Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Ташиев менен Матраимов катышкан той талаш-тартыш жаратты

0
Ташиев менен Матраимов катышкан той талаш-тартыш жаратты

Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы отурумунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Коррупция” беренеси боюнча соттолуп, 2 млрд. сом төлөп берген бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тойдо болгону тууралуу талаш-тартыш жаралды.

Талкуу депутат Дастан Бекешевдин “Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү “кустуризация” болуп жаткандар менен тойдо бир столдо отуруп, жаман үлгү көргөзүп жатканын айткандан кийин башталды.

“Мен адам капиталынын чыгып кетип жатканы боюнча эмне кылыш керек, уккум келет. Саламаттык сактоо министри уу коргошун ичүүнү сунуштап, Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү “кустурган” адамдары менен тойдо бир столдо отурганын көрүп, көпчүлүк жаштардын көңүлү калып, өлкөдөн кетүүнү каалап жатат. Жаштар үчүн өзүңөр туура үлгү көрсөтсөңөр”.

Кызматтык этика же той ээсинин катасыбы?

Жакында Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкектеги ресторандардын биринде уулун үйлөнтүп, той берген. Ал тойдо Камчыбек Ташиев менен Райымбек Матраимов конок катары катышып, куттуктоо сөзгө чогуу чыкканы интернетте кызуу талкууланган. “Коррупцияга каршы күрөшүп жаткан мекеменин башчысы ири коррупционер экенин моюнуна алган адам менен бир иш-чарада жүргөнү канчалык туура?” - деген суроолор коюлган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Дастан Бекешевге жооп берип жатып, Матраимов менен бир столдо отурбаганын, аны эч ким калкалабай турганын билдирди.

“Биринчиден, Райым Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Экинчиден, мен чыгып, сөз сүйлөп, кете бердим. Үчүнчүдөн, отурган болсом да, жаман бир нерсе кылдым деп ойлобойм. Себеби, ал башкалардан айырмаланып, 2 миллиард сом төлөдү. Эгер анын башка да мыйзам бузууларын тапсак, дагы төлөйт. Эч ким аны калкалабайт. Бажыдагы схемаларды токтотуп жаткандыктан 150 миллиард сомдон ашуун бюджетке түшүүдө”.

Камчыбек Ташиев башкарган атайын кызмат Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзүшкөнүн билдирген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөнү белгилүү болгон.

Анын ишин Биринчи май райондук соту 11-февралда карап, "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөсүн моюнуна аларын айткан.

Атайын кызмат Матраимовду ушул жылдын 18-февралында камакка алып, кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана Матраимов эркиндикке чыккан.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова атайын кызматтын башчысы жоопко тарткан адам менен бир тойдо болушу туура эмес деп эсептейт.

“Матраимов күнөөлүү деп айыпталган. Ташиев жетектеген кызмат кармап, тергеп, сот өкүмү чыгып, акча төлөтүп анан отура берген күндө деле өөн нерсе көргөн жокмун деп атпайбы. Өнүккөн өлкөдө атайын кызматтын башчысы аты чыккан кылмышкер менен отуруп көрсүнчү, ошол замат кызматтан кетет да”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева тойдо болгон окуядан трагедия жасабоо керек экенин айтат.

“Үйлөнүү той ата-эне үчүн дагы, жаштар үчүн дагы бактылуу күндөрдүн бири. Кубанычты бөлүшсүн деп Камчыбек Ташиевди чакырса, ошону менен бирге Райым Матраимов менен мамилеси болсо чакырды да. Тойго, куран окутууга барганда кимдер келет билбейсиң да. Ошондуктан мындан өөн нерсе издебеш керек. Муну жөнөкөй эле кыргыздын салтына байланыштуу нерсе катары кабыл алыш керек. Мен деле оппозициядагы адамдар менен кээде отуруп калам. Андан трагедия жасабайм”.

Ал эми президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тойдогу көрүнүш чоң талкууга калганына той ээсин айыптады.

“Кыргыз салтында “чакырган жерден калба, чакырбаса барба” деген жакшы сөз бар эмеспи. Ошого карап Камчыбек Ташиев ал тойго барса керек. Баргандан кийин той ээси кызматтык этиканы кармаса болмок. Ташиев атайын кызматты жетектеп жаткандан кийин бөлөк сөз берсе болмок. Ошондуктан той ээсинен, анан алып баруучудан ката кетип калды окшойт. Ташиев той ээсине коррупционерлерди, Матраимовду чакырба деп айта албайт да. Тойдогу көрүнүш талкууланып жатканы кантсе дагы өтө чоң кызматта иштеген адам менен өтө чоң коррупционердин ортосунда болгон окуядан улам болуп жатат окшойт”.

Болушкан депутаттар

Жогорку Кеңештеги суроо-жоопто Дастан Бекешевге атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өктөм жооп бергенден кийин депутаттар Шайлообек Атазов, Махабат Мавлянова, Айбек Осмонов, Бактыбек Райымкулов, Искендер Матраимов жана Марлен Маматалиев Бекешевди сынга алышты.

Депутат Шайлообек Атазов менен Бактыбек Райымкулов Матраимовду коргоп чыгышты.

“Мына Райымбек Матраимов деп атасыңар. Райымбек Матраимовго окшогон менеджерлерди алып келип коюш керек. Анын алдында отуруп койсо эмне болуптур, кылмышкер болуп калыптырбы? Батукаевди жетелеп алып чыгып бергендерди эмнеге айтпай жатасыңар?”, - деди депутат Шайлообек Атазов.

Ал эми депутат Бактыбек Райымкулов бийликке сын айткандарды “бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын коргогондор” деп атап, аларга карата чара көрүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевден суранды.

"Биздин кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Мисалы, Райым Матраимовго окшогон. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди".

14-октябрда депутат Дастан Бекешев парламенттеги талкуу тууралуу социалдык тармактардагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда ал Министрлер кабинети тууралуу өз оюн айтып, аны жаштардын көбү мамлекеттен кетүүнү кыялданып жүргөнү, буга бийлик өз аракеттери аркылуу түрткү болуп жатканы менен аяктоону көздөп, мисалдарды келтиргенин жазган. Ал Ташиевдин сөзүнө жооп кайтарууну каалаганын бирок, конфронтацияга баргысы келбегенин кошумчалаган.

"Кийин мен Ташиев менен маселени чечиштим. Бирок менин кызматташтарым УКМКнын жетекчисине жагалдануу үчүн мени "боксчулардын мушуна" айлантышты", - деп жазды Бекешев.

Шайлообек Атазов менен Бактыбек Райымкулов Жогорку Кеңештин трибунасынан Райымбек Матраимовду маал-маалы менен колдогон билдирүүлөрдү таратып келет. Буга чейин депутат Мейкинбек Абдалиев дагы Бажы кызматын Матраимовдон кеңеш алууга чакырган.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек парламент трибунасын колдонуу менен Матраимовду актоо боюнча пландуу кампания жүрүп жатат деген ойдо.

“Матраимовду актоо кечээ гана башталган кампания эмес. Соттолгондон кийин Матраимов кетип азык-түлүк кымбаттады, жүктөр Казакстанга кетип калды деп элдин башын айлантып, "Матраимовсуз бажы жашабай калат" деген маанай жараткысы келип жатат. Кечээ айтылган сөздөр ошонун уландысы. Бирок депутаттар Матраимовдун уникалдуу мээсин иштетели деп айтып жатканда, коррупция менен күрөшүп жаткан Ташиев унчуккан жок да. Анын ордуна Дастан Бекешевге болбогон жерден атырылып жатат. Эки депутат сот менен ууру деп аталган, эң көп акча төккөн адамды өкмөткө алып келели дегенде унчукпаганы көп нерсени түшүндүрөт”.

Жаңы ишке кирген Министрлер кабинети быйыл бюджетти 280 миллиард сом менен жаап, кийинки жылы 400 миллиард сомго көбөйтө турганын жарыялады.

Өкмөт башына келген Акылбек Жапаров 13-октябрдагы парламент жыйынында бажы тармагындагы көмүскө схемадан олчойгон каражат мамлекеттик бюджетке түшпөй жатканын ырастап, кийинки жылы бажыдагы көмүскө схемаларды ачыкка чыгаруу менен бажы төлөмдөрүн 50 млрд. сомго көбөйтүүнү убада берди.

“Бажыдагы көмүскө иш-аракеттин бардыгы ачыкка чыгат. Президенттин буга эрки жетет. Кумтөргө жеткен буга кантип жетпей калсын. Ошондой карт-бланшты бизге берди. Бажы кызматы быйыл 50 миллиарддын тегерегинде чогултат дегенбиз, эмдиги жылы бажы төлөмдөрүн 100 миллиардга чыгарабыз”.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы бажы кызматын Кыргызстандагы эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп атаган.

Райымбек Матраимов жана анын жакындарын бардык жерде ачык колдоп-коргоп келген депутаттар Шайлообек Атазов менен Бактыбек Райымкулов былтыркы парламенттик шайлоого Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар делген "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан. Быйыл 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкер болуп баратышат.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников





Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о разделе сервиса RUSSPASS, который запустили к началу летнего сезона



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Рокер Шнуров на «Новой фабрике звезд» пристыдил певца Киркорова за Евровидение




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Чья компания сильнее всех?

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве

Гонки на яхтах и практики лидеров рынка: предприниматели Татарстана станут участниками образовательной регаты в Москве


ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Санкт-Петербург не смог обойти Москву в рейтинге жизни населения



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России