Путин менен Лукашенко советтик жоокердин эстелигин ачышты
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 30-июнда Ржев шаарында советтик жоокердин мемориалын ачышты. Орусиянын Тверь облусуна караган бул аймакта 1941-43-жылдары советтик жана немис жоокерлеринин ортосунда айыгышкан кармаш болуп, союздук өлкөлөр тараптан эле миллиондон ашуун адам өлгөн.
Ржев шаарындагы эстеликтин ачылышына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышарын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 24-июнда “Азаттыкка” билдирген. Эртеси эле Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүнү четке кагып, аталган иш-чарага президент Жээнбековдун катышары пландалбаганын маалымдаган. Ошондон соң “Кабар” агенттиги Стамалиевага шилтеме кылып, мамлекет башчынын Орусия сапары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун жазган.
Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн кайчы билдирүүлөрү, ошондой эле Жээнбековдун 24-июнда Москвага барганы менен андагы парадга катыша албай калганы коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан.
Президент Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңешке келип, билдирүү жасады.