Блогердин добуш берүүнү уяткарган посту талкуу жаратты
Журналист жана видеоблогер Юрий Дуддун Орусиянын Конституциясын өзгөртүүгө добуш берүүнү уяткарган Инстаграмдагы постун 1 миллионго жакын адам жактырды.
“ВДудь” деген каналдын автору “Добуш берүүнүн жалгыз эле мааниси бар – бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга мүмкүнчүлүк берүү” деп белгилеген.
Дудь өзүнүн постуна кошуп орус президентинин 2008-жылдагы маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндүнү да кошо тиркеген. Анда Путин үчүнчү жолу президенттикке барбай турганын жана Конституцияны өзгөртпөө керектигин, "бийлик бул көнүмүш адатка айланып кете турган эң коркунучтуу көз карандылык, менде андай сезим жок" деп айтканы көрсөтүлгөн.
Дудь азырынча добуш берүүгө бойкот жарыялоону же каршы добуш берүүнү чече электигин жазган.
Орусиянын президенти Владимир Путин Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдумду 1-июлга белгилеген.
Өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин дагы 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Бул добуш берүүгө каршы Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп келген.
67 жаштагы Путин өлкөнү 20 жылдан ашык жетектеп келет.
Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн аны добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдого тийиш. Референдум адегенде 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган.