Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 05.10.2021

Балбан Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 6-октябрга караган түнү 62 килограмм салмакта финалда америкалык Кайла Колиин Кийоко Мираклды 7:0 эсебинде жеңип алды. Читать дальше...



Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилди. Акматалиев буга чейин 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Читать дальше...

Депутат Никитенко өкмөттүн кышка даярдыгын сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Министрлер кабинети өлкөнүн кышка даярдыгы жөнүндө маалымат бербей жатканын айтып, сынга алды. Эл өкүлү бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Азыркы мезгилде өлкө парламенти коомчулукту тынчсыздандырган суроолорду талкуулоочу жер болбой калды. Биз Министрлер кабинетинен жооп ала албай жатабыз. Кыш жакындады. Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча отчету кана? Көмүр боюнча көйгөй барбы? Мектеп, ооруканалар даярбы? Аларга бул кызыксыздай сезилет”, - деп жазды депутат. Читать дальше...

Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясына кызматка барды

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕАЭК сайтында кабарланды. Алтынай Өмүрбекова - Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. 2018-жылдан 2020-жылдын апрель айына чейин вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы 1-апрелде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Читать дальше...

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт

Azattyk.org 

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта жарым финалда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европа чемпиону эстониялык Эпп Мяени 3:3 эсебинде жеңилди. Беттештин 1-айлампасына эки балбан упай ала алган жок. 2-айлампада экөөнө тең пассивдүү аракети үчүн эскертүү берилип, бирден упай эсептерине жазылды. Читать дальше...



"Мугалимге мамиле кандай болсо, келечек ошондой"

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-октябрда мугалимдер күнү белгиленди. Бул күндүн урматына өлкө боюнча бир катар агартуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан өлкөдө 82 миң окутуучу болсо, мектепке дагы эки миңден ашык мугалим жетишпейт. "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагын Ош шаарындагы №52-лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамурзаев жеңип алды. Мугалимдик кесиптин кадыры маянаны жогорулатуу менен артып кетпейт дейт жаш агартуучу. "Айлыкты көбөйтөлү деген жакшы. Бирок бардык эле маселе буга байланыштуу эмес. Читать дальше...

Шаардагы мектептерде бир мугалимге 20 окуучу туура келери кабарланды

Azattyk.org 

Өлкөдөгү мектептерде мугалимдердин жүгү оор бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Мекеменин эсебинде, шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо жыйырма, айылдарда он беш окуучу туура келет. Учурда мектептерде 82 миңден ашык мугалим иштейт. Өлкө боюнча 2296 жалпы билим берүү мекемелери бар. Мугалимдердин 85% ашыгын аялдар түзөт. Кыргызстанда бир класста 30дан ашык окуучу окуган учурлар көп кездешет. Мындай көрүнүш ири шаарларда, жаңы конуштарда байкалары айтылып келет. Читать дальше...

Жапаров: Заманбап билим – окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, педагог өлкөнүн тиреги экенин белгилеп, аларсыз туруктуу коомду, демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эмес деди. “Заманбап билим берүү жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо экендигине ынандым. Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын биздин балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт”, - деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда. Читать дальше...

Бензин дагы кымбатташы мүмкүн

Azattyk.org 

2020-жылдагы Октябрь окуяларына бир жыл толду. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын жазды. Грузияда абакта ачкачылык кармаган мурдагы президент Михаил Саакашвили өзүн "Путиндин туткунумун" деп атады.

"Салык азайбаса, күйүүчү май дагы кымбаттайт"

Azattyk.org 

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы “өлкөдө күйүүчү майлардын наркы дагы өсүшү мүмкүн” деген билдирүү жасап, бааны туруктуу кармоо үчүн өкмөттөн жеңилдиктерди сурады. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп болушу ыктымал. Бензин менен дизель Кыргызстанда ансыз кымбаттаган. ОПЕК уюмунун саясаты  5-октябрдагы басма сөз жыйынында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов алгач мунай рыногундагы жалпы жагдайга түшүндүрмө берди. Читать дальше...

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делген 68 жаштагы казак жараны кармалганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызмат шектүү буга чейинки сотко чейинки териштирүү материалынын негизинде кармалганын кабарлады. "Шектүү буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык, уюшкан кылмыштуу топ түзүү, Казакстан, Кыргызстан жана КМШ мамлекеттеринин аймагында уурдалган кымбат баалуу... Читать дальше...

Октябрь окуясына бир жылдан кийинки баа

Azattyk.org 

Октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, окуяда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына Бишкектен эки бөлмөлүү батир берди. Окуяга байланыштуу мамлекеттик деңгээлде иш-чара өткөрүлгөн жок. Ал окуяларда жараат алгандар Ак үй астына чогулуп, каза тапкан Үмүтбек Алтынбек уулун эскерип, куран окушту. 5-октябрь - парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык митинги башталып, бийликтин алмашуусуна алып келген күн. Ага карата Октябрь окуясынын... Читать дальше...

Рахмон менен Путин Ооганстандагы кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

5-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганын Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Бул эки лидердин телефондук сүйлөшүүсү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сентябрь айынын соңунда Дүйшөмбү менен “Талибандын” өкмөтүн жарашууга чакыргандан кийинки биринчи түз баарлашуусу. Талибдер менен диалогду колдогон Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду Кабулдагы “Талибандын”... Читать дальше...

"Центерра Голд" кыргыз бийлигин сындаган билдирүү таратты

Azattyk.org 

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы "Кумтөр кенин биз иштетип жаткан учурда экологиялык, иштөө тартиби жана экономикалык эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, учурда кыргыз бийлиги негизсиз маалымат берүүдө" деген билдирүү таратты. Беш барактан турган кенен билдирүүдө "Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда, ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон", - деп айтылат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Жанна Агузарова

Жанна Агузарова начала петь в подземных переходах





Rss.plus
Саммит

Саммит Евразийского экономического союза в Москве. Главное




В День Победы у мемориальных комплексов в Красногорске почтили память героев

Глава Дмитровского городского округа осуществил мечту детей героев СВО

Северянка Лада Еськина – бронзовый призер первенства России по боксу

В Болгарии начали инвентаризацию запасов НПЗ ЛУКОЙЛ Нефтохим Бургас




Румыниянын өкмөтү отставкага кетти

Azattyk.org 

Румыниянын парламенти Флорин Кыцу жетектеген өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, толук курамы менен кызматтан кетирди. Бул демилгени румын парламентинин 281 депутаты колдоду. Буга чейин өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин парламентте Румыниянын Социал-демократиялык партиясы көтөргөн. Аны кийин Румынияны сактоо союзу менен Румындар биримдиги үчүн альянсы колдоп чыккан. Румынияда саясий кризис премьер-министр Флорин Кыцу юстиция министри Иона Стелиананы кызматынан алгандан кийин, быйыл сентябрь айында эле башталган болчу.

Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти

Azattyk.org 

Айрым партиялар менен кыймылдар "Намыс жана Тартип" коалициясын түзүп, парламенттик шайлоого бирге бармай болду. Коалицияга "Ар-Намыс", "Улуттар" биримдиги", "Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы" жана "Мекендештер", "Элдик көзөмөл", "Көзөмөл" "Мекен сакчысы" кыймылдары кирген. Бул маалыматты "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, партия лидерлери Феликс Кулов ("Ар-Намыс"), Мелис Мырзакматов ("Улуттар" биримдиги"), Артур Медетбеков ("Кыргызстан... Читать дальше...

Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

5-октябрда – Ош шаарынын күнү белгиленип, тургундар калаанын 3021 жылдыгын майрамдашты. "Азаттык" Дастан Үмөтбай уулу менен Азамат Алымкулов тарткан сүрөттөр топтомун сунуш кылат.

Акыйкаттык издегендер Оштон Бишкекке жөө жөнөдү

Azattyk.org 

Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын беш тургуну президентке, УКМК төрагасына даттануу үчүн Оштон Бишкекке жөө жөнөдү. Алар мамлекеттик органдар турак жайын буздуруу чечимин чыгарганын айтууда. Жергиликтүү бийлик тургундардын үйүн буздуруу боюнча чыгарган чечими "мыйзамдуу болгон" дейт. Оштон 1-октябрда борбор калааны көздөй жөө чыккан Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары 4-октябрда Жалал-Абадга жеткенин билдирди. Алар сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын жазып алышкан. Жүрүшкө чыккандардын... Читать дальше...

"Талибан" тажик жоочуларын курал менен камсыздады

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы жоочуларды соңку эки жумада жаңы аскердик техника, курал-жабдык менен камсыздады. Бул тууралуу Тажикстандын коопсуздук күчтөрүндөгү булактар "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришти. Талибдер Ооганстан менен Кытай чек арасындагы уйгур жоочуларды башка аймакка көчүрүшкөнү маалым болду. Тажикстандын Чек ара кызматынын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Ооганстандын түндүгүндөгү... Читать дальше...

“Казакстан сулуусу”, Назарбаевдин “жубайы”: Асел Курманбаева ким?

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин “үчүнчү жубайы” делген Асел Курманбаева жана экс-президенттин чөйрөсүндөгү эки кишинин ысымы “Пандора кагаздары” иликтөөсүндө айтылды. "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) ырастагандай, Курманбаева жашыруун офшордук келишимдер аркылуу миллиондогон доллар иштеп тапкан. Pandora Papers иликтөөсүндө айтылган Асел Курманбаева тууралуу эмне белгилүү? 40 жаштагы Асел Курманбаева – “Астана Балет” мамлекеттик театрынын арт-менеджери. Читать дальше...



Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкову спасли на Мальдивах после новости о рождении сына у Вдовина




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

На Красную горку и Радоницу запустят бесплатные автобусы в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России