Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 02.05.2019

Хоменко: Уран маселесине чекит коюлбаса митингдер уланат

Azattyk.org 

Уран кенин иштетүүгө каршы онлайн петицияны демилгелеген Каракол шаарындагы журналист Алёна Хоменко жогорку бийлик өкүлдөрү тез арада үн катып, маселеге чекит койбосо митингдер уланарын билдирди. - Митингдин аягында резолюция кабыл алдык. Баары кол коюп беришти. Буга чейин чогулган петицияга кошуп өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ысык-Көл облусунун башчысына жөнөтөбүз. Анан албетте жообун күтөбүз. Эгер үн катышпаса дагы митинг өткөрөбүз, ал жерге көп киши чогултабыз деген ойдомун. Читать дальше...

"Ак-Тилекте" 30дан ашуун жүк ташуучу автоунаа топтолуп турат

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде учурда 30дан ашуун жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок, ал эми казак тарап жаңы эрежелерди киргизген: - Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу. “Ак-Тилек” бекетинен жүк ташуучу автоунаалар кыргыз тараптан эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Чек арачылар тыюу салынган буюмдардын бар-жогун гана текшерүүдө.

Ысык-Ата: мектеп сапаттуу салынса...

Azattyk.org 

Ысык-Атадагы Норус айылында мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 21 млн. сомго салынып жактан мектептин сапатына жергиликтүү тургундар нааразы. Айылдыктар бийликке кайрылып курулушка тыкыр көзөмөл кылууну суранып жатышат. Тендерден утуп алган «Саруу строй» компаниясы дооматтарды четке какты.



3-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

3-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17, Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18, Ошто, Баткенде... Читать дальше...

Санкт-Петербургда мекендештерин уурдоого шектүү катары эки кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

29-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Алар Орусиядагы мигрант мекендештерди уурдап кетип, уруп-сабап, карактаган деп шек саналууда. Алардын бири Кара-Суу районунда туулган, 38 жаштагы А.Ж. Санкт-Петербург шаары менен Ленинград облусунда «смотрящий» болгону айтылат. Экинчиси Алайда туулган 32 жаштагы Э.А. анын жандоочусу болгон.  Шектүүлөр орус-кыргыз күч органдарынын биргелешкен операциясында кармалган. Читать дальше...

Венесуэла: Гуайдо кагылышта эки демонстрант өлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Венесуэланын оппозиция лидери жана парламент спикери Хуан Гуайдо укук коргоо органдары менен болгон кагылышта 27 жаштагы кыз жана 24 жаштагы жигит каза тапканын кабарлады. «Бул токтошу керек. Киши өлтүргүчтөргө өз кылмыштары үчүн жооп бере турган мезгил келет» деп жазды ал «Твиттерге». 1-майда борбор шаар Каракаста нааразылык акциялары өтүп, укук коргоо органдары менен демонстранттар кагылышкан. Маалыматтарга караганда, шейшембиде Каракастын чыгышындагы Франсиско Фахардо көчөсүндө өкмөттүк... Читать дальше...

БУУ пакистандык топтун башчысын эл аралык террорчулардын тизмесине кошту

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Пакистандын аймагында аракеттенген «Жайшуль Мухаммад» тобунун башчысы Масуд Азхарды эл аралык террорчулардын тизмесине кошту. Ушул топ 14-февралда талаштуу Кашмир аймагында индиялык 40 полиция кызматкеринин өмүрүн алган чабуул үчүн жоопкерчилик алган. Индия Пакистанды террорчуларды колдойт жана өз аймагына жашырып келе жатат деп айыптап келет. БУУнун комитети өз чечиминде Кашмирдеги окуяны белгилеген эмес. Бирок Азхар «Жайшуль Мухаммад» тобунун террордук аракеттерин каржылоого... Читать дальше...



Ысык-Көлдө уран кенин чалгындоого төрт лицензия берилгени айтылды

Azattyk.org 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетовдун маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда уран кенин чалгындоого жалпы төрт лицензия берилген. Бул тууралуу ал 2-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди: - Төрт лицензия бар. Алар: Жети-Өгүз районундагы Сары-Сай аянтчасы, Ак-Суу районундагы Сары-Жаз  жана Бүркүт аянтчасы. Анан ушул Кызыл-Омпол. Бүгүн Жогорку Кеңеш Кызыл-Омпол маселесин талкуулап, өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Кыргызстанда... Читать дальше...

Таякеси машинеге байлап сүйрөткөн баланын апасы Орусиядан келди

Azattyk.org 

Бишкекте таякесинен жабыркаганы кабарланган баланын апасы Орусиядан келди. Ал баласы менен ооруканадан жолукканын Балдардын укугун коргоочулар лигасы кабарлап, сүрөтүн таратты. Сүрөттөн апасын мыкчып кучактаган баланын колдорун көрүүгө болот. Жакында Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөн, сабаган окуя катталган. Учурда өспүрүм ооруканада. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда кылмышка шектүү соттун чечими менен камактан тилкат аркылуу бошотулду. Читать дальше...

Ибраимов менен Кулматов дагы эки ай тергөө абагында олтурат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук соту баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аларды эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарды.   Буга чейин мэрлердин адвокаты Сергей Слесарев Ибраимов менен Кулматов тергөө абагында мыйзамсыз отурганын айтып келген. Сот ошондой эле соттук териштирүү мөөнөтүн да эки айга узартууну чечти.  Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган... Читать дальше...

Жумабеков: Матраимовго барбай коюуга себеп жок болчу (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары да, төрагасы да Кара-Сууда өткөн иш-чарага өз каражатына барып келишти жана мында эч кандай мыйзам бузулган жок. Бул тууралуу төрага Дастанбек Жумабеков "Парламент" радиосуна билдирди: - Биз, депутаттар бири-бирибизге сый мамиле көрсөткөндүн негизинде гана барып келдик. Бюджеттен эч кандай каражат кеткен жок. Биринчиден, бул дем алыш күн болчу. Экинчиден, ар бир депутаттын барып-келиши өзүнүн каражатынан болду. Төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок. Читать дальше...

Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясынын эки катышуучусу камалды

Azattyk.org 

1-майдан 2-майга караган түнү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын соту ондогон адамды административдик жоопкерчиликке тартты. Анын ичинде «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деп Алтынбек Орынтай уулу менен Алимжан Избасаров беш суткага камалды. Адвокат Бауржан Азановдун айтымында, административдик жазага тартылгандардын көбүнө «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деген айып коюлган. Сотто прокурор митингчилерди тароого чакырганда алар талапка баш ийбей койгону айтылган. 1-майда Казакстандын Нур-Султан... Читать дальше...

Сахнада да, турмушта да чынчыл эле...

Azattyk.org 

Сатыбалды Далбаевди алгач мектепте окуп жүргөн кезде телевизордон белгилүү драматург Кадырбай Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабаты» спектаклинен көргөн элем.

Бабакулов: мени машине менен сүзүүгө аракет кылышкан

Azattyk.org 

Жарандык активист Аманкул Бабакулов феминисттер менен жыныстык азчылык өкүлдөрүнө чабуул койбогунун айтып, тескерисинче өзүн автоунаа менен сүзүүгө аракет кылышканын «Азаттыкка» билдирди: - Мен феминисттер менен ЛГБТнын чогулушу туурасында «Фейсбуктан» окуп, кызыгып баргам. Бирок мен барганда алар тарап кетишиптир. Кара түстөгү автоунаада кыз менен бала отуруптур. Алар мени сүрөткө тарта баштаганда мен аларга: «Силер кимсиңер, эмнеге тартып жатасыңар?» дегем. Ошол маалда мени сүзүп кетейин дешти. Читать дальше...

АФК кубогу: «Дордой» клубу Тажикстандын чемпиону «Истиклолго» жеңилди

Azattyk.org 

Бишкектин «Дордой» клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун үчүнчү турунда Тажикстандын чемпиону «Истиклолго» жеңилди. Беттеш 1-майда Дүйшөнбү шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, 4:1 эсебинде талаа кожоюндарынын пайдасына аяктады. Биринчи таймда «Дордой» командасынын дарбазасына эки ирет пенальти коюлду. 15-мүнөттө Айбек Сакенов айып аянтчасында «Истиклолдун» оюнчусу Мухаммаджон Рахимовго каршы эреже бузуп, коюлган пенальтини Алишер Жалилов дарбазага таамай киргизди. Экинчи пенальтини дарбазачы Валерий Кашуба алып келди. Читать дальше...

Ысык-Атанын Интернационал айылынын тургундары жол тосуп, бийликке талап коюшту

Azattyk.org 

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылынын тургундары жолду тосуп, жергиликтүү бийликке талап коюшту. Алар айылдын жолунан чоң жүк ташуучу автоунаалар өтүп, жолдун талкаланып калганына нааразылыгын билдиришти. Интернационал айыл өкмөтүнүн депутаты Ильяс Сырдыбаев «Азаттыкка» бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: - Жолдун баары бузулуп жатат. Килтейген 40-70 тонналык «ховолор» өтүп жатат. Бул жактагы эл чыдабай калды. Азыр бардык машинелерди токтотуп, айдоочулар менен кырылышып жатабыз. Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт студии "Гармония"





Rss.plus
Антонина Арталевская

Маленьким пациентам центра трансплантологии рассказали о тех, кто спасает их жизни каждый день




VK запускает стажировку для школьников ко Дню защиты детей

Московский дополнительный офис НБД-Банка отметил 30-летие

Психолог Макаренко объяснила, как эффективно бороться со стрессом

В модельной библиотеке Шатуры прошла встреча в формате выездной администрации




Кыргызстанда уран кенине байланыштуу 18 лицензия берилген

Azattyk.org 

Кыргызстанда уран кенине байланыштуу баш-аягы 18 лицензия берилген. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Анын маалыматына караганда, тогуз лицензия жалаң уранды жана калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилген. Боронов ошону менен бирге эле уранды иштетүүгө бир да лицензия берилбегенин билдирди. Учурда иштеп жаткан өкмөттүн тушунда бир да лицензия берилбегенин кошумчалады. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол... Читать дальше...

Тажик бийлиги Ирактан балдарды алып келди

Azattyk.org 

Тажик бийлиги Ирактан 84 баланы алып келди. Алардын аталары террордук топко кошулуп, согуш талаасында өлгөн же дайынсыз жоголушкан. Ал эми энелери Багдад түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Комитет: Кызыл-Омпол маселесинде инвесторду колдош керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кызыл-Омпол кенине байланыштуу инвестор компанияны колдойт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов билдирди. - Кызыл-Омпол боюнча биздин позиция - негизи инвесторду колдошубуз керек. Бирок эгер мыйзамсыз иш болсо, анда токтотобуз. Кызыл-Омполдогу уранды алып чыгып кетиш керек, - деди Осмонбетов. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Читать дальше...



Москва

ONYX отправляется в Большой тур по России


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин назвал победителей конкурса «Педагоги года Москвы»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вячеслав Бутусов

Маликов – до 75 тысяч, Бутусов – бесплатно: цены на концерты звезд в дни экономического форума в Петербурге




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Волонтеры Президентской академии в Санкт-Петербурге вносят свой вклад в развитие и повышение доступности спорта для граждан

Команда Центрального округа Росгвардии стала призером на чемпионате по пожарно-спасательному спорту в Москве (видео)


ATP

Российский теннисист Сафиуллин опустился на две позиции в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Какое будущее увидит поколение зуммеров?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России