“Мен–Малала” - билимдин баркын сездирген китеп
![“Мен–Малала” - билимдин баркын сездирген китеп](https://gdb.rferl.org/fe0121ed-95ef-4b22-a74e-b7e7a0b738cf_tv_w800_h450.jpg)
13-октябрда Кант шаарындагы Чүй облустук китепканасында "Мен - Малала" аттуу китептин кыргызча котормосунун бет ачары өттү. Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, китепти кыргыз тилине которгон Бактынур Абдиева жана “Гүлзар” мектеп-медресесинин окуучу кыздары катышты. Китепте бүткүл дүйнөдөгү аялзатынын жалпы билим алуусун көздөгөн Малала Юсуфзай аттуу пакистандык жигердүү кыз тууралуу баяндалат.