Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 23.06.2020

Өлкө боюнча элүүдөй сот орун алмашат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңеши тарабынан сунушталган айрым судьялардын орундарын которуу туралуу жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жарлыкка ылайык, судьялардын штаттык саны өзгөрүп, жалпысынан 48 судья орун алмашты. Башкача айтканда, айрым шаардык, облустук соттордун судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүн райондук соттордо улантышат. Бул жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптимизациялоо үчүн жасалды. Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин... Читать дальше...

Мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева коомчулукка кайрылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева коомчулукка кайрылып, буга чейин колдоо көрсөтүп келген тарапташтарына ыраазычылыгын айтты. Анын кайрылуусун Атамбаевдин баласы Сейитбек Атамбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырды. Раиса Атамбаева 23-июнь туулган күнү экенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин достугуну эске салган.  23-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот өкүмү чыкты. Ага ылайык, мурдагы... Читать дальше...

Үсөнбаев: Коронавирустун күчөшүнө даярданып койгонбуз

Azattyk.org 

Акыркы бир жумада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө, алардын баарын дарылаганга саламаттык системасынын күчү жетеби? Эмне менен дарылап жатышат? Медициналык кызматкерлердин канчасы вируска кабылды?



24-25-июндагы парламент жыйындары түз эфирде берилбейт

Azattyk.org 

Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу аны менен байланышта болгон кызматкерлердин ПЧР-тесттери таза чыкканы менен дарыгерлер аларды үй карантинде калтырышканын маалымдады. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт. Кызматкерлер аралыктан иштеп, күн тартибинде каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын kenesh.kg сайтына жайгаштырып турушат. Ибарим Нуракун уулу 29-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатканын айтып... Читать дальше...

Сот Атамбаевди кести, Жолдубаевага айып салды

Azattyk.org 

2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкты. Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга эркинен ажыратты. Бул Кыргызстандын тарыхында мурдагы президент камалып, өлкө ичинде сот жообуна тартылган биринчи окуя. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн. сом айып салып, класстык чини жана ардактуу наамынан ажыратты.​

Өкмөт саламаттык сактоо системасына окуу жайлардын мугалимдерин тартууну пландап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда пандемия шартында медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп, буга байланыштуу кошумча ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыкты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова өткөргөн жыйында сөз болду. Кеңешменин жыйынтыгында, Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигине жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларга, түз байланыш борборлоруна, саламаттык сактоо мекемелерине иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды. Читать дальше...

Буденновск: Туткундардын эскерүүсү

Azattyk.org 

Орусиянын Буденновск шаарындагы терактка 25 жыл болду. 1995-жылы 14-июнда Ставрополь крайындагы шаарга талаа командири Шамил Басаев баштаган 200дөй согушкер кирип барган. Алар бир жарым миңдей кишини жергиликтүү ооруканада 5 күн бою туткунда кармап, Чеченстандагы согушту токтотууну талап кылышкан. Бул кандуу окуяда расмий маалымат боюнча, 129 кишинин өмүрү кыйылган, 300дөн ашуун адам жарадар болгон. Тергөө азыр да уланып жатат. Айрымдар бул окуяны Орусиянын бүгүнкү тарыхындагы биринчи террордук чабуул деп атап жүрүшөт.

Жумалиевдин Жапыкеевге каршы доо арызы боюнча сот уланууда   

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча сот отуруму болду. Бул тууралуу Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев маалымдады. Анын айтымында, сот отурумунда жооп берүүчү тарап депутаттын байлыгы жөнүндө буга чейин айткан сөздөрүнө далил келтирген эмес. “Чоң казат” кыймылынын мүчөлөрүнүн бири, адвокат Канат Хасанов сот отурумунан кийин "Фейсбуктагы" баракчасында депутат Жумалиев байлыктарын туугандарына каттатканын жана алар жөнүндө маалымат талап кылышаарын жазды. Читать дальше...



Ош: рейд учурунда жумушка тартылган 60 өспүрүм аныкталды

Azattyk.org 

Ош облусунда милиция 17-19-июнь күндөрү “Өспүрүм-эмгек” деп аталган рейд жүргүздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чаранын жүрүшүндѳ 60 өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталды. Алардын ичинен 58 бала түрдүү жумуштарда, эки өспүрүм начар шартта иштеп жаткан. 28 бала ата-энесине жеткирилип, 32си Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын-алуу борборуна алып келинди. Балдар боюнча учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат. Читать дальше...

Талас ИИБ: жарандык активист түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалды

Azattyk.org 

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Динара Сарногоева “Азаттык” радиосуна жарандык активист Айбек Бусурманкулов "Жерүй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жатканына байланыштуу кармалганын маалымдады. Сарногоеванын айтымында, пандемияга байланыштуу санитардык эрежелер боюнча активистке түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. “Митингге чакырып, чогулуш уюштурабыз деген маалыматтар бар болчу. Ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалды”. Мекеменин басма сөз... Читать дальше...

Песков 24-июндагы парадга катыша турган лидерлерди атады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков 24-июнда Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катыша турган чет өлкөлүк лидерлерди атады. Тизмеде БУУга кирген мамлекеттин жети жетекчиси гана бар: Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери. Эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери да катышмакчы. Москвадан айырмаланып, дүйнө коомчулугу ал эки аймакты Грузиянын бөлүгү деп эсептейт. Босния... Читать дальше...

Орусияда 16 жылга кесилген АКШ жараны Уилан апелляция бербейт

Azattyk.org 

Орусияда тыңчылык үчүн соттолгон америкалык Пол Уилан өкүмдү талашып апелляция бербейт жана жакын арада АКШда соттолгон орусиялыктарга айырбашталарынан үмүттөнөт. Бул тууралуу адвокат Владимир Жеребенков 23-июнда билдирди. Анын айтымында, Уилан Орусиядагы сот адилеттүүлүгүнө ишенбейт. Адвокат Уилан Орусия президентинен ырайым сурап же сурабасын чече электигин кошумчалады. 15-июнда Москва шаарынын соту Уиланды тыңчылык үчүн айыптуу деп таап, 16 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен. АКШнын... Читать дальше...

Талас: Активист Айбек Бусурманкуловду милиция кармап кеткени кабарланды

Azattyk.org 

"Жерүй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жаткан жарандык активист Айбек Бусурманкулов Талас райондук ички иштер бөлүмүнө алып келингени кабарланууда. Бул тууралуу Кулмат Сыдыков аттуу жергиликтүү активист “Азаттыкка” маалымдады. “Болот Шердин батасынан келе жатканда, милиция кызматкерлери тосушту. Айбекти саат жетилер чамасында Талас районунун ички иштер бөлүмүнө алып келишти. Милиция бизге эч нерсе айтпай жатат”, - деди ал. Кулмат Сыдыковдун айтымында, алар 24-июнда Талас районунда "Жерүй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүшмөк. Читать дальше...

Теннисчи Новак Жокович коронавирус жугузуп алды

Azattyk.org 

Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович коронавируска чалдыкканын билдирди. Билдирүүдө спортчунун аялы да вирусту жугузуп алганы, балдарынын анализдери жакшы чыкканы айтылат. Буга чейин хорватиялык Борна Корич, болгариялык Григор Димитров жана сербиялык Виктор Троицки өткөн жумада Жокович уюштурган "Adria Tour" мелдешине катышкандан кийин ооруп калганы кабарланган. Турнирдин 21-июнга белгиленген финалы Димитров вирус жугузуп алгандан кийин болбой калды. Жокович мелдешти уюштурууда санитардык нормаларды сактабагандыгы... Читать дальше...

Өкмөт: Дарыгерлердин кошумча маянасы төлөнгөн

Azattyk.org 

Коронавирус жуккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы үч ай үчүн төлөнүп берилген. Эгерде кайсы бир кызматкерге кошумча акча тийбесе, бул үчүн ошол медициналык жайдын жетекчиси жооптуу. Бул тууралуу 23-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, мамлекет кепилдеген айлык маяна үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүдө, коронавирус шартында иштегендерге кошумча акча да төлөндү: "Биринчиден, кепилденген айлык маянаны төлөп берип жатабыз. Экинчиден, оорунун... Читать дальше...

Алты ай ичинде 35 киши сууга чөгүп каза болду  

Azattyk.org 

Өкмөттө вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун катышуусунда ар кандай көлмө, суу жана дарыялардагы коопсуздукту сактоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында жай мезгилинде ачык көлмөлөрдө эс алгандардын саны өскөнү, алардын көпчүлүгүндө коопсуздук эрежелери сакталбай, кароосуз калгандар бар экени айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылдын алты айында көлмөлөрдө ар кандай себептерден 35 адам чөгүп кеткен. Вице-премьер-министри... Читать дальше...

«Бизнес акыйкатчыга даттанган ишкерлер арбын»

Azattyk.org 

Кыргызстандын Бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерди жана бизнестин өкүлдөрүн ашыкча текшерүү жана айып салуу фактыларын айыптап чыкты. Жыл башынан бери аталган институтка отуздай даттануу келип түшкөн. Бизнес акыйкатчы мекемеси 2018-жылы түзүлүп, жетекчиси жана аппараты былтыр шайланган. Пандемиялык шартта ишкерлердин укуктарынын бузулушу, чет элдик инвесторлорду коргоо, коррупцияга каршы күрөштүн бизнеске болгон таасири сыяктуу суроолорго Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев жооп берди.


Музыкальные новости
Кристина Орбакайте

Выжидала момент: Орбакайте решила лишить Никиту Преснякова части наследства





Rss.plus
ММА

Боец ММА извинился за побег из Петербурга в Москву после ДТП с Porsche и попросил его не сажать




4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Синоптик Ильин: рост температуры в Московском регионе начнется в 20-х числах мая

Орловцам-отпускникам озвучили стоимость аренды жилья на популярных курортах России

Посольство Болгарии: республика оформляет россиянам шенгенские визы




Бийликти сындаган казак активист кесилди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп айрым чет өлкөлүк жарандарга АКШга жумуш визасын алууга убактылуу тыюу салган буйрукка кол койду. Коронавирус пандемиясынан улам Сауд Арабиясы быйылкы ажылык зыяратка чет элдиктерди киргизбейт.

COVID-19 жуккан саясатчылар үн ката элек

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус бир күндө дагы 163 кишиден табылды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Коомчулукта вирус жугузуп алганын ачык айтып чыккандар сейрек. Ошол эле кезде вируска, аны менен ооругандарга ишенбегендер четтен чыгат.

Жамааттык сүрөткө беткапсыз түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө, кызматкерлерине айыппул салынды

Azattyk.org 

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда сүрөткө беткапсыз түшкөндөрдүн ичинен 28 адамга айыппул салынды. Бул тууралуу 23-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борборунун жетекчи орун басары Мира Курманова билдирди: "“Бузуулар жөнүндө” кодекске ылайык 28 протокол түзүлгөн. Ар бирине 5 миң сомдон. Протоколдор тапшырылган. “РСК-банкка” төлөшөт. Дүмүрчөктөрдү азырынча алып келише элек”. Мекеменин маалыматына караганда, айыппул... Читать дальше...

Ооганстанда талибдердин колунан бери дегенде 14 жоокер каза тапты

Azattyk.org 

Ооган расмий өкүлдөрү талиб согушкерлери өлкө түндүгүндө бир нече жердеги текшерүү пункттарына кол салганын, 14 жоокер окко учканын маалымдашты. Шейшембинин таңында Кундуз провинциясында болгон кол салуу атышуу менен коштолуп, куралдуу тиреш бир нече саатка созулду. Анда 8 аскер набыт болду, жетөө жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик башчысы Насруддин Саади билдирди. Кундуз губернаторунун басма сөз катчысы Эсматулла Муради чабуул тууралуу маалыматты бышыктап, бирок 9 аскер өлгөнүн айтты. Читать дальше...

Кытай салчу темир жолдун коркунучу эмнеде?

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолду куруу долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкуу жаратып, ишке ашпай келе жаткан.

Дарига Назарбаева Лондондогу мүлкүн коргоп калды

Azattyk.org 

Казакстандын мурунку президентинин кызы Дарига Назарбаева жана анын уулу Лондондогу мүлкүн сотто коргоп калышты. Апелляциялык сот Британиянын кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигинин арызын четке какты.



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Джиган будет продавать пиво и энергетики




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Арина Соболенко

Соболенко сделала признание о соперничестве с Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Архангельск обогнал города-миллионники по цене новостроек



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России