Кабул жана «Талибан» туткундарды бошотуп жатышат
Ооган өкмөтү жана «Талибан» кыймылы туткундарды айырбаштоону улантып, бир топ кишини бошотушту. «Ишембинин кечинде бийлик Парван аймагындагы Пул-и Чархи түрмөсүнөн жана бир нече кармоочу жайдан 710 талиб туткунду коё берди», - деп билдирди өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавид Файзал.
АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү февралдын аягында тынчтык келишимине кол койгондон бери Кабул өкмөтү бошоткон талибдердин саны бардыгы болуп 2 700гө жакындады. Кыймылдын Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухаил Шахин Балх, Кундуз, Лугар, Пактиа, Хост жана Пактика провинцияларында 30-майда ооган коопсуздук күчтөрүнүн 73 жоокери эркиндикке чыкканын билдирди. Анын айтымында, азырынча «Талибан» 420 туткунду эркиндикке чыгарды.
Сөз болгон тынчтык келишимине ылайык, Кабул бийлиги беш миң, талибдер бир миң туткунду коё бергенден кийин 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуш үчүн оогандардын өз ара диалогу башталмакчы.