Ысык-Көл: Эс алуу жайларына жаңы санитардык эреже боюнча иштөөсүнө уруксат берилди
Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрүнүн иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.
Туризм департаменти, коронавируска каршы облустук штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте пансионаттар менен менчик конок үйлөрүнүн коронавирус шартында иштөөсү тууралуу атайын эрежелерди иштеп чыккан. Аларга ылайык, көл жээгиндеги туристтик объектилер текшерилип, санитардык нормаларды сактагандарына ишти баштаганга бүгүн 1-июндан тартып уруксат берилди. Даярдыкты атайын түзүлгөн комиссия текшерип чыкты.
29-майда күчүнө кирген жаңы эрежелер боюнча эс алуучуларды кабыл алуу тартиби, пансионат жана конок үйлөрүнүн санитардык абалы, эс алууну уюштуруу тартиби сыяктуу отуздан ашык талап каралган.
Ысык-Көлдөгү пансионаттар жана конок үйлөрү коронавируска каршы облустук штабдын чечими менен быйыл 16-мартта жабылган болчу.
Ысык-Көл районунда 191 пансионат жана 300дөн ашык жеке конок үйлөрү бар. Аларда өткөн жылы 1 миллион 100 миңдей адам эс алып кеткен.
18-марттан 1-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1817 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болгон, 1181 бейтап айыгып кетти.
Облустар боюнча алып караганда эң көбү Бишкек шаарында – 457 адам. Нарын облусунда 372, Ош облусунда 219, Ош шаарында 191, Жалал-Абад облусунда 162, Чүй облусунда 133, Баткен облусунда 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам.
Мындан тышкары Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттары, курсанттар жана башкалардын арасынан вирус табылгандардын жалпы саны 240 адам. (KS)