Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 29.05.2019

Абылгазиев министрлерди иштен алуу себебин айтып берди

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн төрт мүчөсү эмне себептен кызматтан алынганын түшүндүрдү. Бүгүн 29-майда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал төмөнкүлөргө токтолду: - Экономика министрлигинин негизги иши болгон инвестиция тартуу жаатында бир топ кемчиликтер болду. Айыл чарба министрлигинде экспортту өнүктүрүү боюнча коомчулукта узак убакыттан бери нааразычылыктар болду. Бул министрликте өкмөт бардык шарттарды түзүп берди, бирок натыйжа коом каалагандай болгон жок. Ал эми... Читать дальше...

Финполиция коррупционерлерден 18 млн. сомдон ашык каражат өндүрдү

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 18 948 496 сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганын айткан. Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Читать дальше...

КСДП кылмыш иштерине кыжалат

Azattyk.org 

КСДП коррупция үчүн айыпталган мурдагы премьер-министрлердин жана Бишкектин мурдагы мэрлеринин сот иштери мыйзам бузуу менен өтүп жатканын билдирди.



Кыргызстанда 53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулду

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» ишканасынын директору Нурия Кутнаева өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттө өткөн жыйында билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдын ар бир жетекчиси өлкөнү санариптештирүү боюнча тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышарын айтты. «Түндүк» системасы министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган. Читать дальше...

HRW аялдар укугуна байланыштуу Кыргызстанды сынга алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда ала качуунун курмандыгы болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлгөндүгүнүн бир жылдыгына карата “Human Rights Watch” (HRW) эл аралык укук коргоо уюму баяндама жарыялады.  Уюмдун билдирүүсүндө кыргыз бийлигинин дарегине "аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат" деген сын айтылган. Анда өлкөдө кыз-келиндердин укуктары коргоо, зордук-зомбулуктун, ала качуунун алдын алууга багытталган мыйзамдар кабыл алынганы менен алар толук жүзөгө ашырылбай жатканы белгиленген. Мындан тышкары... Читать дальше...

Михаил Саакашвили Зеленскийге ишеним чоң экенин айтты

Azattyk.org 

Одесса облусунун мурдагы губернатору жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили өзүнө украин жарандыгын кайтарып берген президент Владимир Зеленскийге ишеним артты. Ал  28-майда Украина атуулдугунун калыбына келиши тууралуу "Азаттыктын" украин кызматына комментарий берип, Зеленскийдин чечимин "кайраттуу жана татыктуу президенттин чечкиндүү кадамы" катары сыпаттады:  «Менимче, Зеленский көпчүлүк ойлогондон дагы ийгиликтүү президент болот. Мен буга ишенем", - деди Саакашвили. 28-майда Украинанын жаңы шайланып... Читать дальше...

Жалал-Абаддын мэри катышты деген аудио текшериле баштады

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев аралашты деген интернеттеги аудионун чоо-жайы текшерилип жатат. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Мекеме аудио боюнча тактоо иштери бүткөндөн кийин маалымат берилерин кабарлады. Интернетте 28-майда тараган аудиодо эки киши журналисттерди уят сөздөр менен сөккөнү, алардын шаарда жасалган иштер жакшы чагылдырылбай жатат деп айткандары жазылган. Алар Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев менен Сузак районунун акими Эрмек Омошев болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылган. Читать дальше...



Трамптын кеңешчиси Бириккен Араб Эмирлигине барды

Azattyk.org 

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Бириккен Араб Эмирлигине барды. Ал 28-майда "Твиттерге" Бириккен Араб эмирлигине жеткенин, ал жакта өнөктөштөр менен аймактагы коопсуздукту талкуулай турганын жазды. Тараптардын сүйлөшүүлөрү бүгүн, 29-майда өтөрү күтүлүп жатат. Болтондун сапары АКШ жана анын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнүн Иран менен алакасы чыңалып турган учурга туш келди. Вашингтон, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги Тегеранды майдын башында Перс булуңундагы... Читать дальше...

Парламент бош кызмат орундарына өкмөт көрсөткөн талапкерлерди карайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-майда бош кызмат орундарына өкмөт сунуштаган талапкерлерди карайт. Парламенттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, сессияда өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевди, экономика министри кызматына Санжар Муканбетовду, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине Эркинбек Чодуевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевди дайындоо тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин сунушу талкууланат. Читать дальше...

Казакстанда соттолгондордун жакындары бийликтен жардам сурады

Azattyk.org 

Казакстанда камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловдун жана Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар 28-майда Нарын шаарында басма сөз жыйын өткөрүп, Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эместигин билдиришти. Сот ишти калыс караган жок деп нааразы болушту. "Биздин күчүбүз жетпей жатат. Казак сотуна алардын күнөөсү жок экенин далилдеген фактыларды көрсөтсөк да тааныбай коюшту. Сот бир тарапка тартып... Читать дальше...

Косовонун Сербия жана Орусия менен мамилеси чыңалды

Azattyk.org 

Косово полициясынын операциясы Сербия жана Орусия менен мамиленин чыңалуусуна алып келди. Косовонун армиясы 28-майдын таңынан тартып чөлкөмдөгү сербдер жашаган төрт аймакта атайын операция жүргүздү. Бул кадамдан кийин Сербия бийлиги армия менен полицияны күжүрмөн даярдыкка өткөрдү. Белграддын өнөктөшү Орусия Косовону "провакация жасап жатат" деп айыптады. Косово бийлиги операция уюшкан кылмыштуу топторду бутага алганын, бирок анда БУУнун эки өкүлү, анын бири орусиялык жаран кармалып, кийинчерээк бошотулганын билдирди. Читать дальше...

Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Бүгүндөн тарта Бишкек-Торугарт жолундагы Боом капчыгайы убактылуу жабылат. "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдиргендей, 29-31-майда капчыгайдагы кооптуу аймакта атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.  Ошол себептүү жолдун 131-132-чакырымы саат 9.00дөн 15.00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Топтолгон машинелердин 30-40тан ашып кеткен учурда втоунаалар өткөрүлө турганы кабарланды. Өткөн аптада Боом капчыгайында таш кулап, автоунаага зыян келтирилген.

Казакстанда Евразия экономикалык кеңешинин саммити өтөт

Azattyk.org 

29-майдагы саммит Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөнүнүн беш жылдыгына карата уштурулууда. Анда уюмга кирген өлкөлөрдүн башчылары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди биримдиктин ардактуу жетекчилигине шайлоону талкуулайт. Бул - интеграциялык биримдик түзүү демилгесин Назарбаев көтөргөнү менен байланыштуу. Бир күндүк саммиттин алкагында өлкө лидерлеринин эки тараптуу жолугушуулары да өтөрү күтүлүп жатат. Ага ушу тушта Казакстанда жүргөн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат. Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 2 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: На городском вокзале Зеленоград — Крюково появился еще один переход



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Михаил Кутушов

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В новой Москве соревновались нештатные формирования

Работники Пожарно-спасательного центра показали свою слаженность в боевом развертывании

Сделано в СССР. Первое историческое ралли в Москве стартует 2 июня


Сюзанн Ленглен

Матч Котова и Вавринки перенесли на корт Сюзанн Ленглен



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Адвокатам Навального продлили арест



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России