Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 30.06.2020

Евробиримдик бир катар өлкөлөргө чек арасын ачат

Azattyk.org 

Евробиримдик 1-июлдан тартып бир катар өлкөлөрдүн жарандарына аймагына кирүүгө уруксат берерин жарыялады. Биримдиктин 27 өлкөсүнөн тышкары Шенген аймагындагы дагы төрт өлкөгө жарандары  саякаттап же бизнес сапар менен бара ала турган өлкөлөр - Алжир, Австралия, Канада, Грузия, Жапония, Черногория, Марокко, Жаңы Зеландия, Руанда, Сербия, Түштүк Корея, Таиланд, Тунис жана Уругвай. Бул өлкөлөр коронавирус менен ийгиликтүү күрөшкөн, салыштырмалуу "коопсуз" деп табылды. Ал эми кытайларга Бээжин европалыктарга... Читать дальше...

Кайчы пикир жараткан кайрылуу

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун пандемия күчөп турган маалда Жогорку Кеңеште элге жасаган кайрылуусу кызуу талкууланууда.

Иранда сынчыл журналист өлүм жазасына кесилди

Azattyk.org 

Иранда бийликти сындаган материалдары менен белгилүү журналист Рухолла Зам эң катаал жаза алды. 30-июнда Ирандын сот системасынын расмий өкүлү Голамхоссейн Эсмаили буларды айтты: “Ага тагылган 13 айып “жер жүзүнө коррупцияны жайылтууга тете” деп табылгандыктан өлүм жазасын чегерилди”. Замдын AmadNews сайты жана Телеграм-каналы 2017-жылы башталып, апталап созулган, он миңдеген адам катышкан өкмөткө каршы нааразылык акцияларын уюштурууга зор өбөлгө болгон. Ал каршылык акциялары качан жана кайсы жерде өтөрүн... Читать дальше...



Путин менен Лукашенко советтик жоокердин эстелигин ачышты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 30-июнда Ржев шаарында советтик жоокердин мемориалын ачышты. Орусиянын Тверь облусуна караган бул аймакта 1941-43-жылдары советтик жана немис жоокерлеринин ортосунда айыгышкан кармаш болуп, союздук өлкөлөр тараптан эле миллиондон ашуун адам өлгөн. Ржев шаарындагы эстеликтин ачылышына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышарын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 24-июнда “Азаттыкка” билдирген. Эртеси... Читать дальше...

Президент шайлоо тууралуу үн катты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик алдыда болчу парламенттик шайлоону таза өткөрө турганын, бир да партияга жан тартпай турганын дагы бир жолу кайталады.

Президент шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш бул мыйзамдын долбоорун быйыл 18-июнда кабыл алган. Ал саясий партиялардын парламентке өтүүсү үчүн шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүүгө багытталган. Шайлоо чеги тууралуу жалпысынан эки мыйзам долбоору сунушталган. Парламентке өтүүнүн босого чегин тогуздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир миллион... Читать дальше...

Атамбаев абактан ооруканага которулду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмония диагнозу менен ооруканага которулду. Атайын кызмат Атамбаев ооруну жактоочусунан жуктуруп алышы ыктымал деп билдирди.



Ырчы Болот Тасмаев оорудан кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык ырчы, тамада Болот Тасмаев 30-июнда Бишкекте каза болгонун анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты.   Алардын айтымында, 49 жаштагы Тасмаев кант диабетинен жабыркап жүргөн. Жакындары кант диабетинен улам анын каны коюуланып кеткенин жана асма ийне алып жатып жарым саатта үзүлүп кеткенин билдиришти. Сөөгү качан, кай жакка коюлары азырынча тактала элек. Маркум 1971-жылдын 3-январында Аксы районунда туулган. Бишкекте жашап, иштеген. Анын артында жубайы жана кызы калды. Болот Тасмаевдин "Сен билген жоксуң"... Читать дальше...

"Коронавируска эми ишендик..."

Azattyk.org 

"Азаттык" Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын азыркы абалы жана коронавирустан коргонуу чараларына кызыкты. Буга чейин "коронавирус жок" деп беткап тагынбагандар көп болсо, соңку кырдаалдан улам ал оюнан кайткандар арбын. Ушу күнгө чейин бул жугуштуу дарттан 57 бейтап кайтыш болду.

Бишкекке Кувейттен 102 кыргызстандык жаран келди

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар Кувейттен 30-июнда «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын Эль-Кувейт-Бишкек багытындагы чартердик каттамы менен учуп келишти. Алардын ичинде Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн кыргызстандыктар да келишти. Учуп келген жарандар тиешелүү алгоритмге ылайык, медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иштер уланып жатат. Пандемия жарыяланган март... Читать дальше...

Аба ырайы: Жамгыр жаайт

Azattyk.org 

1-июлда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарга карга айланат. Батыштан... Читать дальше...

Казакстан кайрадан карантин киргизиши мүмкүн

Azattyk.org 

Казакстандын cаламаттык сактоо министри Алексей Цой COVID-19 жана пневмонияга чалдыккандар көбөйгөнүнө байланыштуу төрт жумалык карантин киргизүүнү сунуш кылды. Орусияда алты күндөн бери Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу жалпы элдик добуш берүү өтүп жатат. Кытай бийлиги Шиңжаң аймагындагы уйгур жана башка аз улуттардын санын көбөйтпөө максатында катаал чараларды көрүп жатканы тууралуу баяндама жарыяланды.

УКМК: Атамбаев вирустук инфекциянын белгилери байкалган адвокат менен контакт болгон

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев вирустук инфекциянын белгилери аныкталган адвокат менен контакт болгон. Бул тууралуу 30-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Атайын кызмат мурдагы жетекчинин жакындарынын ага оору тергөө абагынын кызматкерлери ишин так аткарбаганы үчүн жукканы тууралуу билдирүүсүн четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “Алар Атамбаевди “саясий туткун” кылып көрсөтүп, анын кылмышын жаап-жашыруу максатында коомчулукту атайын адаштырып... Читать дальше...

“Фейк" мыйзам же Орусияны тууроо акылсыздык

Azattyk.org 

Кыргызстандын Баш мыйзамы ар бир жарандын сөз эркиндигине кепилдик берет. Андыктан, жалган маалымат же "фейк" деген шылтоо менен төмөнкү деңгээлдеги мыйзам кабыл алуу Конституцияга каршы келет.

Көчмө китепкана элет балдарын кубантты

Azattyk.org 

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине караштуу Үлгүлтүксүз жана профессионалдык билим берүү мектеби пандемия учурунда көчмө китепкана уюштурду. Мектеп окуучуларына арналган китептерди алар Нарын облусунун аймагында бекер таратышат. Иш-чаранын максаты, жайкы каникулда айылдан чыга албаган окуучуларга колдоо көрсөтүү.

Орусиядагы элчилик: Жети миңдей адам Кыргызстанга кайтууга жардам күтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен мекенине кайтууга жардам сурап кайрылган кыргыз жарандарынын саны 7 миңден ашат. Бул тууралуу 30-июнда элчилик кабарлады. Мекеме билдиргендей, мынча адам үчүн бир күндө авиакаттам уюштуруу мүмкүн эмес. Элчилик бир жумада Москва – Бишкек жана Москва – Ош багыты боюнча эки каттам уюштуруп туруу пландалып жатканын билдирди. Расмий маалыматка караганда, 20-марттан 27-июнга чейин Орусиядан 11 миң 784 кыргызстандык мекенине 53 чартердик авиакаттам жана 20 автобус менен жеткирилди. Читать дальше...

Өзбекстан 1-июлдан карантин чараларын күчөтөт

Azattyk.org 

Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча комиссиясы 1-июлдан тартып өлкөдө карантиндик чараларды күчөтүүнү чечти. Ага ылайык, ири соода комплекстери жана буюм-тайым базарлары ишемби-жекшембиде дезинфекция үчүн жабылат. Коомдук жайларда жарандар ортодо 2 метр аралыкты сактап, медициналык беткап жана колкапчан жүрүүгө тийиш. Супермаркеттердин кире беришинде беткап акысыз берилери да кабарланды. Андан тышкары «кызыл» жана «сары» деңгээлинде деп белгиленген карантиндик аймактарда күндүз үч кишиден ашык чогулууга... Читать дальше...

Шинжаңдагы төрөткө каршы саясат

Azattyk.org 

Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы уйгур жана башка аз улуттардын саны көбөйтпөө үчүн катаал чараларды көрүп жатканы тууралуу иликтөө жарыяланды.


Музыкальные новости
Певец

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?





Rss.plus
Бато Багдаев

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью




Эксперты назвали сроки появления вакцины от опасной болезни

«Летом придет климатический кошмар». Синоптики сказали, к чему готовиться

В театре "Модерн" состоялась премьера моноспектакля "Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф"

Три группы выступят на отборочном концерте фестиваля «Добрый рок» в Твери




Пакистан элчилигинин ондогон кызматкери Индиядан чыгарылды

Azattyk.org 

Пакистандын Делидеги элчилигинин 143 кызматкери үй-бүлөлөрү менен 30-июнда мекенине кайтышты. Буга чейин Индия өкмөтү Пакистандын Делидеги элчилигиндеги кызматкерлердин жарымын өлкөдөн чыгарууну чечкен. Дипломаттар тыңчылык менен алектенип, “террордук уюмдар” менен байланышта болгон деп шектелүүдө. Ал эми ушул айдын башында Индиянын Исламабаддагы элчилигинин эки кызматкери дайынсыз жоголгон. "Reuters" агенттиги эки өлкө ортосундагы дипломатиялык демарштар көндүм көрүнүш болуп калганын белгилейт. Читать дальше...

Франциянын мурдагы премьер-министри беш жылга кесилди

Azattyk.org 

Франциянын мурдагы премьер-министри Франсуа Фийон мамлекеттин акчасын коромжуга учуратканы үчүн беш жылга кесилди. Анын үч жылы шарттуу, эки жылын саясатчы камакта өткөрөт. Аялы Пенелоп Фийон да шылуундукка айыпталып, үч жыл шарттуу камак жазасын алды. Андан тышкары экөө тең 375 миңден евро айып төлөшөт. Адвокаттары чечимге каршы арызданышарын билдиришти. Мурдагы өкмөт башчы 2017-жылдын кышында, президенттик шайлоо өнөктүгү кызуу кезинде жаңжалдын чордонунда калган. Француз басылмалары Фийон 2000-жылдары... Читать дальше...

Кытай парламенти Гонконг боюнча талаштуу мыйзамды кабыл алды

Azattyk.org 

30-июндагы жыйынында Кытай парламенти Гонконгдун улуттук коопсуздугу боюнча мыйзамды бир добуштан колдоду.  Тийиштүү мыйзамды кабыл алуу каралып жатканда Гонконгдо каршылык акциялары өттү. Миңдеген адам катышкан мындай акциялар пандемияга карабай буга чейин да өткөн. Нааразылар Бээжин саясий куугунтукту күчөтүп, ой-пикирди эркин айтуу мүмкүнчүлүгүн чектейт, натыйжада Гонконг автономия болуудан калат деп тынчсызданууда. Гонконгдуктар өткөн жылы да Бээжиндин саясатына каршы айлап созулган митингдерди өткөрүшкөн. Читать дальше...

Вице-премьер-министр жана төрт министр обочодо иштеп жатат

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев COVID-19 вирусуна чалдыкканын ПЧР тесттин жыйынтыгы көрсөттү. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Эркин Асрандиевдин оорусу жеңил формада өтүп, ал ишин обочолонуу режиминде улантууда. Учурда ал өзүн жакшы сезип калды. Маалыматта андан тышкары өкмөттүк аппараттын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат... Читать дальше...



Москва

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

“У меня тоже была депрессия после того, что ты сделал своими руками!” Дава разоткровенничался перед Ольгой Бузовой в шоу “Сокровища императора” на ТНТ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки


WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru