Бишкекке Кувейттен 102 кыргызстандык жаран келди
Кыргызстандыктар Кувейттен 30-июнда «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын Эль-Кувейт-Бишкек багытындагы чартердик каттамы менен учуп келишти. Алардын ичинде Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн кыргызстандыктар да келишти.
Учуп келген жарандар тиешелүү алгоритмге ылайык, медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иштер уланып жатат.
Пандемия жарыяланган март, апрель, май, июнь айларында Кыргызстанга 15 миңден ашуун кыргызстандык жарандар дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнөн алып келинген. Алардын 12 миңден ашууну Орусиядан жеткирилген. (ZKo)