Москвада коронавирустан каза болгон келиндин туугандары жардамга муктаж
Москвада коронавирустан кыргызстандык келин беш айлык баласы менен каза болду. Кыргыз жараны Эрмек Шүкүров кабарлагандай, 31 жаштагы Б.Х 31-майда Москвадагы ооруканада каза тапкан. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы Советский айылынын тургуну Москвага жылдын башында ишке келген. «Кош бойлуу болчу. Ооруканага түшкөндө дарыгерлер анын өмүрүн сактап калыш үчүн операция жасашкан. Беш айлык баласы үч күн жашап каза болду. Өзү болсо жакшы болбой жатып кечээ түнү каза тапты», деди Шүкүров. Читать дальше...