Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 15.10.2021

Атайын кызмат "фарммафиянын" сары изине түштү

Azattyk.org 

Атайын кызмат мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектүү катары кармалганын кабарлады. Дары-дармек базарындагы абал боюнча маселе 13-октябрда парламентте да көтөрүлгөн. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикадагы мафияга мамлекеттик кызматта иштегендер дагы аралашып кеткенин белгилеп, “мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алган” деп айткан. Атайын кызмат 15-октябрда... Читать дальше...

Путин Ооганстандын КМШ менен чек арасында террорчулар топтолуп турганын айтты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы "Ислам мамлекет" террордук тобу өз таасирин Борбор Азияга жайылтууну көздөп турганын билдирди. Ал мындай сөзүн 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар кеңешинин онлайн жыйынында айтты. Анын айтымында, Ооганстандын түндүгүндөгү КМШ менен чек аралаш аймактарда "Ислам мамлекети", "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Жамаат Ансарулло", "Аль-Каида" сыяктуу экстремисттик жана террордук топтор топтолуп турат. Бирок Путин мындай маалыматтын чоо-жайын түшүндүргөн жок. Читать дальше...

Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кеткенине бир жыл болду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда, өз арызы менен кызматтан кеткенине бир жыл болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ал ортодо Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намаз маалында жардыруу болду.



Кыздарды шыктандырган чемпиондор

Azattyk.org 

Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык үч кыз барып, үчөө тең байгелүү кайтышты. Бул кыргызстандыктарды кубантып, күрөшкө кызыккан кыздарга өзгөчө дем берди.

Ошто мурдагы милиция кызматкери окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 1996-жылы туулган жаран 15 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, бир айга камакка алынганын билдирди. Ош ШИИБдин маалыматында, кылмышка шектүү киши кызга бычак такап коркутуп зордуктаган. "Шектүү 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардагы түнкү эс алуу жайларынын биринде жабырлануучу менен таанышкан. Андан соң кызды "Анар" кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында өз автоунаасы менен алып барып, кыздын эркине каршы... Читать дальше...

Англияда парламент депутаты бычакталып өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Англиянын чыгышындагы Ли-он-Си шаарында консерваторлор партиясынын депутаты Дэвид Амесс бычакталып өлтүрүлдү. 15-октябрда өзүнүн округундагы чиркөөдө шайлоочулар менен жолугушуп жаткан депутатка белгисиз бирөө кирип келип, бычак урганын британ полициясы билдирди. Эссекс аймагынын полиция кызматкерлери бул окуяга байланыштуу бир эркек киши кармалганын, азырынча башка шектүүлөр жок экенин маалымдашты. "Ага бир нече жолу бычак сайылган", - деп айтты "Reuters" агенттигине окуяга күбө болгон жергиликтүү кеңештин мүчөсү Жон Лэмб. Читать дальше...

Түркмөнстан: коронавирус миңдеген кишинин өмүрүн алган

Azattyk.org 

Коронавирустун таралышы жашырылып келген Түркмөнстанда 25 миңден ашуун адам COVID-19дан каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы ишенимдүү булагына таянып, маалымат жарыялады. 2020-жылдын март айынан, пандемия жайылган күндөн тартып Түркмөнстанда илдетти жугузгандардын арасынан 25 миңден ашуун адам коронавирустан каза тапкан. Мындай көрсөткүч түркмөн бийлиги коронавирустун жайылышын моюнга албай келген жагдайда биринчи жолу купуя жарыяланды. Читать дальше...

Кандагар мечитиндеги жардырууда каза болгондордун саны өсүүдө

Azattyk.org 

Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намазы маалында болгон жардыруудан мерт болгондордун саны 32 кишиге жетти. Дагы 50дөн ашуун адам жараат алганы кабарланууда. Бул тууралуу шаардын борбордук ооруканасынын дарыгерлери "Франц-пресс" маалымат агенттигине билдирди. Ага чейин "Талибан" кыймылынын өкүлү Билал Карими 15-октябрдагы жардыруудан жабыркагандар көп экенин айтып, окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берген эмес. Айрым маалымат каражаттары Кандагардагы мечитте жанкечти өзүн жардырышы мүмкүндүгүн жазып жатышат. Читать дальше...



Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Акын Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык маарекесине арналган салтанат Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сүйүнбай Эралиевдин ырларын кайрадан китеп кылып басып чыгарууну жана анын ысымы менен поэзия жаатында сыйлык уюштурууну көздөп жатканын иш-чаранын жүрүшүндө маалымдады. Маараке акын Эралиевдин ырларын... Читать дальше...

Жээнбековдун отставкасына бир жыл

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда өз арызы менен кызматтан кеткенине бир жыл толду. Былтыр ушул күнү өлкө саясий кризиске батып турганда Жээнбеков президенттикти учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаровго өткөрүп берген. Сооронбай Жээнбековдун кызматын тапшырышынын жагдайлары ушул убакка чейин ачыкка чыга элек. Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетиши кийинки бийлик үчүн сабак болобу? Жээнбеков бийликтен кандайча кетти эле? ... Читать дальше...

Бишкек: айдоочулар жок болгондуктан жаңы автобустар каттамга чыкпай жатат

Azattyk.org 

Мэрия жарандарды коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугунан улам жаңы келген 210 автобус толук каттамга чыгарылбай жатканын билдирди. Азыр Өзбекстандан алынып келген жаңы автобустун 90у гана каттамга чыгып жатат. Расмий маалыматка караганда, 210 автобус "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын менчиги. Мэрия жогоруда көрсөтүлгөн компанияга жеке ташуучу катары кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык каттамдарды аутсорсингге берген. Ушул жылдын аягына... Читать дальше...

Түркия "Талибандын" бийлигин тааныбай турганын билдирди

Azattyk.org 

Түркия Ооганстандагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгын, бирок "Талибандын" бийлигин (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынды) расмий түрдө тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу талибдер түзгөн ооган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен 14-октябрда Анкарада жолуккандан кийин билдирди. "Биз ушул күнгө чейин эл аралык коомчулукка "Талибан" бийлиги менен байланыш куруунун маанисин түшүндүрүп келдик. Читать дальше...

Бишкекте 18-октябрдан тартып жаңы автобустар каттамга чыгат

Azattyk.org 

18-октябрь, дүйшөмбү күнү 30 жаңы автобус линияга чыгат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдирди. Автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча жүрөт. Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты. Жаңы автобустар Биримдик - Бакай-Ата, Дордой базары - Эне-Сай - Чоң-Арык айылы, Шоро фирмасы - Жеңиш конушу багытында каттамга чыгарылат. Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын... Читать дальше...

Президент Жапаров Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров көп улуттуу ооган элине ар тараптуу жана азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында мамлекет башчы бүгүн, 15-октябрда видеоконференция форматында өтүп жаткан КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. "Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан ары курчушу Ооганстанда... Читать дальше...

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

Azattyk.org 

“Кыргыз темир жолу” мекемеси кабарлагандай, Боом капчыгайында 18-октябрдан 22-октябрына чейин атайылап таш кулатылат. Бул үчүн тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылды. Кырсыктардын алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 15:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат. Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Жолду тазалоо учурунда жолдун бир багыттуу тилкеси гана ачык болот. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Читать дальше...

Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Акыркы жылдары ата мекендик адистердин дүйнөлүк спорт аренасынын бийик чокусунда Кыргызстанды таанытып, ири мелдештерде калыстык кылганы өлкөгө сыймык алып келүүдө.

ТИМ: Түркияда 18 жаштагы кыргыз жараны каза болду

Azattyk.org 

Түркияда турак үйдүн бешинчи кабатынан кулап каза болгон кыргызстандык жарандын жакындарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын бүгүн 15-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 14-октябрда Анталия шаарында, 18 жаштагы кыргыз жараны убактылуу жашап жаткан үйдө болгон. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген, операция жасалганына карабастан бүгүн эртең менен көз жумган. Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Читать дальше...

Грузия: Саакашвили үчүн митинг

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин боштондугун талап кылып 14-октябрдын кечинде миңдеген адам Тблисинин аянтына чыкты. Саакашвили октябрдын башында Грузияга келери менен камалган. "Мишага боштондук!" "Мишага боштондук!" деген ураан чакырып, улуттук желектерди көтөргөн түмөндөгөн демонстранттар бейшемби күнү кечинде баш калаанын чок ортосундагы Эркиндик аянтына, башкы Руставели атындагы чоң көчөгө чыгышты. Алардын бири Леван Бутхузи өлкөсүндөгү акыйкатсыздыкка чыдабай калганы үчүн көчөгө чыкканын айтты... Читать дальше...

Аскар Акаев “Алтын балалыкка” 1 млн сом которгону кабарланды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаев Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун курулушун аяктоо боюнча марафондун эсебине 1 миллион сом которду. Бул тууралуу 15-октябрда Орусиянын окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын өкүлү Арстан Талгарбековго таянып Vesti.kg басылмасы жазды. Талгарбековдун айтымында, бул акчаны Акаев илимий иштери боюнча грант катары алган. Марафон бүгүн 15-октябрда Бишкекте өттү. Ага катышкан президент Садыр Жапаров 500 орунга эсептелген борбордун бир блогун Араб фонду... Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

«По своей натуре девочка интеллигентная»: какой растет дочь Тимати с особенностями развития





Rss.plus
#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» ПРАВИТ МИРОМ?! Раскрыт реальный смысл Мавзолея на Красной площади России в Москве.




Раис Татарстана Рустам Минниханов встретился с Президентом Гвинеи-Бисау Умару Сисоку Эмбало

Politico: Пентагон принял решение о полном выводе военных США из Нигера

Синоптик Ильин: рост температуры в Московском регионе начнется в 20-х числах мая

В Московском зоопарке уличного кота сняли с дерева в вольере с волками




Түркиядагы мигрант: айлык азайды

Azattyk.org 

14-октябрда Түркияда бир доллар тогуз лирага көтөрүлүп, жыл башынан бери 20% кымбаттады. Өлкөдө доллардын кымбатташы азык-түлүккө жана жол киреге да таасирин тийгизүүдө. Ал эми Түркиядан дүңүнөн товар алгандарга тескерисинче, "пайдалуу" болуп жатканы айтылууда. Төрт жылдан бери Анталия шаарында иштеген Жылдыз айлыгын түрк лирасы менен алат. Ай сайын маянасын долларга которуп Кыргызстанга салат. Жылдыз түрк лирасынын куну кеткени кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизип жатканын айтат. "Учурда... Читать дальше...

Кыргызстанга ооган студенттери келе баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанга ооган студенттери билим алуу үчүн келе баштады. Жаңы окуу жылы башталгандан бери Борбор Азиядагы Америка Университетине 200дөй ооган студенти келди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Динара Орозбаева "Азаттыкка" билдирди. "Ооганстандан студенттер атайын программанын алкагында 2012-жылдан баштап келип окуп жүрүшөт. Алар татаал сынактан өтүп, тест тапшырышат. Азыр каникулга кеткендер, быйыл программа менен окууга тапшыргандар келип жатышат, дагы толук келип бүтө элек. Читать дальше...

Сот Сарпашевдин кайра кармалган себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, учундай чечим чыгарды. Аталган соттон кабарлашкандай, мурдагы чиновник үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек... Читать дальше...

Ооганстан: Кандагардагы шииттердин мечитинде чоң жардыруу болду

Azattyk.org 

15-октябрда Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намазы маалында чоң жардыруу болду. "Талибан" кыймылынын басма сөз өкүлү Билал Карими жардыруудан жараат алгандар жана мерт болгондор көп экенин билдирип, иликтөө жүрүп жатканын айтты. Ал окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берген жок. Reuters жана Associated Press сыяктуу эл аралык маалымат агенттиктери жарылуудан кеминде 7 адамдын өмүрү кыйылганын, 13 киши жарадар болгонун жазып жатышат. Кандагардагы борбордук оорукананын дарыгери да бул маалыматты ырастады. Читать дальше...

"Сен күрөшөсүңбү?" деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Сезим Жуманазарова — Кыргызстандагы жаш, көптү үмүттөндүргөн балбан кыздардын бири. Көпчүлүктү суктанткан ажарлуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду.



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Виктория Азаренко

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Лукашенко рассмотрит заявление об убежище от польского суди Шмидта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России