Белгилүү композитор Кудайберген Темиров каза болду
Белгилүү обончу, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Кудайберген Темиров 69 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары жазышты. «Жылкычы кыз», «Ноокаттын сары алтыны», «Саадатым», «Бакытбегим», «Ай бөбөктай» жана башка обондордун автору 1949-жылы 17-октябрда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган. Маалыматка караганда, Темиров кийинки убакта ооруп жүргөн. Маркумдун тажыясы бүгүн, өзү туулуп-өскөн айылда өтөт. (КЕ)