Пандемияда кино тармагы кирешеден кол жууду
Кино өндүрүшүнүн алпы Голливуд марттын ортосунда эле 20 миллиарддай доллардан кол жууганын чет элдик басылмалар эсептеп чыгышкан эле.
Кино өндүрүшүнүн алпы Голливуд марттын ортосунда эле 20 миллиарддай доллардан кол жууганын чет элдик басылмалар эсептеп чыгышкан эле.
Журналист жана видеоблогер Юрий Дуддун Орусиянын Конституциясын өзгөртүүгө добуш берүүнү уяткарган Инстаграмдагы постун 1 миллионго жакын адам жактырды. “ВДудь” деген каналдын автору “Добуш берүүнүн жалгыз эле мааниси бар – бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга мүмкүнчүлүк берүү” деп белгилеген. Дудь өзүнүн постуна кошуп орус президентинин 2008-жылдагы маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндүнү да кошо тиркеген. Анда Путин үчүнчү жолу президенттикке барбай турганын жана Конституцияны өзгөртпөө керектигин... Читать дальше...
Вирусту жугузгандардын арасында борбор калаанын мэри Азиз Суракматов, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов да бар.
Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда Токмок шаарында стационарда дарыланып жатат. Ал "Азаттык" радиосуна маек куруп, коомчулукту коронавируска көңүлкош мамиле кылбоого чакырды.
Акыркы суткада 192 адамдан коронавирус табылып, үч адам оорудан каза тапты. Вирусту жугузгандардын арасында борбор калаанын мэри Азиз Суракматов, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов да бар.
"Эскимо" балмуздагынын аталышына ээлик кылган америкалык Dreyer's компаниясы балмуздактын аталышын өзгөртүүнү чечти. The Wall Street Journal компаниясы балмуздактын аталышы Арктиканын эли – эскимосторду шылдыңдоочу жана “басынтуучу” мааниде деп чечкенин ишкананын башкы маркетологу Элизабелл Маркеске шилтеме кылып жазды. "Эскимо" балмуздагы жана анын аталышы 1920-жылы кондитерлер Кристиан Нельсон жана Рассел Стовер тарабынан ойлоп табылган. Алар бул балмуздакты патенттеп, жалпы дүйнөгө белгилүү болуп турган учурунда сатып жиберишкен. Читать дальше...
Орусияда азапка калган мигранттар, пандемия Борбор Азияда билим берүүнүн жаңы эшигин ачты, Путиндин кыздары илимди өнүктүрөбү? (Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама 14-22-июнь).
Европа Биримдигинин лидерлери Украинадагы куралдуу чатакка байланыштуу Орусияга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартышты. 19-июнда уюшулган видео-конференцияда Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел кесиптештерине маалымат берип, Москва тараптан Украина кризисин жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин шарттарын аткарууда эч кандай кадам жасалбаганын белгилешти. Москвага каршы бул санкциялар 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып... Читать дальше...
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян 2 миллиард драм ( 4 млн. 100 миң доллар) өлчөмүндө кепилдик астында жума күнү камактан чыгарылды. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы кабарлады. Кочарян ушул жылдын жазында ага операция жасалган медициналык борбордо дарылануусун улантып жатканын саясатчынын канцеляриясы билдирген. 65 жаштагы Роберт Кочарянга бийликти басып алуу жана коррупциялык иштер боюнча күнөө коюлган. Мурдагы президентке 2008-жылдын мартындагы окуялар боюнча да айып тагылууда. Читать дальше...
Мурдагы советтик лидер Никита Хрущевдун уулу Сергей Хрущев АКШда 84 жашында көз жумду. Ал акыркы 30 жылдай өмүрүн Америкада өткөргөн. Чөбөрөсү Нина Хрущева биздин кабарчыларга АКШдагы Браун университетинин профессору Сергей Хрущев жума күнү каза тапканын ырастады. Маркум 1958-жылы Москвадагы Энергетика институтун бүтүрүп, СССРдин космос тармагына тийиштүү илимий изилдөө борборунда иштеген. Ишиндеги жетишкендери үчүн Ленин ордени, Мамлекеттик Ленин сыйлыгы, Эмгектин баатыры наамы менен сыйланган. Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышынын жаңы, кооптуу баскычы башталды деп эскертип жатканда Бразилияда бул вирусту жугузуп алгандардын саны 1 миллион адамдан ашты. Жума күнү кечинде Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги COVID-19ду алып жүрүүчүлөрдүн саны 1 миллион 32 миңден ашканын, акыркы сутка ичинде 1206 киши оорудан каза тапканын билдирди. Дүйнөлүк статистикада Бразилия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча экинчи орунда. Биринчи орунда турган АКШда жаңы вирус жуктургандардын саны 2,2 миллиондон ашты. Читать дальше...
Мындай маалыматты Атайын прокуратура 20-июнда таратты. 16-июнда айрым маалымат каражаттарында тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун сабалганы тууралуу маалымат видеотасма менен кошо жарыяланган. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура тарабынан бул маалыматты иликтөө ЖАМКга тапшырылган. 17-июнда Эмилбек Кимсанов 4-апрелге караган түнү саат 03:00 - 04:00 аралыгында аны №1 тергөө абагынын кызматкерлери денесин көгала кылып, себепсиз сабаганы тууралуу арыз жазып берген. Ал... Читать дальше...
Ким билет, сүйлөй ала турган болсо жарганаттар жаңы вирустун жөн-жайын кенен айтып бериши ыктымал эле. Башка жаныбарлар анте алышпаса да, капыс келген апааттан кантип айыгуунун жолун табууга жардам кылышмак.
Сенаттын жума күнкү пленардык жыйынында Өзбекстандын Израилдеги элчиси кызматына Феруза Махмудованын талапкерлиги колдоо тапты. Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаева жыйында сүйлөп жатып, Өзбекстандан 130 өлкө менен дипломатиялык кызматташтык түзгөнүнө карабастан бир да аял элчи катары дайындалбаганын белгилеген. "Феруза Махмудова эгемен Өзбекстандын тарыхында алгачкы аял элчи катары тарыхка кирет", - деп белгиледи Нарбаева. Белгилей кетсек, 2010-2012-жылдары Өзбекстандын Испаниядагы элчиси кызматында... Читать дальше...
2019-жылы ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишмердигин, өлүмүн териштирген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Комиссия Саймаити Кыргызстандан 700 миллион доллар эмес 932 миллион доллар чыгарып кеткенин тактады. Анын айынан 6,5 миллиард сом салык мамлекетке түшпөй калганы аныкталды. Депутаттар журналист Али Токтакуновго укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Комиссиянын корутундусунда журналисттик иликтөөнүн баш каарманы экенине карабай кыргыз... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы коомдук автоунаалар ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Бул чаралар келерки аптадан тарта ишке кирет. Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун 20-июнда брифингде билдиргенине караганда, мындан тышкары шаар аралык каттамдагы кичи автобустардын иши да токтотулат. Такси жана башка жүк ташуучу автоунаалар санитардык талапты бекем сактоо менен ишин уланта беришет. “Бишкекте жана Ош шаарларында кырдаал оор болуп турат. Күн санап оору жуккандардын саны көбөйүүдө. Читать дальше...
21-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35 градус, Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 27...32, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15... Читать дальше...
Казакстандык дарыгерлер алты кишилик палатага он беш кишиден жаткырып, күнүнө 20 сааттан иштеп жатканын айтып жатышат. Өзгөчө абал алынгандан кийин Казакстанда да коронавирус кайрадан күчөй баштады.
20-июнда Орусиянын "Аэрофлот” компаниясынын «Москва – Ош» багытындагы чартердик учагы менен 325 кыргызстандык жаран келди. Алардын ичинде жаш балалуу, кош бойлуу кыз-келиндер, улгайган жана оорулуу адамдар бар. Учуп келгендердин баары медициналык алгоритм боюнча текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иши уланууда. Пандемия башталган февраль айынан бери 60ка чукул... Читать дальше...
Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу эл аралык сот Советтер Союзунун антигумандык идеологиясына укуктук баа берүүгө тийиш деп эсептейт. Ал “Фейсбуктагы” баракчасында "Балтика боюндагы өлкөлөр Союздун курамына жергиликтүү бийликтин макулдугу менен киришкени" тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин айткандары калп экенин жазды. Орус президенти Владимир Путиндин Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу макаласы 18-июнда "The National Interest" басылмасына жарыяланган. Анда Орусиянын мамлекет... Читать дальше...
Бул Кыргызстанда пандемия башталгандан берки убакта бир суткада каза болгондор боюнча эң жогорку көрсөткүч. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-июнда брифингде берген маалыматына караганда, алардын бири 59 жаштагы аял: “Бул аял Ош облусундагы аймактар аралык ооруканасына 18-июнда түшкөн. Анда курч мүнөздөгү коронавирустук инфекция бар экени анык болгон. Эки өпкөсү кагынганы белгилүү болгон. Мындан тышкары бөйрөгү да ооруган. Ал аял тогуз күндөн ашуун үйдө дарыланганы аныкталды. Читать дальше...
Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул факт Башкы прокуратурада каттоого алынып, окуяны Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тергемей болду.
“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июнда брифингде ырастады. Анын сөзүнө караганда, жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары лабораториялык ПЧР анализ тапшырышкан, Нурдиновдон башка депутаттардын анализи таза чыккан. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин аппарат кызматкерлери да коронавируска лабораториялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза чыкканын кабарлады. Читать дальше...
Маалыматты мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Азаттык” радиосуна ырастады: “Мэр үч күндөн бери дене табы көтөрүлүп, үйдөн иштеп жаткан. Кечээ лабораториялык ПЧР-анализинин жыйынтыгында ал коронавирус жугузуп алганы аныкталыптыр. Абалы жакшы, азыр эле сүйлөштүм. Азырынча үйүнөн эле дарыланып жатат”. Түлөбаевдин маалыматына караганда, мэриянын бардык кызматкерлери анализ тапшырган, баарынын жыйынтыгы таза чыккан. Ушу тапта кызматкерлердин баары үйүнөн иштеп жатат. Жарандарды кабыл алуу убактылуу токтотулган. Читать дальше...
Коронавирустун белгилери байкалган жарандар менен иштеген 118 түз байланыш кызматынын ишине нааразылык көп экенин өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын 20-июндагы жыйынында белгиледи. «Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы. Эгерде жаран call-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Call-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», - деди ал. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости