Чечмедеги чатакта ондогон киши ооруканага кайрылды
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Чечмедеги чатакта 25 киши жаракат менен Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылганын билдирди. Алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканы, анын экөө операциядан кийин оор абалда экени маалым болду. Калган 21 адам алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.
31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан.
«Озодлик» радиосу таш атышуудан 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургунунун маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.
Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, «кырдаал толук көзөмөлдө» деп маалымдады.
Кырдаалды жөнгө салыш үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу адамдары жолугушуп жатышат. (NT)