общины» требуют отменить концерт Элджея в Новосибирске





Rss.plus
#123ru.net

ПРОЕКТ ТРАМВАЙНОЙ ЛИНИИ «СЛАВЯНКА» ПРЕДСТАВЛЕН НА КОНКУРСЕ «ПРОСТРАНСТВО БУДУЩЕГО» НА ВДНХ




Мята и перец чили оказались охлаждающими в летний зной продуктами

Motor.ru: автопарк посольства Ливии в Москве пополнился российским Aurus Senat

Аксёнов: "Если приехавшие в Россию иностранцы не уважают наши законы и наших людей — мы научим уважать"

В Москве суд арестовал предпринимателя за призывы к терроризму




УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинтти. УКМКнын маалыматына ылайык, Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турган учурдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банкта 889 900 доллар сактап келген. Баштапкы тергөөнүн жыйынтыгына караганда Зилалиев банкта сактаган ири суммадагы каражатынын булагын декларацияда көрсөткөн эмес.

Интернеттеги инспектор катышкан видео боюнча иликтөө башталды

Azattyk.org 

Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалык Интернетте тарап жаткан видеодогу инспектордун иш-аракетине байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын маалымдады.  9-декабрь күнү НТС телеканалынын "ТВ-кайгуул" берүүсүндө терезеси караңгылатылган машинеде кыздын жардам сурап кыйкырып жаткан учуру тартылган. Анда Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалыктын кызматкери бул көрүнүшкө эч кандай чара көргөн эмес. Айдоочу инспекторго "инимдин аялы чатак салып жатат" деп айтып кетип калган. Автоунаанын эшиги бир... Читать дальше...

Интернеттеги инспектор катышкан видео боюнча иликтөө башталды (видео)

Azattyk.org 

Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалык Интернетте тарап жаткан видеодогу инспектордун иш-аракетине байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын маалымдады.  9-декабрь күнү НТС телеканалынын "ТВ-кайгуул" берүүсүндө терезеси караңгылатылган машинеде кыздын жардам сурап кыйкырып жаткан учуру тартылган. Анда Жол кыймылын уюштуруу боюнча башкармалыктын кызматкери бул көрүнүшкө эч кандай чара көргөн эмес. Айдоочу инспекторго "инимдин аялы чатак салып жатат" деп айтып кетип калган. Автоунаанын эшиги бир... Читать дальше...

Тиешелүү комитет Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети финансы министринин кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламент депутаты Таабалды Тиллаев билдирди. Маалымат боюнча тиешелүү комитеттин жыйынына ондон ашык депутат катышып, Жээнбаеванын талапкерлигин бир добуштан колдогон. 58 жаштагы Бактыгүл Жээнбаева учурда президенттин кеңешчиси болуп иштейт. Ага чейин Улуттук банк, “Айыл Банк”, Мамлекеттик ипотека компаниясы өңдүү каржы мекемелерин жетектеген. Читать дальше...



Москва

Компактные ирригаторы, электрические щетки и насадки ДиФреш по старым ценам с доставкой в РФ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о масштабных планах благоустройства на юго-востоке Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Джазовый оркестр Бутмана выступит в Китае




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футболист Тарасов показал средний палец водителю автобуса в Москве

«Милан» сыграл вничью с «Салернитаной» в Серии А

Более двух тысяч спортсменов поучаствовало в параде на ВДНХ в Москве


Большой шлем

Dagospia: Синнер и Калинская вместе поужинали в ресторане в Париже



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Собянин: В центре «Профессии будущего» обучают 75 востребованным специальностям



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России