Өкмөт саламаттык сактоо системасына окуу жайлардын мугалимдерин тартууну пландап жатат
Кыргызстанда пандемия шартында медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп, буга байланыштуу кошумча ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыкты.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова өткөргөн жыйында сөз болду.
Кеңешменин жыйынтыгында, Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигине жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларга, түз байланыш борборлоруна, саламаттык сактоо мекемелерине иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды.
Учурда социалдык тармактарда дене табы көтөрүлгөн жарандар тез жардам, мобилдик топторду чакыра албай жатканын тынбай жазып жатышат.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 556 учур катталды, алардын ичинен 387си айыгып, ишине кайткан.
Коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки дарыгер каза тапкан. (TSh)