Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбаттайт

0
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы кымбатташы мүмкүн деген жоромолун бөлүштү.


Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.


“Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт”,-деди ал.


Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,-1,5 сомго чейин баа кошорун эскерткен эле. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Муну алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.


Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.


Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде "Газпромнефть-Азия", "Бишкек петролеум", "Роснефть", “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.


Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат. (ErN)




 






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России