Флорида штатынын мугалимдери мектепке курал-жарак менен барышат
Американын Флорида штатынын парламенттик өкүлдөрү мугалимдерге курал-жарак менен мектепке барууга уруксат беришти.
Американын Флорида штатынын парламенттик өкүлдөрү мугалимдерге курал-жарак менен мектепке барууга уруксат беришти.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени маалым болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМ кабарлады. Эмил Макимбетов - балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген илимий кызматкер. Онкологдордун арасында ал тажрыйбалуу онколог катары белгилүү. Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек... Читать дальше...
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча соңку сот чечими кайра караларын билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Суудагы иш-чарага катышканы тууралуу журналисттердин суроосуна кыскача жооп берди. Ал биринчиден, Райымбек Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго барганын айтып, «экинчиден, ал эс алуу күнү болчу, жеке сапарым» деди. 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түшүп жатат. Белгилүү болгондой, учурда кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошууда. Коомчулукта «Раим миллион»... Читать дальше...
Кыргыз улуттук илимдер академиясы реформага муктаж. Бүгүн, 2-майда парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Руслан Казакбаев ушундай пикирин билдирди: - Академия өзү менен өзү иштеп жатат. Илимпоздор алган айлык 4-5 миң сом. Ал эми жашоого керектүү минимум 4,5 миң сом. Анда илимпоздорду эмнеге кармап отурабыз? Тез арада реформа жүргүзүп, академияны башка форматка өткөрүш керек. Коомдо маанилүү маселе болгондо академия илимди түшүндүрүп качан өзүнүн оюн айтты? Мына, азыр уран маселеси чыгып жатат. Читать дальше...
Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин ченемдерине туура келет деп таанылды. Жаңы макам өлкөгө кандай укуктарды жана жоопкерчиликти берет?
Ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйыны жарым-жартылай бош залда өтүп жатат. «Азаттыктын» кабарчылары залдан тартып жөнөткөн сүрөттөн 20 чакты депутатты гана көрүүгө болот. Бирок таблодо катталгандардын саны 110 экени жазылып турат. Күн тартибине ылайык, ар кандай маселелер талкууланып, депутаттар өкмөт өкүлүнө өз сунуш-пикирлерин айтып жатышат. Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун айтымында, бейшемби күндөрү ар кандай маселелер талкууланып жатканда бул кадыресе көрүнүш, себеби ар... Читать дальше...
Катардын тышкы иштер министри өлкөсү АКШнын Иранга каршы санкциялары узартылбашы керек деп эсептерин айтып, Иранга карата бир тараптуу санкциялар оң таасир алып келбейт деп билдирди.
"Викиликстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанж жети жыл мурда аны күрөөгө бошоткон британ сотунун чечимин бузган деп табылып, бир жылдан ашык убакытка соттолду.
Каракол шаарынын стадионунда бүгүн 2-майда саат 10:00до уран кендерин иштетүүгө каршы митинг башталды. «Азаттыктын» Ысык-Көлдөгү кабарчысы Асеин Маданбековдун айтымында, иш-чарага болжол менен 40тай шаардык активист катышууда. Алар митингди Алыкул Осмоновдун «Ата-Журт» ыры менен башташты. Учурда Караколдогу журналист Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы петиция 30325 кишинин колун топтой алды. Бүгүн кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке келип, уран кенинин айланасындагы маселе боюнча отчет берет. Читать дальше...
Индия өкүлдөрүнүн Иранга каршы мунай санкцияларына нааразычылык билдирүүсү уланууда.
Кыргызстандын журналисттери жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазышты.
Якутия республикасында эл аралык террордук уюмдарга үгүттөөгө шектелип кармалган кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу “РИА новости” басылмасы Орусиянын ФСБ кызматынын аталган республикадагы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен жазды. Билдирүүдө белгиленгендей, 2018-жылы Якутиянын күч кызматтары Амур облусундагы кызматташтары менен чогуу "исламчыл радикал топтун" мүчөсүн кармашкан. Ал өзү Якутияда туруп, социалдык тармактар аркылуу террордук аракеттер үчүн адамдарды тартып жүргөн. Читать дальше...
Венесуэла боюнча Эл аралык байланыш тобу Каракасты сабырдуулукка чакырып, нааразылык акцияларына чыккандарга карата күч колдонбоого үндөдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын билдирүүсүндө айтылат. Анда Европа биримдиги Венесуэлада демократиялык жол менен эркин шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экени айтылат. 30-апрелде Каракаста оппозициянын лидери Хуан Гуайдонун тарапкерлери менен президент Николас Мадуронун коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Нааразылыкка... Читать дальше...
Кадамжайда Транспорт жана жолдор министрлигинин жүк ташуучу автоунаалардын салмагын жана габаритин көзөмөлдөөчү бекетинин инспектору миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Анда айтылгандай, ИИМ Криминалдык кызматынын аймактык башкармалыгына Баткен облусунун аталган районундагы бекеттердин биринде мыйзамсыз акча чогултуу жүрүп жатканы тууралуу даттануу келип түшкөн. Кызматкерлер жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан жөн гана посттон өтүү үчүн каражат сураганы көрсөтүлгөн. Читать дальше...
Баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана алар менен чогуу айыпталган 12 кишинин иши 2-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту маалымдады. 30-апрелдеги жараянда судья Кубанычбек Касымбеков буга чейин күнөөсүн моюнга алып, тергөө менен кызматташа турганын билдирген «Дастан» ишканасынын мурдагы директору Юрий Васильевдин ишин өзүнчө бөлүп кароо жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырган. Муну Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев мыйзамсыз деп баалаган. Читать дальше...
Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда бир катар шаарларда өткөн нааразылык акцияларына байланыштуу расмий билдирүү таратып, Алматыда жана борбор калаада 80 адам кармалганын кабарлады. Анда “уруксатсыз митингдер жана жарандардын жыйындары прокуратуранын эскертүүсүнө карабай өткөнү” белгиленет. Министрликтин билдирүүсүндө акциялардын катышуучуларына “позицияларын жана ойлорун эркин, ачык айтуу мүмкүнчүлүгү берилгенин”, ага карабай айрымдар “өздөрүн агрессивдүү алып жүргөнү” жана “коомдук тартипти бузганы” айтылат. Читать дальше...
2-майдагы жыйынында парламент депутаттары Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жана Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелер жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары бир нече күндөн бери уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда катар-катар митингдер өттү. 22-апрелде кендин иши убактылуу токтотулган. 25-апрелде эл менен жолугушууда... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости