Казакстандагы ачарчылыкты дүйнө үстүрт билет
Казакстандагы 1930-жж. ачарчылык тууралуу Сара Кэмерон англис тилинде жазган тарыхый изилдөөнүн казакча котормосу жарык көрдү. Аны саясат талдоочу Досым Сатпаевдин жеке маданий кору каржылады.
Казакстандагы 1930-жж. ачарчылык тууралуу Сара Кэмерон англис тилинде жазган тарыхый изилдөөнүн казакча котормосу жарык көрдү. Аны саясат талдоочу Досым Сатпаевдин жеке маданий кору каржылады.
Ооганстандын бийлиги 13-июнда өлкөнүн туш тарабында болгон куралдуу кол салуулардан жалпы 17 адам көз жумганын билдирди. Кандуу окуялар ооган бийлиги менен талибдердин өлкөнү башкарууга багытталган сүйлөшүүлөрү учурунда катталды. Хост провинциясында куралдуу кол салуудан сегиз киши өлдү. Алардын катарында 2019-жылы парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Абдул Вали Ихлас да бар. Логар провинциясында бир үйгө болгон кол салуудан бир аял үч кызы менен, Бадахшанда элдик отряддын командири үч жардамчысы менен өлтүрүлдү. Читать дальше...
Сузак райондук соту 13-июнда аялына зомбулук көрсөткөн адамды камакка алуу чечимин чыгарды.
12-июнда Бишкекте саат 13:20 чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банк каракталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Шаардык милициянын маалыматы боюнча, беткапчан эки киши банкка курал менен кирип келип банктын кызматкерлерин, күзөтчүсүн коркутуп кассадагы акчаны алып кетишкен. Мекеменин күзөтчүсүндө желим дубинкадан башка эч нерсе болгон эмес. Бул факт Бишкек шаардык милициясына Кылмыштардын жана жоруктардын... Читать дальше...
Көпчүлүк мугалимдер карантинде ар бир сабакты даярдоо үчүн бир эле учурда оператор, алып баруучу, режиссер болушту. Асылкан Кубанычбекова дагы видео тартууну мыкты өздөштүрүп, социалдык тармактарда дагы кызыктуу вайндарды тарта баштаган. Мугалим бул аракети менен окуучуларды сабакка кызыктырып, мугалимдердин эмгегин баалоого үйрөткүсү келген.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындай чечимди Сузак райондук соту 13-июнда чыгарганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев билдирди.
Азиядагы өлкөлөрдүн бийлиги журналисттердин оозун басууда. Саакашвили Грузияны кантип өзгөрткөнү тууралуу блог жазды. Борбор Азиянын өнөрпоздору онлайн базар ачышты. Дүйнөлүк басылмалардагы 8-15-июнда чыккан макалаларга сереп.
Быйылкы Олимпиада оюндары июль-август айларында Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган.
Франциянын баш калаасында расизмге каршы демонстрациялардан улам карантинден кийин ачылганын ресторандар менен дүкөндөрдү шаар бийлиги кайра жапты. Демонстрация зомбулук менен коштолорунан чочулаган бийлик ишкерлерге көчөдө өрттөөгө, талкалоого мүмкүн болчу эч нерсени калтырбоону сунуштады. Демонстрациялар Парижде 10 адамдан ашык чогулбоо буйругуна карабай өтүп жатат. Париждиктер 2016-жылы полиция участогунда белгисиз себептерден улам көз жумган ындыкара Адам Траорени колдоо иретинде көчөгө чыгышып... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындай чечимди Сузак райондук соту 13-июнда чыгарганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев билдирди. 12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Читать дальше...
Мекендеш, сиз коронавирустан сактануу үчүн коомдук жайларда медициналык беткап кийип жүрөсүзбү? Эгер кийбесеңиз, жаңыласыз! Эмне үчүн?
Кыргыз тилчи Перизат Даткаева карантин шартында күндөп-түндөп иштеген мугалимдердин бири. Ал мектептер аралыктан окууга өткөндөн бери ар бир классына күндө жаңы видеолорду тартып жатты. Жаш мугалим мектептеги класстардын бош калганын көрүп, окуучуларын абдан сагынганын айтып берди.
11-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары 34 мыйзам жана келишимди карап, кабыл алды.
Чукул билдирүү: 13-16-июнда өлкөдө туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 14-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Ош... Читать дальше...
Марттагы рейтингде Валентина Шевченко Кытайдан чыккан чемпион кыз Вэйли Чжандан бир сапка ылдый туруп калган. Бул Чжандын бел курун ийгиликтүү коргоп калышы менен түшүндүрүлгөн.
Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандар боюнча ишти карап, маршка чыккандарды күнөөлүү деп тапты.
Үч баланын энеси Умида Мирзабаева 2012-жылы мугалимдик кесибин журналистикага алмаштырган. Андан бери такшалып, азыр «Ынтымак» телеканалынын жүзү. Июнь окуясынан кийин улуттардын ынтымагын чыңдоо үчүн ачылган телеканалда иштеген Мирзабаева мындан аркы жашоосун микрофонсуз элестете албайт.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча change.org деп аталган сайттагы петицияга 4200гө жакын киши кол койду. Алар судья 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жаткан адамды актаганы үчүн сот тармагында иштөөгө укугу жок деп эсептешет. Акыйкатчы Токон Мамытов буга чейин Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына судья Айбек Эрнис уулун, Бишкек шаардык сотунун коллегия мүчөлөрү Замир Алгожоевди, Керезбек Есекеевди жана Жамиля Сабитованы... Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте онлайн форматта «Зомбулукка жол бербейли!» аттуу коомдук талкуу өтөт. Ага манасчы, этнограф, педагог жана аялдардын укуктары боюнча адистер катышат. Маалыматта айтылгандай, иш-чараны уюштурууга 12-июнда социалдык түйүндөрдө тараган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу видео түрткү болду: "Бул окуя сөзсүз сот адилеттигинин негизинде териштирилет деп бекем ишенебиз. Эч ким эч качан эч бир адамга зомбулук көрсөтүп, кол көтөрүүгө акысы жок. Буга бир да аң сезимдүү коом жол бербейт! Аялдар билимдүү болгондо гана өз укуктарын билип... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаал боюнча директору Майкл Раян азыркы тапта дүйнөдө COVID-19 жуккан жана андан каза болгондор эң көп катталган 10 өлкөнүн сап башында АКШ, андан кийинки орунга Бразилия чыкканын маалымдады. 12-июнда өткөн ДССУнун басма сөз жыйынында Раян Бразилия «ысык жана абасы кир» экенине кабатырланып, 828 миңден ашык кишиге оору жукканын, 42 миң адам өлгөнүн айтты. Мындай көрсөткүч менен Бразилия Британиядан ашып өттү. 12-июнга карата дүйнөдө коронавирусту жуктургандар 7,5 миллиондон ашып... Читать дальше...
Москвадан Ош шаарына 13-июнда 355 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга чейин тараткан маалымат боюнча, «Москва-Ош» рейси менен эки жашка толо элек 63 ымыркай энелери менен келди. Андан тышкары 229 кош бойлуу аялдар жана үч улгайган адам бар. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси элчиликтин алдындагы жумушчу топ тарабынан жарандардын жеке арыздарынын негизинде жана кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин сунушу менен түзүлдү. Читать дальше...
Москвадан Ош шаарына 13-июнда 355 кыргызстандык жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга чейин тараткан маалымат боюнча, «Москва-Ош» рейси менен эки жашка толо элек 63 ымыркай энелери менен келди. Андан тышкары 229 кош бойлуу аялдар жана үч улгайган адам бар. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси элчиликтин алдындагы жумушчу топ тарабынан жарандардын жеке арыздарынын негизинде жана кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин сунушу менен түзүлдү. Читать дальше...
COVID-19 вирусунун экинчи толкунунан чочулаган Кытай бийлиги 12-июнда Бээжиндеги беш ири базарды жапты. Индияда карантин чаралары жумшаргандан бери ооругандар көбөйүүдө. АКШда да мындай темп байкалып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус оорусунун биринчи толкуну бүтө элек экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус «карантин чаралары жумшарган сайын бир топ өлкөлөрдө ооругандар көбөйөт» деп, Түштүк Корея, Жапония, Сингапур жана Иранды мисалга тартты. Уюмдун... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Шер инсульт болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын бир тууган иниси, парламент депутаты Садык Шер-Нияз билдирди. Анын сөзүнө караганда, Болот Шер Улуттук госпиталга 11-июнда жаткырылган. 12-июнда комага түшүп калып, дарыгерлер ушул тапта абалын орточо оор деп баалап жатат. Садык Шер-Нияз агасы буга чейин да инсульт болгонун айтты. Болот Шер Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, 2010-жылы ички иштер министри болгон. (BTo)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости