Абактагы Роналдиньо футбол ойноп торопой утуп алды. Видео
Роналдиньо менен анын командасы 16 килограммдык торопой утуп алышты. Алар каршылаш команданы 11:2 эсебинде жеңишкен.
Роналдиньо менен анын командасы 16 килограммдык торопой утуп алышты. Алар каршылаш команданы 11:2 эсебинде жеңишкен.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (9-15-март).
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жана Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүп жибергендерге каршы рейд уюштурат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Антимонополия агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабиров билдирди. «Базарларда ун саткандар 14-мартта бааны негизсиз көтөрүп жиберишкен. Биз Финансы полициясы менен чогуу рейддерге чыгып, чайкоочулук кылып, бааны мыйзамсыз көтөргөндөргө чара көрүүнү карап жатабыз», - деди Сабиров. Читать дальше...
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 15-мартта билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Ага ылайык, менчигинин түрүнө карабастан орто жана жогорку окуу жайлары 16-марттан 8-апрелге чейин эс алууга тарашат. Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат. Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын ректорлоруна карантин учурунда күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин 14-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Конституциялык сот документти ушул эле күнү чукулунан карай баштады. Бул маалыматты соттон Би-би-синин орус кызматына ырасташты. Конституциялык соттун бүтүмүнөн кийин Баш мыйзамдын жаңы текстти бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылат. Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 11-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырган. Мунун алдында... Читать дальше...
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин телефон аркылуу эки өлкөнүн жарандарын жана товарларды чек арадан өткөрүү тартиби боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушу тапта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Соңку маалымат боюнча, Казакстанда алты кишиден коронавирус табылды. Коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда Казакстан... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости