Бишкекте Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам чыкты
Бишкектин Горький паркында АКШда афроамерикалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду колдогон акцияга бир адам катышты. Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, 10-июнда өзүн Денис Реут деп тааныштырган адам колуна “Бийликтин зомбулугунун чеги жок” деген жазууну кармап, парктагы аянтчага чыкты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзү да Бишкекте күч органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан учур болгонун, милиция мыйзам чегинен чыкпай иштөөсү керектигин айтты. Читать дальше...