«Huawei» аны «кара тизмеге» киргизүү боюнча АКШнын чечимин сотто талашат
«Huawei» компаниясы аны «кара тизмеге» киргизүү жөнүндө АКШнын чечимине каршы сотко арыз берди. Кытайдын телекоммуникация жабдууларын чыгарган ири корпорациясы чектөөлөр Кошмо Штаттардын Конституциясына каршы келерин билдирди. Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылат. АКШ өкмөтүнө каршы доо арыз Техас штатынын сотуна тапшырылды. Компания жеңилдетилген соттук териштирүү жүргүзүүнү өтүндү. Былтыр президент Доналд Трамп «Huawei» тараптан маалымат коопсуздугуна коркунуч жаралышы ыктымал деген негизде өзгөчө кырдаал жарыялаган. Читать дальше...