Депутаттарды жоопко тартуу талабы жаңырды
Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзамдын айланасында талкуу күчөдү.
Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзамдын айланасында талкуу күчөдү.
2020-жылдын 10-июнунда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу баяндамасын жарыялады.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте оорукананын короосунда кайтыш болду деген адам боюнча териштирүү жүргүзөт. Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. 26-июнда Kaktus.media маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган кабарга караганда, Бишкек шаарынын тургуну ооруп жаткан инисин төрт күн бою ооруканага жаткыра албай, акыры ал Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан берген. Кабарга тиркелген видеодон машинанын ичинде каза болгон адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот. Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунда бүгүн 26-июнда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы боюнча өтүнүч каралды. Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдиргендей, сотко аны абакта кармоо мыйзамсыз экени тууралуу өтүнүч келтирилген. Натыйжада шаардык сот райондук соттун токтомун күчүндө калтырды. Буга чейин адвокат Биринчи май райондук соту Кимсановдун бөгөт чарасын 16-августка чейин узартып, аны борбор калаадагы №1 тергөө абагынан Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө... Читать дальше...
Окуя Шотландиянын Глазго шаарындагы "Park Inn" мейманканасынын кире беришинде орун алды. Алдын-ала маалыматка ылайык, полиция кол салган адамды атып өлтүрдү. Окуяда бир полиция кызматкери жараат алды. Бычак көтөргөн карасанатай адамды бул кылмышка эмне түрткөнү азырынча белгисиз. Мейманкананын имараты кайтарууда турат, шаар полициясы кырдаал көзөмөлдө экенин, жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайдын жоктугун маалымдады. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "үрөй учурган окуядан улам катуу кайгырып турганын"... Читать дальше...
Москва шаарынын Мещанский райондук соту 26-июнда "Гоголь борборунун" көркөм жетекчиси Кирилл Серебренниковду күнөөлүү деп тапты. Сот аны үч жылга шарттуу эркинен ажыратып, 800 миң рубль айып салды. Ошондой эле режиссерго маданий жайларды башкарууга тыюу салынды. Прокурорлор сотто аны алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Серебренниковго "ири суммадагы акчаны кымырып алган" деп айып коюлган. Тергөө материалдарында 50 жаштагы режиссерго менен анын эки өнөктөшүнө 2011-2014-жылдар... Читать дальше...
Батыштагы айрым маалымат каражаттары Евробиримдик менен каттамдар жандана турган мамлекеттердин тизмесин жарыялады. Ал тизмеге Борбор Азия аймагынан жалгыз эле Кыргызстан кирбей калган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи класстын окуучулары кандай окуй турганы белгисиз болууда. Ата-энелер биринчи класстарды дистанттык эмес, мектепте окутууну талап кылып жатышат. Министрлик бул боюнча чечим кабыл ала элек.
Түркмөнстандык журналисттер бул өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жакын тууганынын байлыгын иликтеп чыгышты.
Бишкек мэриясы ӨА жана ӨК учурларында элдин көбү жумушсуз калгандыктан муктаж үй-бүлөлөргө таркатып берүү үчүн азык-түлүк сатып алышкан. Бирок, система ачык-айкын болбогондуктан жана бийлик ар бир коротулган тыйын үчүн берене менен отчёт берүүнү каалабагандыктан, акчанын баары азык-түлүк сатып алуу үчүн коротулдубу же аткаминерлердин чөнтөгүнө түштүбү — белгисиз. Буга аткаминерлерге мамсатып алуулар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр жардам берет, ал элге отчёт бербестен акчаны оңой сарптоого мүмкүндүк түзөт. Читать дальше...
26-июнда Түркиянын Стамбул шаарында жашаган 50дөй түркмөнстандык пикетке чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетүүсүн жана Түркиядагы түркмөн мигранттарын тез арада мекенине алып кетүүсүн талап кылышты. Жергиликтүү полиция аларга акцияны өткөрүүгө уруксат берген жок. Мындай чектөөнү тартип коргоо кызматкерлери коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда адамдардын топтолуп иш-чара өткөрүүсүнө уруксат жоктугу менен... Читать дальше...
Келерки дем алыш күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөйт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратып, 27-28-июнда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болорун, жаан жаап, тоолордо кар жаай турганын, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыны 17-22 метрге жетерин билдирди. Маалыматка караганда, абанын температурасы дээрлик он градуска төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаанын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайытта мал кармоону кыйындатат. Читать дальше...
Кыргызстандыктар өз ыктыяры менен медкызматкерлердин компенсациясына деп кайыр садагага акча которушат. Бул тууралуу маалымат help.covid.kg сайтында бар. Бирок, медиктер чын эле акча алыштыбы же жокпу текшерип билүү мүмкүн эмес.
Кыргызстан коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшкө миллиондогон долларды алды жана дагы жүздөгөн миллион доллар алууну пландап жатат. Бирок жыйынтыгында бул акча кандай коротулары таптакыр эле табышмак болуп калышы мүмкүн.
Жалпысынан коронавируска жана анын кесепеттерин жоюуга Кыргызстан 645 млн. долларга чукул (азырынча толук ала элек) каражат сарптоону пландап жатат, бирок мамлекет аларды кандай коротуп жатканы тууралуу жалпыланган гана маалыматтарды берүүдө. Бул долбоор - мамлекет коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн акчаны кантип коротуп жатканын түшүнүүнүн аракети. Материалдын түп нускасы Kloop.kg сайтында жарыяланган. Автор: Kloop.kg, OCCRP жана Internews Жалпысынан коронавируска жана анын кесепеттерин жоюуга Кыргызстан 645 млн. Читать дальше...
“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Гүлшат Асылбаева жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, туура маалымат берүүгө чакырды. Кайрылууда “Мыйзам долбоорунда интернет-провайдерлер пайдалануучулардын маалыматын сактоого тийиш” деген талап жок деп, ал ишкерлерге оорчулук келбесин деген максатта алынып салынганын белгилеген. Ошондой эле "мамлекеттик органдар сот чечимисиз сайттарды жана баракчаларды жаба алат” деген да норма жок экенин, "долбоордун концепциясын... Читать дальше...
Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамды кабыл албоого чакырган өнөктүк башталды. Журналисттер, медиа уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү мамлекет башчысын Жогорку Кеңеш жаңы кабыл алган бул мыйзамга кол койбоого үндөп, социалдык түйүндөрдө “Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоп койгула!” деген чакырык жасап жатышат. Кыргыз Республикасынын журналисттеринин көз каранды эмес союзунун жетекчиси Азамат Касыбеков өнөктүк тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтты... Читать дальше...
Европа Биримдиги 1-июлдан тарта кайсы өлкөнүн жарандарына Шаркеттин аймагына кирүүгө уруксат берилерин толук чече элек. Бул тууралуу Еврокомиссиянын миграция жана ички иштер боюнча басма сөз өкүлү Адалберт Янц "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер ушу тапта бул маселени талкуулап жатканын, акыркы чечим жакын арада кабыл алынарын айтты. Янц буга чейин жарыяланып кеткен тизме боюнча комментарий бербей турганын кошумчалады: "Мен бардыгынан сурана кетет элем, расмий... Читать дальше...
27-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...
Кошмо Штаттарда 25-июнда бир күндө COVID-19га чалдыккандардын эң жогорку саны катталды. Айрым штаттар бизнести ачуу жана жарандардын сыртка чыгышын чектеген чараларды алып салуу чечимин кайра караштырууда.
“Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) эл аралык уюму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды. Уюмдун расмий сайтына жарыяланган кайрылууда бул мыйзам өлкөдө сөз эркиндигин олуттуу чектөөгө алып келери айтылды. Кайрылууда эгер ал кабыл алынса бийлик өзү так эмес же жалган деп эсептеген маалыматты жарыялаган сайттарды соттун чечимисиз жабууга укуктуу болору, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын да тосмолой алары белгиленди. Читать дальше...
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин окуучусу Уран Айбек уулу жөжө чыгарган инкубатор жасап чыкты. Учурда анын кол эмгегине кызыккан айылдаштары көбөйүүдө. Уран инкубатордон чыккан жөжөлөрүн 50-60 сомдон сатып жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб мүчөлөрү менен бирге өткөрүлгөн отурумда пандемиянын убагында шайлоону уюштурууга байланышкан көп маселелер аныкталбаган бойдон калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова маалымдады. Анын айтуусунда, эми шайлоо мөөнөтүн президент аныктайт. “Шайлоо мөөнөтүнө гана эмес, шайлоону коопсуз өткөрүүгө байланыштуу көп суроолор ачык калды. Ыкчам штабдын өкүлдөрү президент шайлоонун мөөнөтүн аныктагандан кийин гана... Читать дальше...
Түркмөнстандын Ашхабад баштаган бир катар шаарларында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү түшүрүлгөн, "Жогол нары!" ("Güm bol!") жана "Ууру" ("Ogry") деп жазылган баракчалар таркап жатат. Бул акциянын уюштуруучуларынын катын Turkmen.news. маалымат агенттиги жарыялады. Анда өлкө ичиндеги көптөгөн жарандар сыртта жүргөн мекендештеринин президенттин кызматтан кетишин талап кылган акциялары тууралуу билери, алар мындай маалыматтарды бири-бири менен бөлүшүп жатканы, өлкөдө азыркы абал баарынын жанына батканы айтылат. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости