Ооганстандан аял спортчулар чыгарылды
Футбол жана баскетбол боюнча аялдар командасына тиешеси бар алтымыштай оогандык жаран өлкөсүнөн чыгарылып, Катарга жеткирилди. Алардын көбү аялдар жана балдар. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 21-октябрда билдирди. Уюм Катар бийлигине "аярлуу топко кирген бул адамдардын коопсуздугун камсыздап, колдоп бергени үчүн" ыраазычылык билдирди. Өткөн аптада ФИФА Катар өкмөтү менен биргеликте Ооганстандан жүздөй футболчуну, анын ичинде аялдар командасынын мүчөлөрүн үй-бүлөлөрү менен чыгарып кетүүнүн үстүндө иштеген. Читать дальше...