Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 03.10.2021

Акжол Махмудов машыктыруучусуна автоунаа белек кылды  

Azattyk.org 

Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас белекке берди. Бул тууралуу машыктыруучунун жакындары социалдык тармактарда кабарлады. Мейрамбек Ахмедов балбан Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп көп жылдан бери эмгектенет. Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов 23-августта II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланган. (TSh)

Орусияда соңку суткада COVID-19дан эң көп бейтап көз жумду

Azattyk.org 

Орусияда 2-3-октябрь күндөрү COVID-19 илдетинен 890 киши кайтыш болду. Бул пандемия башталгандан бери коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк санынын эң жогорку чеги. Орус өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 769 адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. Алардын 4294ү баш калаа Москванын тургундары. Натыйжада Орусияда илдетке чалдыккан жарандардын жалпы расмий саны 7,5 миллиондон ашты. Алардын 210 миңден ашууну көз жумду. Орусия коронавирустун... Читать дальше...

Кабулда мечиттеги жардыруудан эки киши каза тапты

Azattyk.org 

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мечиттердин биринин аймагындагы жардыруудан кеминде эки киши набыт болду.  Окуя 3-октябрда "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид маркум энесине куран окутуп жаткан учурда болгону аныкталды. "Бүгүн түштөн кийин Кабулдагы Эйдгах мечитинин кире беришинин жанында жайкын тургундар жыйналып турган учурда бомба жарылды. Тилекке каршы бир нече адам каза тапты", - деп жазды "Твиттерге" Забиулла Мужахид. Талибдер түзгөн өкмөттүн курамындагы Ички министрлигинин... Читать дальше...



Грузиядагы чыңалуу коштогон шайлоо

Azattyk.org 

Грузияда саясий чыңалуу менен коштолгон жергиликтүү шайлоолордо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкты. Оппозициядагы "Бириккен улуттук кыймыл" марага экинчи келди. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин Грузияга кайтып келиши оппозиция менен бийликтин тирешин ого бетер күчөттү. Грузияда бийликтеги партия үчүн референдум катары мүнөздөлгөн 2-октябрдагы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы эки негизги атаандаш партиянын карама-каршылыктуу билдирүүлөрү коштолуп жатат. Бул күнү Грузиянын ондогон... Читать дальше...

Нью-Йоркто памир тилдеринде жазылган китептердин бет ачары өттү

Azattyk.org 

Нью-Йоркто 2-октябрда памир тилдеринде жазылган китептердин бет ачары өттү. “Pomir Zindaist” жана “Pomeri Sogen” деген аталыштагы вахан, шугнан тилдериндеги жомок китептерди жаш изилдөөчү Хусния Худжамёрова (Давлатёр) топтогон. Ал жок болуу коркунучуна кептелген вахан, шугнан, бартанг, рушан, ишкашим тилдерин сактап калуу боюнча маселе көтөрүп, изилдеп жүрөт. Китепте жомоктордун англис, орус тилиндеги котормолору берилген. Хусния Худжамёрова "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматына берген маегинде... Читать дальше...

Тоолуу аймактагы театр майрамы

Azattyk.org 

Алай районунун Гүлчө айылында “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” өттү. Маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналган. Ага Кыргызстандын жети дубанынын жана Өзбекстандын Наманган облустук театрынын чыгармачыл топтору катышты.

Грузиядагы шайлоодо бийликтин "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-октябрдагы шайлоодо берилген добуштар 100% саналганын маалымдады. Ага ылайык, бийликтин "Грузин кыялы" партиясы - 40,3%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы - 27,97% , ал эми "Грузия үчүн" саясий партиясы 8,85% добушка ээ болду. 2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештердин 2100 мүчөсүнө шайлоо болду. Тбилиси шаардык кеңешине өтүү үчүн партияларга шайлоо босогосу 2,5%, калгандарына 3% түзөт. Жалпысынан шайлоого 43 саясий партия катышты. Читать дальше...



Марат Саралинов дүйнө салды

Azattyk.org 

80 жаш курагында Кыргызстандын дипломатия кызматынын ардагери, элчилик кызматтарда жүргөн, профессор Марат Саралинов каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Марат Саралинов 1941-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1969-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы болуп иштеген. СССР Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатиялык мектебинде даярдоо курсунда окуган. 1996-2001-жылдар аралыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп турган. 2003-жылы Кыргызстандын Дубайдагы генералдык консулу... Читать дальше...

Жол кырсыгына кабылган автоунаанын президенттик администрацияга тиешеси жок

Azattyk.org 

2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Токмок шаарында жол кырсыгына кабылган автоунаа президенттик администрациянын кызматтык унаасы эмес. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Айрым басылмаларда жана социалдык тармактарда кечээ түндө Токмок шаарында эки автоунаа кагышып, натыйжада эки адам каза тапканы кабарланган. Алардын бири президенттик администрациянын кызматтык унаасы экени жазылган. Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 30% көп болду. Читать дальше...

Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Adidas компаниясынын мурдагы кожоюну, ишкер жана саясатчы Бернар Тапи 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнө рак оорусу себеп болгону айтылууда. Тапи 1943-жылы Францияда туулган. Автожарыш менен алектенип, авариядан кийин спорттон кетүүгө аргасыз болгон. 1967-жылы банкрот болуп калган уюмдар менен иштеген компанияны негиздеген. 1986-жылы "Олимпик Марсель" футбол клубун символикалуу 1 франкка сатып алып, ийгиликке жеткирген. Ал ээлик кылып турган 1986-1994 жылдары клуб төрт жолу Франциянын чемпиону болуп... Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалымдашынча, эртең 4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+6, күндүз 7…12; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз 9…14; Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15 градус жылыйт. Читать дальше...

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы туулуп өскөн айылында белгиленди

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында өттү. Иш-чарага президенттик администрациянын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар жана Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан. Читать дальше...

БУУнун баш катчысы менен Тажикстандын тышкы иштер министри Ооганстандагы абалды талкуулады

Azattyk.org 

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында болуп, тараптар Ооганстандагы кырдаалды талкуулады. Ооган элине чукул гуманитардык жардам берүү жана бул өлкөдө гуманитардык капсалаңга жол бербөө тууралуу сөз болду. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, саясий, социалдык-экономикалык, гуманитардык,... Читать дальше...

Кыргыз боксундагы кризис: машыктыруучулардын арызы

Azattyk.org 

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун кызматтан кетүүгө арыз жазганы спорт жаатындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Машыктыруучулар эмнеге кызматтан кетти? Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулары каржылоо токтогондуктан кызматтан кеткенин жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыкты. Көп өтпөй бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин билдирди. Читать дальше...

Кыргыз боксундагы кризис

Azattyk.org 

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун кызматтан кетүүгө арыз жазганы спорт жаатындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Машыктыруучулар эмнеге кызматтан кетти? Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулары каржылоо токтогондуктан кызматтан кеткенин жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыкты. Көп өтпөй бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин билдирди. Читать дальше...

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 76га жетти

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 3-октябрга карата 76 адам болду. Жаңы арыз бергендер арасында партиялар тарабынан көрсөтүлгөндөр дагы бар. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, "Альянс" саясий партиясы эки талапкерин: бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Алмаз Тарыкбаевди, ал эми №5 Ноокат округунан азыркы депутат, "Бир бол" партиясынын негиздөөчүсү Алтынбек Сулаймановду көрсөттү. Азырынча башка партиялардан бир мандаттуу округдан өкүлүн көрсөткөндөр жок. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

«У каждого своя история»: мама Тимати ответила на нападки подписчиков после публикации о любви к дочке рэпера





Rss.plus
Россия

Гоцирк Бурятии, артист Саян Дондоков: «Я из династии культработников» - Культура и Россия, театр, дети,




В Пентагоне назвали безответственным проведение Россией ядерных учений

Рахмон поговорил с Путиным о «Крокусе» и борьбе с терроризмом

ГИБДД в Москве объявила рейд на электросамокатчиков с 10 по 12 мая

Ключевая ставка останется высокой, но может начать снижаться до 6-7% к 2027 году




Дин ишмерлеринин жаңылыш багыттары

Azattyk.org 

Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар. Биздин өлкөдө диний билими бар деген сөз - күнүмдүк турмуштагы майда-барат маселелерге карата "болот же болбойт" деп өкүм берүү менен гана чектелип тургандай. Негизи дүйнө жүзүндө ушундай абал десек болот. Дегеним, аалым деп аталган киши диний талаптар менен учурдун илимий жетишкендиктерин, учурдун талаптарын кынтыксыз айкалыштыра билиш керек болчу. Бизде аалым же диний лидер деп аталып жүргөн кишилердин орток өзгөчөлүгү – сезимтал диний сукбаттарды өткөрүп... Читать дальше...

Грузия: БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады

Azattyk.org 

Грузияда 2-октябрда өткөн шаар мэрлерин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Жекшембинин таңына карата 3743 добуш берүү участогунун 1446сында добуштар саналды. Ага ылайык, бийликчил "Грузин кыялы" партиясы 48,56%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы -31,23% добушка ээ болду. БШКнын төрагасы Гиоргий Каландаришвили шайлоонун жыйынтыгы тууралуу толук маалымат бир нече сааттан кийин аныкталарын журналисттерге билдирди. Читать дальше...

"Борбор Азияда интернетке көзөмөл күчөтүлүүдө"

Azattyk.org 

Апта башында Wall Street Journal басылмасы АКШ Орусиядан Борбор Азиядагы орус базаларын колдонууга байланыштуу сунушу тууралуу жазды. Nikkey Asia агенттигинде Борбор Азияда интернет көзөмөлү күчөтүлүп жатканы тууралуу баяндама жарык көрдү. Ал эми Eurasianet.org басылмасы бул аптада Кыргызстандагы энергетикалык кризиске көңүл бурду. Борбор Азия: АКШ Орусия менен Кытайга атаандашпы? Wall Street Journal басылмасы 28-сентябрда Ак үйдөгү булактарына таянып жазгандай, Борбор Азиядагы орус базаларына... Читать дальше...

Бадахшанда жанкечтилердин атайын батальону түзүлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүк-чыгыш аймагында жанкечтилердин атайын батальону түзүлгөнүн Бадахшан провинциясынын вице-губернатору Молдо Ахмади журналисттерге билдирди. Атайын батальон Ооганстандын чек араларында, негизинен Кытай жана Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясында дислокация болот. Вице-губернатордун айтымында, жанкечтилердин армиясы мурдагы өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнө сокку урган күчтөр менен барабар. Ал жанкечтилерди эр жүрөк согушкерлер деп атап, "жандан кечүү менен гана АКШнын аскерлерин кыйратууга" мүмкүн болгонун айтты. Читать дальше...

Жапаров: Акысыз вакцинаны албай кайдыгерлик кылып жаткандар бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бир катар маселелер боюнча пикирин жазды. Алардын бири - өлкөдөгү коомдук кырдаал, коронавирус пандемиясы учурундагы экономикалык абал, кымбатчылык. Мамлекет башчы кымбатчылык Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатканын, буга бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин билдирген. "Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшүп, казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу... Читать дальше...

Экзитпол: "Грузин кыялы" алдыда

Azattyk.org 

Грузиядагы шайлоонун жүрүшүнө бир нече уюмдар сурамжылоо жүргүздү. Ушул тапта 47,6% менен "Грузин кыялы" партиясы алдыда. Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы 27,1 пайыз добушка ээ болду. Мурдагы өкмөт башчы Георгия Гахариянын "Грузия үчүн" партиясы 6,8% добуш алды. Бул маалыматтарды сурамжылоо жүргүзгөн Gorbi компаниясына таянып, Imedi со телекомпаниясы кабарлады. "Мтавари архи" телеканалы Ipsos институтунун маалыматы боюнча "Грузин кыялы" - 38,6%, "Бирдиктүү улуттук кыймыл" - 33%... Читать дальше...



Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Кабинет Артиста – подключение и настройка на различных музыкальных стримингах.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина напугала болельщиков перед защитой титула



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Жизнь

Одна из целей неофашистского Азербайджана - уничтожение Христианства



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России