УКМК төрагасы протокол чыры боюнча маалымат берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы маалымат жыйында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын башчысы, депутат Адахан Мадумаровдун сурак бериши боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди. "Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча менде эч кандай юридикалык маалымат жок. Себеби, ал иштин баарын Башкы прокуратура тергеп жатат. Ошондуктан иштин жагдайлары, анын толуктоолору, андагы иш-аракеттердин баары ошол иштин ичинде болот. Читать дальше...