«Аялдар маршы»: Жогорку сот милициянын аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды
Жогорку сот милициянын быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршында» болгон аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. 12-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 11-ноябрда Жогорку сот Бишкектин шаардык сотунун жана Свердлов райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов милициясынын митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтотту. Митингдин уюштуруучуларынын адвокаты Евгения Крапивина «Азаттык» радиосуна билдиргендей, эми... Читать дальше...