Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Бишкек ЖЭБ керектелүүчү көмүрдүн 15% менен камсыз болду

0
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кампасында ушул күнгө карата 247 миң тонна көмүр даярдалды. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев “Азаттыкка” курган интервьюсунда билдирди.


“Акыркы күндөрү көмүр ташып келүүдө кечигүү бар, бирок такыр токтоп калды деген туура эмес. Кыргыз тараптан дагы, Казакстандан да ташып келүү уланып жатат. Ушул тапта күнүнө 5 миң тоннадан көмүр ташылып келүүдө. Азыркы көлөм Бишкек ЖЭБин кеминде бир-эки ай үзгүлтүксүз иштетип турууга жетет. Муктаждыкка жараша дагы ташылып келип турат”,- деди Айталиев.


Башкалаанын ЖЭБинин көмүрдү жылдык керектөөсү 1 млн. 650 миң тоннаны түзөт. Министрдин орун басары келтирген көлөм мунун 15% түзөт.


Талапка ылайык, керектелүүчү көмүрдүн миллион тоннасы жергиликтүү – Кара-Кеченин көмүрү болуш керек. Калганы Казакстандан импорттолот. ЖЭБ быйыл мындан сырткары “Газпром-Кыргызстандан” 68 миллион куб\метр газ алуу үчүн келишим түзгөн.


19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү таратып, Министрлер кабинетинин Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу тескемени чыгарган. Ал тескемеге ылайык, "Электр станциялары" акционердик коомуна таандык Бишкек ЖЭБдин от казандарын тейлөө милдети да көмүр алып келе турган Hampton Resources Limited компаниясына берилет. Президенттин расмий сайтына 20-октябрда бул маалыматты тастыктаган түшүндүрмө чыгып, абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү максатында ушундай чечим кабыл алынганы баяндалган.




2018-жылы январда ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн жылуулугу жок калган. Кийин ишкананын реконструкциясы боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон.


Кыргызстан боюнча жалпысынан жылына 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Мунун 1 млн. тоннадан ашуун бөлүгү калкка туура келет. 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилүү болгондой, ушул убакка чейин Кыргызстанда 500 миң тоннадай көмүр даяр болгон. (ErN)




 






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России