«Караван» соода борборунун ижарачылары нааразылык билдиришти
Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары бүгүн, 11-ноябрда парламент жана президенттик аппараттын имаратынын алдында кайрадан нааразылык акциясын өткөрүштү. Акцияда мурдагыдай эле «Каравандын» соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алып салуу тууралуу талаптар айтылды. Акциянын катышуучулары президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, «Караванды мыйзамсыздыктан сактаңыз», «Каравандан колуңду тарт!» деген сыяктуу жазууларды көтөрүп турушту. Читать дальше...