Ак калпактын макамы боюнча долбоор депутаттарда кайчы пикир жаратты (видео)
Жогорку Кеңеште бүгүн «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорунун зарылчылыгын көрбөй турганын айтып чыгышты. Алар элди калпакты мажбурлап кийгизүүгө мүмкүн эмес экенин айтып жатышты. Депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт экономиканы өнүктүргүсү келсе, калпактан башка да аткара турган иштери көп экенин белгиледи: - Эми өкмөт ак калпакты жасап, сатууну көзөмөлдөгөнү жатабы? Кыргызстанда мындан башка маселе жокпу? Читать дальше...